Испанияда каскадёр, акробат, актёр катары таанылган Чыңгыз Асанбек уулу – кыргыздын уулу. Ал жаштайынан спорт менен машыгып, анын өтөсүнө чыгып турган учуру. “Бийиктиктен секирүүдөн ырахат алам” деген кыргызстандык жаш каскадёр жакында 25 метрден бой таштаганы туруптур.
Туулган жери – Орусия, Санкт-Петербург шаары
Туулган жылы, күнү – 1993-жыл, 8-май
Билими – Программист, 6 айлык каскадёрлук мектепти аяктаган
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок
Музыка угуп, саякаттоого кызыгат
– Чыңгыз, Испанияга кандайча барып, отурукташып калдыңар эле?
– Испанияга атамдын кесибине байланыштуу келгенбиз. Атам Асанбек Кубатали Санкт-Петербургдагы Репин атындагы сүрөт институтун аяктаган. Студент кезинде Барселонага келип, бул жакты жактырып калып, окуусун бүткөн соң Мальграт-де-Мар шаарына көчүп келгенбиз. Ал учурда 4 жашта болчумун. Бул мамлекетте балдарды 3 жашынан тартып эле мектепке кабыл алышат. Мен 4 жашымдан тартып мектепке бара баштагам.
– Сен Испанияда белгилүү акробат экенсиң. Бул өнөрдү канча жашыңдан тартып өздөштүрдүң?
– Кичинемден эле жаным тынбаган, энергиям ашып-ташкан бала болчумун. Сабагым бүткөндөн кийин футбол аянтынан чыкпай, бир жылда 10дон ашык кроссовка жыртчумун. Футболду жакшы өздөштүргөндөн кийин жашаган жерибиздин командасына кошулдум. Бирок экстремалдуу спорт түрүнө кызыгуум артып, кунг-фу, каратэ, ушу сыяктуу спорт түрлөрү менен машыгып баштадым. Кийин пляжда бийиктиктен секирмей мода болуп, акробат болууга ашыктым. Бир жолу пляждагы секирген видеомду интернетке жүктөп койсом, Американын МТВ каналы сатып алууну сунуштап, 500 еврого саткам. Андан кийин мейманканаларда шоу коюп иштеп баштадым.
– Учурда дүйнөгө белгилүү “Порт Авентура” көңүл ачуучу сейил багында иштейт экенсиң. Бул жердеги жумушуң тууралуу айтсаң?
– “Порт Авентура” пляжда жайгашкан көңүл ачуучу жай. Бул жерде актёр, акробат болуп иштейм. Чет элден келген туристтерге түрдүү спектакль коюп, түркүн шоулорду тартуулайбыз. Арабызда дүйнө чемпиону болгон гимнасттар бар. Учурда эс алуудабыз. Жумушубуз марттын ортосунда башталат.
– Сен кинодо да роль жаратып, “Гауди” кино сыйлыгын алыптырсың. Кандайча тартылып калдың эле?
– Барселонада машыгууда жүрсөм, залга акробат издеп келишти. Кино тарткан топ менин өнөрүмдү жактырып, тасмага тартылып калдым. Фильмде акробат зомбинин образын жараттым. Ролум эпизоддук болсо дагы үчүнчү пландагы актёр деп “Гауди” (“Гауди” – Каталониянын кино сыйлыгы. Белгилүү архитектордун атынан коюлган) сыйлыгын беришти.
– Анан да белдүү футболчулар Месси, Неймар менен жарнамага тартылыптырсың...
– Ооба. Футболчулар менен “Катар аба жолдору” авиакомпаниясынын жарнамасына тартылгам. Видеороликте мен ниндзя болуп, эшикти тешип өткөн жерим бар. Жарнамада жүзүм анча көрүнбөйт. Мындан сырткары “Sony Xperia” жана башка бир катар компаниялардын жарнамасынан мени көрсөңүздөр болот.
– Кыргызстанга келип турасыңбы?
– Ата-тегим Ош облусунун Ноокат районунан болот. Ал жакка жыл сайын барып турчу элем, өткөн жылы жумуштан бошой албай калдым. Бөтөн жерде чоңойсом да Кыргызстанды сагына берем. Убакыт табылса бат-баттан барып турууга эмне жетсин?!
– Мени кыргыз тилин унутпаганың кубандырды...
– Үйдө болушунча кыргыз тилинде сүйлөшүүгө аракет кылабыз. Антсе да сүйлөгөндө бир аз кыйналып калам. Эне тилин билбеген мырза улуттун көрөңгөсү боло албайт го.
– Таланттуу уулду өстүргөн үй-бүлөң менен тааныштырып кетсең...
– Атам сүрөтчү, апам үй кожойкеси. Үч бир тууганбыз. Иним Адилет да каскадёрлук мектепте окуду. Ал дагы мага окшоп каскадёр болом деп жүрөт. Карындашым Нурия болсо мектеп окуучусу.
– Сен чет элде өсүп калбадыңбы, колуктуңдун кайсы улуттан болгону маанилүүбү?
– Ата-энем кыргыз кызына үйлөн дешет. Бирок баары буйруктан, учуру келгенде көрө жатарбыз.
– Маегиңе рахмат! Өнөрүң өркүндөп, бийиктиктерди багынта бер!
Султан Төрөбеков
star@super.kg