ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (7-марттан 13-мартка чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Кээ бирөөлөр жаңы сүйүүгө кезиксе, айрымдар таарынышкан сүйүктүүсү менен табышышат. Ишкерлер катуу атаандаштыкка туш келишет. Шаршембиде туугандардын шашылыш иштерин бүтүрүп берүүгө аргасыз болосуз. Жума күнү үй-бүлөңүз менен чогуу бир иш-чара бүтүрөсүз. Жекшембиде интрига, достордун жашыруун сырлары сизди кучагына тартып, ойлоруңуз чачырап, ишти жарытылуу деле бүтүрбөйсүз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Жагымдуу сырт келбетиңиз чала тааныш адамга таасир этип, жакындан достошууну сунуштайт. Кандайдыр бир идея сизге тынчтык бербей, улам ойлонтот. Бирок жылдыздар бул аптада жаңы иш баштабоо керектигин эскертишет. Жыйынтыгы канааттандырбайт. Шыгыңыз артып, үйдө керектүү нерсени жасай коёсуз. Апта акырында белгиленген иштин баарын аткарып, жакшылап эс алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Жасаган иштериңиз эмне себептен ийгиликтүү болбой жаткандыгын анализдеп, кетирген каталарыңыздын үстүнөн иштеңиз. Аптанын биринчи жарымында конок тосууңуз же коңшу айылга, шаарга конокко барууңуз мүмкүн. Шаршембиде ишкердик боюнча сүйлөшүүлөр жакшы жыйынтык берет. Ишембиде убактыңыздын көпчүлүк бөлүгүн балдар алмакчы. Жекшембиде туугандардын жакшылыгын белгилөөгө катышасыз.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Өткөн жашооңуздун барактарын жаап, жаз менен кошо жаңы жашоого кадам таштаңыз. Карыздардан кутулуп, кирешени көбөйтүү жолун издеңиз. Кызыктуу жолугушууларга туш болуп, алыскы жактарга барып келүүнү көксөөңүз мүмкүн. Майда кыйынчылыктарды оңой жеңгениңиз менен, оорлору бир топ азапка салат. Кээ бирөөлөрдүн жаңы кесипти өздөштүрүү, кошумча курсту окуу тилектери ишке аша баштайт.

АРСТАН (23.07-23.08)
Азгырыктуу көңүл ачуучу сунуштан улам белгиленген чектен чыгып кетүүгө жетпеңиз. Адреналинди башка жол менен деле алууга болорун унутпаңыз. Жаңы иштерге киришүүдөн мурун башкалардын оюн угуп көрүү сунушталат. Апта ортосунда жан шеригиңиз менен тил табышуу кыйындайт. Чыр уланбоосу үчүн эмоцияңызды көзөмөлдөңүз. Апта аягында чала жасалган үй-чарба иштерин кайрадан жасоого туура келет.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Жаңы башталыштарды жылдыздар кубаттайт. Жетекчилик менен сүйлөшүү да оң жыйынтык берет. Бирге иштешкендерди сындоодо чеги менен болбосоңуз, душман арттырып аласыз. Апта ортосунда эркин режимде иштөө менен жаңы пландарды түзүүгө жетишесиз. Апта аягында сиз тууралуу башкалар кандай ойдо экендигине кызыгып көрөсүз. Белек көтөрүнүп достордукуна баш багууңуз ыктымал.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Эски долбоор иш жүзүнө аша баштап кубантат. Иште активдүү жана демилгелүү болуу менен жамааттын колдоосуна ээ боло аласыз. Бирөөлөр үчүн кайсы бир маселени чечип берүүңүз мүмкүн. Шаршембиде тоону томкорууга да энергияңыз жетиштүү болот. Бирок жеке жашооңуз артка тартылып, териштирүүгө туш болосуз. Жума күнү керектүү буюмду издеп базар кыдырууңуз ыктымал. Жекшембиде дареги чыкпай кеткен таанышыңыз өзү тууралуу кабар берет.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Кээ бирлер башка ишке өтүп, жаңы ыкмаларды өздөштүрүүгө киришишет. Апта башында алыстагы тууганыңыздан белек алып кубанасыз. Коңшулар менен кайсы бир маселени чечүү жолун талкуулайсыз. Апта ортосунда туура эмес кылык-жоруктарды жасап ийип, ушак-кептерге калбаңыз. Апта акырында экинчи демиңиз ачылып, буга чейин моюнуңуз жар бербей келген иштерди бүткөрөсүз.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Апта башында жаңы сунуштарга дароо макул деп ийбей мүмкүнчүлүгүңүздү карап, жыйынтыгы кандай болорун ойлооңуз зарыл. Жиниңизге тийгендер чыгат, аларга эрегишпей нервиңизди сактаңыз. Апта ортосунда өзүңүз тууралуу бирөөлөргө маалымат бербеңиз, кийин аны сизге каршы колдонушат. Досторуңуз каржы кыйынчылыгынан чыгарып кетерин жылдыздар кабарлашат. Апта күтүлбөгөн олжого тунуп, кубануу менен аяктайт.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Аптада шашылуу, ашыкча түйшүктөнүү сунушталбайт. Андан көрө керектүү адамдардын көмөгүнө, кеңешине таянып, маселени оңой чечүү жолун издеңиз. Акча тартыштыгы сезилип, баарын үнөмдөөгө өтөсүз. Кайдигерлик кылып шейшембиде маанилүү окуядан четте калбоо керек. Ишембиде сүйлөгөн сөзүңүзгө маани бербесеңиз, таанышыңызды ыңгайсыз абалга калтырасыз.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Соттошуп жаткандардын утуп чыгууга мүмкүнчүлүктөрү бар. Иштеги өзгөрүүлөр сиздин пайдаңызга жүрмөкчү. Дүйшөмбүдө үйдөгүлөргө колдооңуз керек болот. Бейшембиде күтүлбөгөн жагдайда калыстын ролун аткарбасаңыз жаманатты аталасыз. Жума күнү сүйүү айтылган сөздөрдүн санына карап эмес, жагымдуу сюрприздердин санына да карап аныкталарын сезесиз.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Аптада иште алмашкыс кызматкерлерден болуп чыга келесиз. Бирок жүктү ашыкча артынбаңыз, чарчап каласыз. Ошондой эле чөнтөгүңүз акчага толуп, үй-бүлөңүз менен чогуу бир жактарга барып эс алууну пландайсыз.
Бойдоктор сүйүү үч бурчтугунун жаралышына жол берүү менен тагдырына жаман из калтырып алуудан сактануулары кажет. Жеке коопсуздугуңуз үчүн бейтааныш жерлерде караңгыда жүрбөңүз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 696, 4-март-10-март, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан