«ПАТРИОТТОРДУН» ЖОРУГУН ДҮЙНӨЛҮК БАСЫЛМАЛАР ТАЛКУУЛАЙ БАШТАШТЫ

15-февралда Орусияда өздөрүн "патриот" деп эсептегендер эки кыргыз кызын "башка улуттун жигиттери менен көңүл ачып жүрөсүңөр" деп кармап, сөгүп-булкуп cуракка алып, видеону интернетке таратып жиберишкени тууралуу жазганбыз. ИИМдин Москвадагы өкүлчүлүгү бул окуя боюнча 3 жигит кармалып, Москва полициясына өткөрүлүп берилгенин маалымдады. «Патриоттордун» көрсөтмө берген маалынан видео тартып таратышты.
Кыздардын бири: "Ал кафеден чыгып таксиге баратсак балдардын бири "Чоң кыз, жакшынакай эле кыз экенсиң. Кел, мен видеону өчүрөм, сен бизди мейманканага алып барып тейлейсиң, 50 миң рубль бересиң" деп айтты. Мен алар менен мейманканага барып жатышым керек экен",- деп көрсөтмө берген.
Кармалган балдардын бири сурак учурунда: "Эми мындай иш кылбайм. Бүткүл кыргыз элинин алдында кечирим сурайм",- деп жооп берген. Экинчиси кыргыз жигиттерин мындай ишке барбоого чакырды. Маалым болгондой, кармалгандардын бири короо шыпыргыч, экөө жүк ташуучу болуп иштечү.
ИИМ тараткан тасмада жабырлануучу кыздын жүзү ачык, кылмышка шектүүлөрдүн жүздөрү жаап салынган. Эмнеге деген суроо келип чыгат. Псевдопатриоттор кыздардын жүзүн ачык тартышып, ал эле эмес, атын, фамилиясын, атасынын, энесинин атын, айылынан бери айттырып дүйнөлүк желеге жарыялап жатышпайбы?
Мындан мурун да 20 жаштагы өз мекендешин зордуктап, өзүн "патриот" атаган дагы бир кыргызстандыктын кармалганы маалым болгон эле. Ал иштер кандай жылып жатат? Бул боюнча ИИМдин Москвадагы өкүлү Аскат Алиевге кайрылдык: «Кыздардын арызы каралып жатат. Бардыгы иликтенет. Мындан мурун 20 жаштагы кызды зордуктап, өзүн "патриот" атаган бала боюнча тергөө бүтүп, сотко өткөрүлгөн. Жакынкы күндө сот процесси башталат. Кыздарды ур-тепкиге алган балдарды издөө иштери тынбай эле жүрүп жатат. Жай айында Екатеринбургда сабалган баткендик кыз боюнча да эки бала кармалган. Башкача айтканда, тиги кыз балдарды тааныган, кийин кайра "алар эмес болчу" деп көрсөтмө берди. Кыздын психикалык жактан жабыркаганынан улам ал иш токтоп турат»,- дейт.
Дүйнөлүк ММКларда аталган окуя талкууга алынып баштады. "Eurasianet" басылмасы "Кыргызстан: Өздөрүн абийирдин коргоочусу атагандардын аракеттери жазасыз калууда" деген макала жарыялады. Анда аталган маселенин күнгөй-тескейи иликтенет. Ошондой эле жыйынтыктоочу сөздө: «ИИМдин Москвадагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Аскат Алиевдин Facebook баракчасына чыгарган билдирүүсү мындай иштер менен күрөшүүгө кыргыз бийлигинин даярдыгы боюнча суроо жаратты. Алиев "патриоттордун" аракетин сындоо менен бирге "кыргыз аялдарынын заманбап жашоо стилине" өкүнөрүн билдирди",- деп жазды.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Jigitronic
2016-03-07 10:24:51
Муну менен өткөн жумада эле тааныш болдук,кайра кайра эле чукуй бергендин пайдасы эмне?
-2
Bereke10
2016-03-10 17:44:31
Jigitronic, анан эмне басты-басты кылып жаап коюш керекбеле? Бул чон койгой,андыктан аны талкууга алып,чара коруш керек. Ооруну жашырсан олум ашкере кылат, Жаман кылыкты жашырсан,кылмыш ашкере кылат. Андыктан мындай кылмыштарды кобойтпоо учун коп-коп жазып,кабарлап,талкуулап жат корунушторду токтотуу керек да.
0
Ago
2016-03-07 15:19:56
Улуттун абройу аялда.Аял ###### болсо улут ###### аял ыймандуу болсо улут ыймандуу.Жаш куч Айкол манас топтору канчалаган башка улутту женбесин абройу болбойт, эгер кыргыз кызы алардын астында жатса.Айдаганын мерседец жашаганын 2 кабаттуу уй чон кызматта иштейсин бирок катынын корунгон менен жатып журсо сенин бир тыйынчалык баркын болбойт элине.Бул хххххххххх паспортун орттоп кыргыз деген созду унута турган кылыш керек!!!
+1
anyshka
2016-03-10 20:12:20
Ago,чын. Туура айтасын.
0
jamal1993
2016-03-08 16:05:37
Ошондой денгээли томон,озун башка жерде эрдик корсотпойбу кыйын болушса мисалы Марат байкедей болуп,жок анте алышпайт алар,алар 1 алсыз кызды сабаганды билишет башка нерсе колунан келбейт кулом силерге патриоттор тфу тфу тфу!
0
nasik198
2016-03-10 01:21:33
Биз качан озубуздун жаманыбызды жашырып,жакшыбызды ашырабыз,бар болсо коро албайбыз жок болсо бере албайбыз.Жакшы жолго чакырыштын башка жолу жок бекен аттин....
0
anyshka
2016-03-10 20:10:57
Бузулуп ар кайсы жерде журсо кыргыз кыздары. Жинин келетда
0
№ 696, 4-март-10-март, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан