Президент Алмазбек Атамбаев 2-мартта Орусия президенти Владимир Путин менен жолугушту. Москва менен Бишкектин мамилеси салкындады деп кыйкыра баштагандарга жооп иретинде Путин: «Кыргызстан – биздин ишенимдүү өнөктөш. Ортобузда чынында эле стратегиялык мамилелер калыптанууда. Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке киргенден кийин кызматташтык мүмкүнчүлүктөрү кыйла кеңейди. Анын натыйжасы биздин экономикалардын, социалдык чөйрөнүн өсүшүндө көрүнөт деп ойлойм»,- деп билдирди.
Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев кыргыз-орус кызматташтыгынын эң орчундуу маселелерин талкуулоо мүмкүнчүлүгүнө канааттанып жатканын белгиледи. «Биздин өлкөлөр ортосунда ири соода-экономикалык катнаштар жүрүүдө. Эң оболу биз стратегиялык өнөктөшпүз»,- деди Алмазбек Атамбаев.
Жолугушууда мамлекет башчылары кыргыз-орус кызматташтыгынын маанилүү маселелерин, биргелешкен долбоорлордун аткарылышын, андан тышкары ар кайсы чөйрөдө мындан ары өз ара аракеттенүүнүн багыттарын, евразиялык интеграциянын өнүгүшү тууралуу сүйлөшүштү.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg