БОРТТОН СЫРТТА КАЛГАНДАР БИРИГИШТИ

Камчыбек Ташиев, Адахан Мадумаров, Өмүрбек Суваналиев жана башкалар "Оппозициялык күчтөрдүн биримдиги" деп бириккенин билдиришти. Булардын катарына Ахматбек Келдибеков да кошулушу мүмкүн экендиги айтылууда. Коомчулукта дароо суроо туулду. Булардын максаты эмне? Адахан Кимсанбаевич бир катар маалымат булактарына: «Биз бийлик үчүн эмес, Кыргызстанды азыр батып бараткан саздан кантип сактап калабыз деген платформанын айланасында биригип жатабыз»,- дейт. Камчыбек Ташиевдин «Ата Журт» партиясы Бабановго кол шилтеп, жергиликтүү шайлоого өзүнчө барганы жатат. Адахан Мадумаров болсо парламенттик шайлоодон кийин «үмүттөрдүн баары талкаланды» деп өкүнгөнүн жашырган эмес. Демек, бул устуканын тарттырып жиберип умсунуп калгандардын биригүүсүбү деген суроо жаралат.

 

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
naida81
2016-03-07 14:02:22
булар БОК эмес беле......
-5
MuslimNur95
2016-03-07 20:24:03
Учобу тен кыйратпайт бирок Ташиев бир аз элге кызмат кылган берки экоо акчасы тугонбосторго ишениш кыйын.
-3
jamal1993
2016-03-08 16:47:56
Журналист Мадумаровко каршы суйлогондой болупсуз,чынында Кыргызстан кандай начар абалда кризис башталды,коробуз
+7
abdislam
2016-03-09 10:35:48
тулку ким жонундо эл таап алсын
0
№ 696, 4-март-10-март, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан