КҮЧ ОРГАНДАРЫ КЫЛМЫШКЕРЛЕРДИ САУНАГА АЛЫП БАРЫП КАЧЫРА БАШТАШТЫ

2015-жылдын октябрында №50-абактан коркунучтуу кылмышкерлердин качып чыкканы, анын айынан бейкүнөө жарандар каза тапканы, өлкө жарандарынын коопсуздугуна коркунуч туулганы укук коргоо органдарына сабак болбоптур. Дегенибиз, ушул жылдын 26-февралында Чүй облусунун Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн эки кызматкери кол алдындагы кылмышкерди качырып жиберишкен.
Азатбек Алымкулов аттуу Кочкор районунун тургуну май куюучу жайды тоногон деп шектелип, камакка алынган. №1-тергөө абагында камакта жаткан аны Аламүдүн райондук сотуна сот процессине алып барышкан. Жаза аткаруу кызматынын маалыматына ылайык, Азатбек Алымкулов кайрадан СИЗОго алып келинбей, ал сотто калды деп айтылган. Бул учурда кылмышка шектүү өзүн кайтарып жүргөн кызматкер жана анын эмгек өргүүдө жүргөн кесиптеши менен үйүнө барып, кийин саунага жөнөшкөн. Саунада баары бирге ичкилик ичишет. Маалыматтарда кыздар да болгону айтылууда. Кийин кылмышка шектүү Алымкулов аты аталбаган кыз менен башка бөлмөгө кетип, ал бөлмөнүн терезесинен чыгып изин жашырып кеткен. Кылмышка шектүүнү качырып жиберишкен кызматкерлер камакка алынып, №1-тергөө абагына жеткирилди. Аларга карата "кызматтык милдеттеринен аша чабуу" беренеси менен кылмыш иши козголду.
Башкы прокуратура кызматкерлердин ысымдары иликтөөнүн кызыкчылыгы үчүн аталбай турганын маалымдады.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
aytkulova
2016-03-07 10:33:48
Сауна барып ичишип, кыздар менен конул ачышкан да. Чала болот, озунун милдеттерин билбесе качат.
+5
Chtc
2016-03-08 23:05:21
Кудай сакта! Кылмышка шектелип жаткан адам менен саунага барышса...Эмне деп айтарымды да билбей калдым....
+4
nasik198
2016-03-12 01:08:06
Тооба ишенгеним сен болсон атандын оозун урайын дечу эле.
0
№ 696, 4-март-10-март, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан