ОШ-ХОРОГ ЖОЛУ ЭҢ КООЗ ЖОЛДОРДУН ЭКИНЧИСИ

Ош менен Тажикстандагы Хорог аймагын байланыштырган унаа жол дүйнөлүк "National Geographic" журналынын эң кооз жолдордун тизмесинде 2-орунга ээ болду. Бул тууралуу аталган журнал 28-февралда жазып чыкты. "Өздүк автоунаа жана мотосаякат учурдагы эң популярдуу эс алууларга кирет. Биз сиздер үчүн 4 континенттин ичинен 10 эң кызыктуу жолдорду тандадык. Алар саякат үчүн жакшы себеп боло алат",- деген басылма 1-орунду Франциядагы Вердон капчыгайындагы жолго берсе, Ош-Хорог жолу АКШ, Австралия, Орусия, Аргентина жана Европадагы жолдорду артта калтырып, 2-орунду алган.
«Бул жол жылкылар оттоп жүргөн, жалгыз боз үйлөр, кепелер турган жайытты жана Памир улуттук паркын жандап өтөт»,- деп жазат басылма.
Ош-Хорог жолу 1937-жылы унаа жүрүүгө ылайыкталып курулган. Жолдун узундугу 700 чакырымдан ашуун. Ош-Хорог жолунун Кыргызстанга тиешелүү тилкеси 2007-2012-жылдары оңдоп-түзөөдөн өткөн. Орусиялык блогер Дмитрий Чистопрудов аталган жолдо тартылган сүрөттөрүнө: "Кооз пейзаж, идеалдуу асфальт. Бул Европа да, АКШ да эмес, бул – Кыргызстан" деп жазган.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
aipo89
2016-03-07 09:58:23
Биздин Кыргызстаныбыз эн кооз олко!!!
+1
beku85
2016-03-07 18:49:15
Ошол жолдун жээгинде жашап, Ош менен Хорогтун так ортосунда жашаганыма да сыймыктанам
+1
№ 696, 4-март-10-март, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан