Кабыл Бөрүбаев, куудул: «БИЗДИН ҮЙ ОШТОН КЕЛГЕН АРТИСТТЕРДИН АЭРОПОРТУ БОЛЧУ»

Кечки саат 9 атактуунун үйүнө конокко баруу үчүн анчалык ыңгайлуу убакыт эмес. Бирок ушул убакта гана үйдүн ээсин кармап калууга мүмкүн болду. Азыркы тапта Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна балбандарды даярдап жаткан Кыргыз Республикасынын алыш күрөш боюнча машыктыруучусу, куудул Кабыл Бөрүбаев бизди Бишкектин Ала-Тоо конушунда жайгашкан ак өргөөсүндө тосуп алды.

ҮЙҮ ТУУРАЛУУ

  • 1996-жылы времянканы 1200 долларга сатып алышып, кийин аны кеңейтишкен.
  • Жер тилкесинин жалпы аянты 5 сотых.
  • 2 кабаттуу: 1-кабатта 2 уктоочу, 1 конок тосуучу бөлмө, холл, ашкана жайгашкан. 2-кабатта 3 уктоочу бөлмөнүн дубалы тургузулган, быйыл алар толугу менен жасалгаланат.

– Кабыл мырза, көп жыл Ошто жашаганыңызды билебиз. Бишкекке кантип келип калдыңыздар?
Кабыл мырза:
– Бул үйдү мен продюсер болуп иштеп жүргөн кезде сатып алдым. Анда 2 бөлмөлүү времянка эле болчу. Алгандан кийин карасак эптеп эле куруп койгондой көрүндү. Кийинки жылы бөлмөнү казып көрсөм алды баткак экен. Суук тартып ооруп калбайлы деп жанына дагы 2 бөлмөлүү времянка салып, көп жыл ошондо жашап жүрдүк. 2009-жылы үйдү кеңейтип 2 кабат кылып тургуздук. 2-кабаттагы бөлмөлөрдү быйыл чыгынып толугу менен бүтүрүүнү пландап жатам.

Тамара айым: – Биз Ошто жашап жүргөндө артисттер концерт коюп бири-бирине үй алып берүүнү колго алышкан эле. Негизи бул үйдү ыраматылык Манас Бердибеков алмак. Жубайына бул үй жакпай калып баш тартышкан. Кийинки кезек бизде болгондуктан бизге буюруп калды.

– Чыгармачыл адамдар конокко көп келишчү беле?
К.:
– Биздин үй Оштон келген артисттердин аэропорту болчу. 2 бөлмөлүү времянкада жашасак да баарыбыз батчубуз. Кээде 20 чактыдай адам болуп кетет элек. Жүрөк кенен болсо баары бата берет экен да.

– Бул биздин үй-бүлөбүздү бир жерге чогулткан холл. Ушул жактан сыналгы көрүп, эс алабыз. Убактылуу ушул жерден тамактанып жатабыз. Себеби жеңеңер “ашкананы кеңейтип бер” дегенинен бузуп, кайра улап жатканбыз. Учурда оўдоп-түзөө иштери толугу менен бүтө элек.


Үй-бүлөлүк селфи. Солдон оңго Кабыл мырзанын кызы Сайкал, келини Бермет, жубайы Тамара.

– Гарнитурда маданият жаатында болбосо да, спорт тармагындагы үзүрлүү эмгектерим үчүн ыйгарылган сыйлыктарым орун алган. Өлкө башчыбыз 2014-жылы жакшы жетишкендиктерим үчүн “Жылдын мыкты спортчусу жана башкы машыктыруучусу” сыйлыгын тапшырган.

– Биздин конок тосуучу чакан бөлмөбүз 20-30 кишини батыра алат. Диванды Мажит кичинекей кезинде студиясына ыр жазып отурганга, узартып жата калганга ылайыктуу болсун деп алып бергенбиз.

– Келинчегим экөөбүздүн уктоочу бөлмөбүз. Мына ушул жактан үй-бүлөбүзгө тийиштүү маселелер чечилет.

– Уулум Мажит менен келинчеги Берметтин бөлмөсү. Эмерек келиндин себи.

Динара Абдыкадырова
Адилет Бектуров
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Кабыл Бөрүбаев, куудул: "Көп жыл эки бөлмөлүү времянкада жашадык"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
paula.90
2016-03-07 21:07:33
Ото сонун уй-було мага жакты
+2
radyakiz
2016-03-07 21:48:57
Келини менен кызы окшош экен,эже синдидей
+3
Pakissstanka
2016-03-07 22:27:27
Ушу мажит неге уйлонот дейм да . Озу дале кичине бала го. Бираз кое турбайт беле. Уйу да буто элек экен. ((
-8
chupachups-89
2016-03-09 18:15:47
Pakissstanka, Эми ал жагы сага же башка бироого оордугу келбейт.
+3
Siren90
2016-03-09 14:39:05
Жакшынакай эле үйү бар экен. Менин ушундай эле үйүм болсо болот эле, 5жылдан бери батирде турабыз, кудайым буйруса быйыл үйлүү болобуз деген ниеттерибиз бар, үңкүр да болсо өз үйүң болгон жакшы дечү беле.
+2
Siren90
2016-03-09 14:48:57
Мажит көрүнбөйт го
0
AlbertEnshtein
2016-03-13 02:19:26
Аэропорту эмес ГОСТИНИЦАсы десе туура болмок.
0
№ 696, 4-март-10-март, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан