Сокулук районунун 34 жаштагы тургуну буга чейин өз канынан жаралган 3 баласын сатып жибергени коомчулуктун үрөйүн учуруп турган кез. Биз бул окуяны иликтеп көрдүк.
«БАЛДАРЫН САТЫП ЖИБЕРГЕНИН МОЮНУНА АЛДЫ»
Алгач Сокулук РИИБинин тергөө бөлүмүнүн жетекчиси ЗАМИР АЛЫБАЕВГЕ жолугуп, окуя тууралуу маалымат алдык: – 2016-жылдын 27-февралында Сокулук районундагы Асылбаш айылынын 43 жаштагы тургуну Сокулук РИИБине арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 2014-жылдан 2015-жылга чейинки аралыкта жубайы 3 баласын бейтааныш адамдарга сатып жибергендигин териштирүүнү суранган.
Бул окуя боюнча көптөгөн күбөлөр суракка алынып, жыйынтыгында кылмышка шектүү катары арыз ээсинин Айзада аттуу жубайы кармалды. Ал 2 баласын 2014-жылы Талас облусунун Кара-Буура районунун тургундарына сатып жибергендиги аныкталды. Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин киши сатуу беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү тергөө абагына камалды. Балдар аталган райондо жашап жатышканы такталып, аны сатып алган жарандар көрсөтмө беришти. Учурда Талас облусунун Кара-Буура райондук ЗАГС кызматкерлери наристелердин аты-жөнүн өзгөртүшүп, жасалма күбөлүк беришкен деген маалымат иликтенип жатат. Мындан тышкары Зарина аттуу ортомчу болгон келин да кармалып, көрсөтмө берди.
Тергөө учурунда кылмышка шектүү 2015-жылы да Чүй облустук төрөтканасынан жаңы төрөлгөн кызын сатып жибергендиги билинип, ал да иликтенүүдө. Бул окуяга тиешеси бар ортомчуга, балдарды сатып алган жарандарга, төрөткана кызматкерлерине жана ЗАГС кызматкерлерине юридикалык баа берилип, күнөөлөрү далилденсе тиешелүү жазаларын алышат.
«БУЛ ИШКЕ ЖОКЧУЛУКТУН АЙЫНАН БАРДЫМ»
Андан соң өз балдарын сатууга шектелип кармалган Айзада Жумагуловага жолуктук. Ал бул ишке эмне себептен баргандыгы тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Өзүм 1982-жылы Ысык-Ата районунда төрөлгөм. 15 жыл мурун Сокулук районуна караштуу Асылбаш айылынын тургунуна турмушка чыккам. Жолдошумдун аты Арген, 1972-жылы туулган. Экөөбүз 2 эркек, 6 кыздуу болдук. Жолдошум жайкысын уй кайтарып акча тапчу, кышкысын бош. Иште десем иштебейт. Мен балдарды карап үйдө отурчумун. Экөөбүз акыркы жылдары көп таарынышып, кайра жарашып жүрчүбүз. Таарынышканда балдар менде калчу. Жокчулуктун айынан 2014-жылы жайында Асылбаш айылында жашаган Зарина аттуу келин аркылуу Таалай деген киши менен таанышып, ага 40 миң сомго 1 жарым жаштагы уулумду саттым. Акчанын жарымын Зарина алып, калган 20 миң сомун мага берген. Аны калган балдарыма кийим-кечек, тамак-аш алып короттум. Андан 2 ай өткөн соң Зарина дагы бир киши таап, ага да 40 миң сомго 6 жашар кызымды саттык. Дагы акчанын жарымын алдым.
Кийин жолдошум менен жарашканда «балдар кайда?» деп сураганынан «эжемдикинде жүрүшөт» деп койгом. 2015-жылы январь айында Чүй облустук төрөтканасынан кыз төрөдүм. Ооруканада иштеген медайымдарга «кызымды багып ала турган жакшы адамдар болсо бергиле» деп кызымды бердим. Төрөтканадан чыгып баратканда алар «дары-дармегиңизге жаратыңыз» деп 2 миң сом беришти, мен «баламды бага албайм, кыйналып жатам, доом жок» деп жазып бергем. Кийин жолдошум балдарымды сатып жибергенимди бирөөлөрдөн угуп калып, «мени менен бир ооз кеңешпейт белең» деп урушту. Анан милиция кызматкерлерине арыз менен кайрылган экен.
Балдарымдын эң улуусу 14 жашта. Мектепте ошол эле окуйт. Калгандары Асылбашта кайненемдин колунда. Бир кызыбызды мурда эле жолдошум менен кеңешип кайнагама бергенбиз. Кылган ишиме өкүнөм (маектешибиз көзүнө жаш алып, сөзүн андан ары улай албады).
«КЕЛИНЧЕГИ МЫНДАЙ ИШКЕ БАРГАНЫНА ТАҢ КАЛЫП ЖАТАМ»
Андан соң биз Асылбаш айылына сапар алдык. Айыл четиндеги тегереги тосулбаган 2 бөлмөлүү үйдү кара кулпу менен байланган кара ит кайтарып турган экен. Жанындагы сарайда 2 жылкы байлануу турат. Кошуналарынан сураштырсак үй ээлери акыркы убакта көп көрүнбөй калгандыгын айтышты. Атын атагысы келбеген кошуналарынын бири буларга токтолду:
– Аргендин келинчеги жоош болчу, мындай ишке барганына таң калып жатам. Айылдагы кыш чыгарган заводдо бир аз иштеп калды. Күйөөсү болсо жайкысын элдин уюн кайтарат. Экөө таарынышып, кайра жарашып жашап жүрүшчү. Аргенди мурда ат оттотуп жүрүп бирөөнүн бедесине кирип кеткенде кожоюну мылтык менен атып таштаган. Ошондон жаракат алып, операция жасалып араң айыккан. Кээде ичип койчу. Ичкен адамдын турмушу оңолмок беле? Бирок туугандары жакшы эле турушат. Үй-бүлөнү багуу күйөөсүнүн милдети да. Иштебей эле ичип жатса, келинчеги деле кыйналса керек.
«ЖЕҢЕМДИН УБАЛЫНА КАЛГЫБЫЗ КЕЛБЕЙТ»
Арыз ээси Арген менен байланышууга мүмкүн болбоду. Анын бир тууган иниси Максат окуя тууралуу мындай дейт:
– Байкем менен жеңем акыркы убакта көп урушчу. Жеңем кичине нерсеге эле таарынып, балдарынын жарымын ээрчитип төркүнүнө кетип калчу. Жеңем бир жолкусунда келгенде 2 баласы жок келди. «Балдар кайда?» деп сурасак «эжемдикинде» дейт. Жеңемдин 4-5 эжеси бар. Барып алып келели десек кайра башка эжесин же дагы бир шылтоону айтат. Айылдаштардын биринин «Айзада балдарын сатып жибериптир го» дегени шек жаратты. Териштире келсек чын болуп чыкты.
Негизи агам жоош, бирөөнү чекеге черткен киши эмес. Окуя болгондон кийин эл караган бетибиз жер карап, кирерге тешик таппай калдык. Жеңемди соттотуп жиберип, убалына деле калгыбыз келбейт. Бир туугандар баарыбыз кеңешип балдарын бөлүштүрүп алалы деп чечтик. Бул ишке жокчулуктун айынан барганын айтып жатыптыр. Жакшы эле турушчу, былтыр үй сатып бергенбиз. Өздөрүнүн 4 жылкысы, башка да малы бар болчу.
«АТАСЫ ДА КҮНӨӨЛҮҮ»
Биз Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Үй-бүлөнү жана балдарды коргоо башкармалыгынын жетекчиси Жаңыл Жумабаевага кайрылдык:
– Бул жерде сот балдардын энесин күнөөлүү деп таап, камакка алса, анда балдарды атасы же анын туугандары багууга укуктуу. Эгер алар бага албайбыз деп балдардан баш тартса, анда биз башка жолдорун карап чечим чыгарабыз. Кылмышка шектүү энелик укуктан ажыратылышы мүмкүн. Үй-бүлө кодекси боюнча бул окуяда атасынын да күнөөсү бар. Ал балдары кайда жүргөндүгүн көзөмөлдөп, мурда эле аларды табуунун аракетин кылышы керек эле. Бүгүнкү күндө бул окуя боюнча комиссия түзүлгөн. Алар иликтеп жатышат, аяктаганда ошого жараша жыйынтык чыгарышат. Учурда 4 бала атасынын колунда.
«Бирөөгө кор, бирөөгө зар бала» деген кеп бекеринен айтылган эмес. «Баатыр эне» наамын алып, балпайып төрдө отурчу эне азыр темир тор артында отурат. Балким, ал деле турмуш кыйынчылыгына, өзү айткандай жокчулукка чыдабай, акчага азгырылгандыр. Балким, күйөөсү менен кеңешип, балдарын саткыча үйдөгү малынын бирөөсүн сатса деле жокчулуктун жолун табышмак. Ортодо балдарга жаман болду.
Асхат Субанбеков
koom@super.kg