ҮЙ-ТИРИЧИЛИГИНЕ КЕРЕКТҮҮ КЕҢЕШТЕР

КАРТОШКАНЫН ЖАРДАМЫ МЕНЕН РОЗА ГҮЛҮН ОТУРГУЗУУ
Орточо көлөмдөгү картошканы алып, анын өнгөн жерлерин тазалап алабыз. Картошкага роза гүлүнүн бутагын сайып жерге отургузабыз да, үстүнө банканы жаап коёбуз. Картошка роза бутагын нымдуу кармап жана азыктандырып турат. Ошондой эле зыяндуу заттардан коргоп, бат тамыр алышына жардам берет. Бутакка күнүнө 2-3 жолу суу чачып туруу зарыл.

 

 

 

БАНАНДЫН КАБЫГЫ ЖАЛТЫРАТУУЧУ КАСИЕТКЕ ЭЭ
Бананды жегенден кийин анын кабыгын ыргытып жибербей, ашканадагы кашык, вилка өңдүү металл буюмдарды сүртсөңүз, жалтырап калат.

 

 

 

УКСУС КИСТИНИ ЖАҢЫРТАТ
Сырдап бүткөн соң кистинин сырын кетире албай убара болуу баарында эле кездешсе керек. Уксусту бир аз жылытып туруп кистини салса, кисти жаңы сатып келгендеги абалына келет.

 

 

КОЛ КРЕМ БУТ КИЙИМДИ ДА ЖАЛТЫРАТАТ
Кээде бут кийимди майлай калайын дегенде түгөнүп калган болот. Маанайды чөгөрбөстөн колго сүйкөөчү кремди алып майлап койсо, өңүнө чыгып жылтырап, жумшарып калат

Сүйүн Кулматова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
dubai
2016-03-08 02:24:23
рахмат кенештеринизге.
0
Siren90
2016-03-09 17:18:19
Китайский роза бөлмө гүлүн да идишке отургузарда картошка сайып көмсө болот бекен, тамыры тез чыгат дейт го
0
inspektor.kg84
2016-08-31 00:19:48
уксус кистини жаныртат деп жазып жатат суу менен аралашмасыбы же таза эле озубу?
0
№ 696, 4-март-10-март, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан