5-март күнү Ош шаарында футбол боюнча өлкөнүн суперкубогу үчүн беттеш болуп, анда «Алай» командасы (Ош) менен «Абдыш-Ата» (Кант) кез келди. Бул оюнда үй ээлери активдүү болгону менен, жалгыз голду канттыктар киргизишти. Канттыктардан Эльдар Молдожунусов айырмаланып, «Абдыш-Ата» үчүн суперкубокту алып келди. Эске салсак, Топ-Лиганын алгачкы оюндары 11-мартта старт алат.