8-март күнү орусиялык белгилүү теннисчи Мария Шарапова тыюу салынган каражат колдонгонун айтып чыкты. Быйылкы жылдан баштап Бүткүл дүйнөлүк допингге каршы агенттиги тарабынан тыюу салынган мельдоний каражатын колдонгону үчүн эми ал 4 жылга чейин спорттон четтетилиши мүмкүн. «Мельдоний дарыгерим тарабынан жазылып берилген, аны 10 жылдан бери колдонуп келем. Ал каражат 2016-жылдан тарта тыюу салынганын байкабай калыптырмын. Спорт менен ушинтип кош айтышууну каалабайм, мага дагы мүмкүнчүлүк берилерине ишенем»,- деп билдирди Шарапова.