СҮЙҮҮ КҮНҮНӨ СҮЙҮҮ ОЮНДАРЫ

Жаныңда сүйүктүү адамың болсо, кандай керемет! Ал эми сүйүү күнүн өзгөчө кылып уюштура билүү да түгөйүңүз үчүн баа жеткис белек болору анык. Балким, сизге төмөндөгү төшөк оюндарынын жардамы тийип калар.

РОЛЬ АЛМАШУУ
Баш кошкондоруна бир топ убакыт болгон түгөйлөр майрам күндөрү жашоодогу ролдорун алмашуусу кажет. Ал үчүн мырза айымга, ал эми айым убактылуу мырзага айланат. Мисалы, Эркек бул күнү таң эрте туруп кофе даярдап, аялга өз колу менен сунат. Ашканадан айымды өз колу менен тамактандырып, идиш-аякты да жууп коёт. Ал эми айым жагымдуу сөздөрдү айтып эркелетип, эркекке тиешелүү анча-мынча иштерди жасап дегендей... Сексологдордун изилдөөсүнө таянсак, мындай кызыктуу оюндун жүрүшүндө адам бат дүүлүгүп, болуп көрбөгөндөй төшөк кумарына баткысы келет. Бул оюндун өнүгүүсү фантазияга жараша да болот.

КАРЫЛЫККА САПАР ТАРТУУ
Бул оюнда сүйүктүүңүз экөөңүздөр улгайган куракты элестетип, чоң ата, чоң эненин ролун аткарасыздар. Баары алдын ала пландалгандай, бири-бириңиздерди «кемпирим», «абышкам», «жан биргем» деп эркелетүүдөн баштаңыздар. «Ой белим, ой башым, көлөчүмдү кийгизип койчу» деп карылыктын доорун элестетип, колдон келишинче эркелеп алыңыздар. Убактылуу карылыкка моюн сунган түгөйлөр оюндун акырында ач жолборстой алышып, унутулгус лаззатка батышат.

БИРИНЧИ НИКЕ ТҮН
Дүйнө жүзүндө бул түндү элестетпеген жана кийин эсине түшүрбөгөн бир да эркек болбосо керек. Бул оюнда айым башкы ролду ойноого тийиш. Элестете бериңиз, биринчи нике түндөгү алгачкы сезим. Айым назданып, кылыктанып, сүйүктүүсүн кылгыра тиктеп, актриса болууга аракеттениши керек. Мырза да көнгөн адатынча эмес сүрдөнүп, тартынып жаткандай аракеттенгени туура. Атайлап жаңы салынган шейшептин үстүндө аппак жоолук салынып жарым-жартылай жылаңач айым отурса, мырзанын жүрөгү кантип солк этпей койсун?! Бул оюнда назиктик аркылуу укмуштуудай кумарга батууга болот.

ТААНЫШУУ
Үй-бүлөлүүлөр аталган майрам күнү кафеден же өз табитиңиздерге жараша эс алуучу жайдан кездешүүнү пландаңыздар. Ал үчүн экөөңүздөр эки башка жол менен келгениңиздер оң. Алгач айым болжогон жерге биринчи келип, эч нерседен капары жок отурган болот. Ал эми мырза байкатпастан артынан келип, таанышып алууну сунуштайт. Кыскасы, экөө жаңы таанышкан кыз-жигит сымал сылык-сыпаа сүйлөшүп, бири-бирине колдон келишинче сый-урмат көрсөтүүлөрү кажет. Мындай романтикалык кечтен кийин «Камасутранын» классикалык ыкмаларын колдонуп, керемет түндү эстен кеткис кылып өткөрсө болот.

Ал эми башы бош кыз-жигиттер шаңдуу компанияда болуп калса, төмөндөгү оюндарды сунуштайбыз.

ТАТТУУ ТҮГӨЙЛӨР
Оюнга эки же андан ашык түгөйлөр катышат. Алпаруучу оюнга чыккан түгөйлөргө бирден кагазга оролгон момпосуй берет. Музыканын коштоосунда түгөйлөрдүн бири момпосуйду оозуна тиштеп турса, экинчиси тиштердин жардамы менен момпосуйду сырткы кагазынан ажыратуу керек. Сырткы кабыгынан биринчи ажыраткан түгөй “таттуу түгөйлөр” деп аталат.

КОЗГОЛГОН ЖҮРӨК
Бул оюндун шарты боюнча түгөйлөр өз каалоосу менен оюнга чыгат. Алгач бийкечтердин көздөрү жоолук менен таңылат. Ал эми алпаруучулар жигиттердин тизеден өйдө жайгашкан эрогендик зоналарынын тушуна кир кыпчыткычты кыпчытып чыгат. Кир кыпчыткычтын саны 5-10дон ашпоосу кажет. Алпаруучу бийкечтерге белги берери менен жигиттерди колу менен сыйпалап, кийимдердеги кыпчыткычтарды таап чыгуусу керек. Шамдагайлык менен биринчи таап чыккан бийкеч жеңүүчү аталат.

КӨЗГӨ АТАР МЕРГЕНЧИ
Эми кезек жигиттерге келди окшойт. Бул оюндун шарты боюнча оюнга чыккан жигиттердин белине жиптин бир учу байланса, экинчи учуна калемсап байланат. Ар бир жигиттин бутунун ортосуна бирден бөтөлкө коюлат. Эки колун артка алган мырзалар жиптин экинчи учундагы калемсапты бөтөлкөгө мээлеп киргизүүсү керек. Кимде-ким тез аранын ичинде оюндун шартын аткарса, төшөктө «көзгө атар мергенчи» деген наам менен сыйланат.


СМС Прикол

Мен сени чыдамсыздык менен күтүп турам. Бирок сен келбедиң. Колу-бутум үшүгөн сайын сенин коюнуңа кирип жылынгым келди. О-о, лифт, качан келесиң?

Мага бир нерсени матыра салды. А-а, ооруп кетти! Жашоодо мындай оорутууну алгачкы жолу сезип жатам. Тездеткилечи. Кызыл-жаян кан. О-о, Кудай азуу тишимдин бат жулунушуна жардам бер!

Ары-бери кыймылдат. Буттарын өйдө көтөр. Эми оңго-солго! Эми ылдый, жакшы-жакшы. Шашпа. Мына, дагы баарын буздуң! Антеннаны туура жакка бура албай жатып, дагы эркекмин деп коёт!


Эротикалык окуя

КУМАРДЫН АЙЫНАН СҮЙГӨНҮМДӨН АЙРЫЛЫП...
Жигитимдин аты Бакыт. Ал бир жыл Түркияга барып окуп келген эле. Ал жакта жүргөн кезинде Юсуп аттуу түрк улутундагы өзү теңдүү жигит менен катуу достошуптур. Ушул жылы ал досун Кыргызстанды көргөзмөк болуп чакырды. Экөөбүз ал досун жакшылап тосуп алуу камын көрүп, жеке менчик үйлөрдүн бирин үч күнгө батирге алдык.
Ошентип, көптөн күткөн коногубуз да келди. Алгач коногубузду шаарды кыдыртып, андан соң кафеден тамактандырдык. Кечкисин үйгө барып жайылган дасторкон үстүндө ичимдиктен ууртап, айтор, шаңдуу отурдук. Негедир Юсуп улам эле мени сырдуу көз караш менен тиктеп жатканын байкадым. Бир маалда Юсуп Бакытка «биздин кеченин жалгыз сулуу кызын бийге чакырайын. Уруксат бересиңби?» деп калды. Ушуну эле күтүп тургандай, мен андан мурун тура калыптырмын. Белимден назик кучактап, өзүн карай тартканда эмнегедир дүүлүгө түштүм. Заматта жигитимдин карап отурганын унутуп, рахаттана бийлептирмин.
Түндүн бир маалында биз кызып калдык. Бир кезде жигитим дагы ичкиси келдиби, айтор, дүкөнгө барып келмей болду. «Сен Юсупту зериктирбей тур» деп досун мага табыштап сыртка чыгып кетти. Ал эшикке чыгары менен Юсуптун моюнуна асылдым. Ал да араң турганбы, мени көтөрүп алып жуунуучу жайга алып кирди. Балтырларымдан сылап келди да, көйнөгүмдү көтөрүп трусамды чала-була шыпыра салды. А-а дегиче болбой, зыңкыя туруп калган «куралын» ысып чыккан «алигиме» киргизе салды. Бах, чиркин! Денем заматта балкый түшүп, бат эле кумардын туу чокусуна жеттим. Юсуп да көптөн бери аял менен боло элекпи, тез эле ишин бүтүрө салды. Жигитим арак-шарабын көтөрүп сырттан киргенде, мен дасторкондун үстүн иреттемиш болуп отуруп калдым. Бул окуядан кийин жигитим менен ажырашууну туура көрдүм. Анткени мен анын сүйүүсүнө татыктуу эмес экенимди моюнума алдым. Ошентип, бир кумарга батам деп жигитимден айрылдым.

Зухра.


Кызык экен

КЫЙКЫРЫГЫ ТАШ ЖАРГАН КИРПИЛЕР
Германиянын Бремен шаарынын жашоочусу бак ичинен чыккан катуу үндөн улам ойгонуп, полиция кызматкерлерине телефон чалган. Ал жерден ызы-чуу жаратуучу катары жупташып жаткан эки кирпини көрүшкөн. Полиция кызматкери Рональд Уолтер кирпилерди көрүп, «түгөйлөр кызуу бала жасоо аракетинде экен» деп тим болгон.

Астра Айдарова
erotika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Timur92
2014-02-10 14:08:11
жакшы кенеш
0
№ 380, 12-18-февраль, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан