
Жогорку Кеңештин экс-депутаты
Ирина Карамушкина “Республика-Ата Журттун” лидери
Өмүрбек Бабановго 250 миң сом төлөп бермей болууда. Мындай чечимди Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту чыгарды.
Маалыматка ылайык, 2015-жылдын 17-июнунда Жогорку Кеңештин жыйындар залында Ирина Карамушкина:
"Мен абактагы Адина Турдубаева деген жарандын оор абалын көрүп келдим. Бул аял курулуш бизнесин Өмүрбек Бабанов тартып алганын жана өлмөйүнчө эркиндикке чыкпай турганын айтты. Эмнеге Кыйноолордун алдын алуу боюнча борбордун башчысы мындай маселелерди чечпей жүрөт?"- деп чыккан. Өмүрбек Бабанов бул маалымат чындыкка дал келбейт деп, ишкерлик беделин коргоо максатында сотко арыз менен кайрылган. Өмүрбек Токтогулович моралдык компенсация деп жоопкер Ирина Карамушкинадан 5 миллион сом жана сотко катышкан мыйзамдуу өкүлүнүн чыгымы үчүн 62 миң сом өндүрүлүп берүүсүн талап кылган.
2015-жылдын 22-декабрында Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун чечими менен Өмүрбек Бабановдун Ирина Карамушкинага карата ар-намысын коргоо боюнча доо арызы жарым-жартылай канааттандырылган. Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту
"2015-жылдын 17-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйындар залында жоопкер Ирина Карамушкина тарабынан таратылган аталган маалымат чындыкка дал келбейт" деп, Карамушкинадан Бабановдун пайдасына 250 миң сом өндүрүлсүн, ал эми юридикалык кызмат көрсөтүү чыгымдары үчүн 30 миң сом төлөнүп берилсин деп чечим чыгарган. Чечим 22-январда күчүнө кирип, Жогорку Соттун маалымат кызматы жалпыга маалымдоо каражаттарына 9-мартта таратты. 10-мартка карата Бишкек шаардык сотуна Свердлов райондук сотунун чечимин жокко чыгаруу боюнча тараптардан эч кандай арыз түшкөн эмес.