5-март күнү УКМКнын Бишкектеги имаратында өрт чыкты. Адегенде аталган имаратта жарылуу болгонун да кабарлап жибергендер болду. Бирок чекисттер дароо эле өрт электр зымдарынын чыңалуусунан чыкканын айтууга жетишишти. Маалыматка ылайык, 15 чарчы метр кызматтык жай жана коридордун 20 чарчы метри өрттөн жабыркаган. Буга катар 6 кызматкер түтүнгө ууланып ооруканага жаткырылды.