Мектеп окуучулары ЖАЗГЫ КАНИКУЛДА 17-марттан 23-мартка чейинки аралыкта эс алышат.
4-мартта Түркияда Түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтык кеңешине мүчө болгон мамлекеттердин спорт министрлеринин жолугушуусу орун алып, II ДҮЙНӨЛҮК көчмөндөр оюнун 3-8-сентябрь аралыгында өткөрүү бекитилди.
Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов өлкөдөгү мектептерге КОМУЗДУ ЧЕРТҮҮНҮ үйрөтүү сабактарын киргизүүнү көтөрүп чыкты.
Кыргыз мамлекетинин Орусиядагы элчиси Болот Жунусов кызматтан бошотулду. Президенттин башка буйругу менен бул кызматка БОЛОТ ОТУНБАЕВ дайындалды.
Кыргызстанда калктын 73 пайызын КЫРГЫЗДАР, 15 пайызын өзбектер, 6 пайызын орустар, калган катмарын башка улуттардын өкүлдөрү түзөт.
Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариеванын айтымында, Кыргызстандагы мектептердин 9 пайызында гана туруктуу ИНТЕРНЕТ бар болсо, 25 пайызы компьютерлер менен камсыздалган. Орточо 12 окуучуга 1 компьютер туура келет.
13-марттан тартып өлкөдө АБА ЫРАЙЫ бузулуп, жамгыр жаап, тоолуу аймактарда кар жаашы ыктымал. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалым кылат.
Экстремисттик кылмыштарга аралашкан кыргыз жарандарынын 25 пайызы АЯЛДАР. Мындай маалыматты Ички иштер министрлиги билдирди.
Балдарынын бири оор кылмыш жасаса энеге "БААТЫР ЭНЕ" жана "Эне даңкы" медалдарын бербөө тууралуу жобону камтыган мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Учурда ГЕМОДИАЛИЗГЕ абдан муктаж бөйрөк оорусунан жабыркаган адамдардын саны 110го жетти, алардын 15и жаш балдар. Бул тууралуу Эне жана баланы коргоо борборунун директору Камчыбек Узакбаев билдирген.
Кыргызстанда 2015-жылы 29,1 миң КЫЛМЫШ катталган. Анын 13 257син окубаган, иштебеген адамдар жасашкан. Мындай маалыматты депутат Искендер Матраимов Жогорку Кеңештин жыйынында маалымдады.
Ысык-Көлдө 130 миң адам ТАЗА СУУ менен камсыз болуп, облустун 72 айылында таза суу түтүктөрү ишке кирген. Бул тууралуу облус администрациясы маалымдайт.
Улуттук Банк 9-мартта валюта базарынан 5 миллиондон ашуун ДОЛЛАР сатып алды. Муну менен март айындагы Улуттук Банк сатып алган доллардын суммасы 20 миллион доллардан ашты.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.