Гезитибиздин өткөн сандарында ырчы, скрипкачы Нурайым Азыкбаева жеке жашоосу тууралуу: «Мени да бирөө катуу сүйүшүн каалайм. Бирок ал да өз убактысы менен келсе керек. Андыктан убакытты шаштырбай эле коёлучу»,- деп маек курган эле. Нурайымдын бул тилеги ишке ашкан өңдүү. Дегенибиз, ал акыркы кезде комузчу жигит менен чогуу түшкөн сүрөттөрүн байма-бай интернет баракчасына жүктөп калды. Нурайым чынында эле жүрөгүнүн ээсин тапканын ырастады. star@super.kg