«Сендей мага», «Сүйүү күчү», «Кудай берсе» деген ырлардын аткаруучусу Адилет Азимов май айында Башкортостандын Уфа шаарында өтчү «Урал моңо-2016» эл аралык музыкалык сынагына катышат. Бир канча эл аралык музыкалык сынактардын лауреаты болуп келе жаткан Адилет бул сынакта жеңишти багындыруу үчүн даярдык көрүп жатканын айтат.