СТАТИСТИКА
Медицина шизофрения деп атаган ооруну элибиз «жин оорусу» дейт. Андайлардын көзүнө бир нерселер көрүнүп, өзү менен өзү сүйлөшүп калат эмеспи. Андыктан бул оору өз ичине дагы кандай сырларды камтый турганы, эмнеден келип чыгарына кызыгып Психикалык ден соолук борборунун директорунун орун басары Кубанычбек Эрмагалиевдин кабинетин аттадык.
– Алгачкы суроо, шизофрения дарты эмнеден келип чыгат?
– Муну «өнөкөт жин оорусу» десек туура. Жан дүйнөнүн тең салмактан чыгып, руханий дүйнөгө жик кетүүсү, башкача айтканда, психикалык оору. Көбүнчө аялдар жабыркайт. Тукум кууган жана кийин пайда болгон түрлөрү бар. Тукум кууган түрүндө бала аталган оору менен туулат, кээ биринде оорусу кичинесинде козголсо, айрымдарда кийин козголот. Мисалы, бир жигиттин дарты 1-курста окуп жүргөндө козголгон. Аны «колумда бактериялар толуп кетти, жуубасам ичиме кирип, өлүп калам» деп колун ар бир 15-20 мүнөт сайын жууп калганда алып келишкен.
Кийин пайда болгон түрүнө үй-бүлөдөгү тыйылгыс уруш-талаш, жумушсуздук, үй-жайдын жоктугунан азап тартуу, төрөттөн кийинки жана жакын адамынын кайтыш болушунан депрессияга түшүү, жумушта дайыма стресс болуу, жоопсуз сүйүү сыяктуулар себепчи болууда. Айрым учурда баштан жаракат алуу да дартка жеткирет. Өткөөл курактагы балдар аталган ооруга көбүрөөк кездешет жана суицидге чейин барышат.
– Оору кайсы сезондо көбүрөөк кармайт?
– Жазында жана күзүндө, бирок эмнеден экенин окумуштуулар да так айта алышпайт. Сыягы жаздагы күндүн нурларынын көбөйүп, гормондорго таасир этиши, аба ырайынын алмашышы, кеч күздө тескерисинче, күн нурунун азайышы себепчи болот.
– «Жиндеп кетти» деп алып келгендердин баарын кабыл ала бересиздерби?
– Бизде 3 врачтан турган комиссия бар. Алып келинген адамды үчөө 3 күн текшерип, атайын тесттен өткөрүшөт. Окулист, невропатолог да текшерет. Анан барып диагноз коюшат. Өзүнө жооп бере ала тургандардын өзүнөн дарыланууга макулдугун алабыз. Оорусу катуу кармаганды алып келишсе, бирок бейтап дарыланууга макулдугун бербесе, Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна «өзүнө-өзү жооп бере албайт» деп кат жазабыз. Алар дарылатуу тууралуу чечим чыгарып берет, анан дарылай баштайбыз.
Биздин борбордо акыйкатчынын кабинети бар. Ал 3 эксперти менен бизге түшкөн ар бир бейтапка жолугуп, сурап турат. Андыктан келгендерди зордоп дарылатуу деген жок.
– Элирип, эч кимге баш бербей калгандарды кинодогудай кылып таңып коёсуздарбы?
– Ооба, мыйзам боюнча 2 саатка атайын жумшак жиптер менен таңып коюуга акыбыз бар. Бирок атайын дарыны сайсак, 30 мүнөттө жоошуп калат да, жипти чечип коёбуз. Оорусу курчуп, өзүнө жооп бере албаган кезде сөзсүз ооруканада дарылатуу зарыл. Болбосо чөйрөсүндөгүлөргө коркунуч туулат. Чаап, тиштөө биякта калсын, бирөөнү же өзүн өлтүрүп коюшу ыктымал.
– Дарылап-айыктыруу жолдорун айтсаңыз?
– Нейролептик (психикага таасир этүүчү) дары-дармектер менен 45 күн дарылап чыгарабыз. Абалы жакшырбагандар амбулатордук дарыланууга өтөт. Таза айыктыруу күмөн. Өмүр бою дары ичип, психиатрлардын каттоосунда болушат. Дарыланып чыккан соң кээ бирөөлөрдүн оорусу бат-баттан кармаса, айрымдардыкы 6 айда же 1-5 жылда бир кармайт. Оорулар дартына жараша 3 топко майыптыкка чыгарылат. Алардан III топтогулар гана сугатчы, сантехник болуп иштей берсе болот.
Оору күчөп кеткенде адам кем акыл болуп, өзүн-өзү тейлей албай калат. Аны бирөө ичирип-жегизип, алдын тазалап турат. Аларды караган санитаркалардын айлыгы 4400 сом.
– Туугандары оорулуу жакынынан баш тарткан учурлар көп болсо керек?
– Ооба, бар. Оорусу өтүшүп кеткендерди Чым-Коргондогу психиатриялык ооруканага, оорусу жеңилдерди карылар үйүнө которобуз. Өмүрү өткүчө ошол жерде болушат.
– Врачтарга кол салышы мүмкүнбү?
– Кээде болот. Чаап, уруп жиберет. Мурун врач, санитарлардын колу-бутун сындырган, Чым-Коргондогу жиндиканада бир врачты бычак менен сайып өлтүрүп койгон учур катталган.
– Мындай оорукчандар менен иштөөдөн сиздердин кызматкерлердин психикасына доо кетпейби?
– Психикасына кээде үстүртөн, жеңил таасир этиши мүмкүн. Андайда эмгек өргүүгө чыгышат же нервди тынчтандыруучу каражаттарды ичишет. Жеңилдиктерди айтсам, бардык кызматкерлердин айлыгына 25 пайыз кошулат. Эмгек өргүүсүнө 45 күнгө чыгабыз.
«ЖИНДЕР ЫПЛАС ЖҮРГӨНДӨРДҮ, ИЧКИЧТЕРДИ КӨП ЖАНДАЙТ»
«Жин оорусуна кабылгандарды диний билими барлар «ичине жин кирип кетиптир, дем салып, дуба окуп чыгардым» дегендерин угуп келебиз. Муну кандай түшүнсөк болот?» деп «Акыл-эс, ыйман» коомунун жетекчиси, диний эксперт ДҮЙШӨН АБДЫЛДАЕВге кайрылдык.
– Жиндерди Алла Таала оттон жараткан. Мусулманы, каапыры, эркеги, ургаачысы болот. Көбүнчө ыплас, кир, ичкилик ичилип, кумар оюндары ойнолгон жана таштанды төгүлгөн жерлерде, дааратканада жүрүшөт. Оозду ачып эстегенде, быссымылда дебей туруп тамак жегенде, ичкилик ичкенде, ээн талаада оозду ачып уктап калганда жана башка учурларда ичке кирип кетет. Киргендеги белгилери: адам өзүн карабай, эч нерсеге кызыкпай калат, жакындарын жат адамдай кабыл алат. Бурчта өзү менен өзү болот. Кийинчерээк көзүнө ар нерсе көрүнгөнүн айта баштайт жана башка.
Кирип, кан менен кошо айланып жүрөт. Мусулмандары жамандык кылбайт, оору жаратпайт. Каапырлары адамдын оюн ээлеп, кылмышка, сүткорлукка, кумарпоздукка, моралдык жактан бузулууга түртөт. Акырындап оору жарата баштайт. Кээде топ-тобу менен же бирден кирип кетиши мүмкүн. Чыгаруу үчүн Курандагы керектүү сүрөлөрдү окуу керек. Кээ бирлердин ичиндеги жинди 1 күн окуп чыгарсак, айрымдардыкын 3 же 5 күн окуп чыгарабыз.
ООРУНУН БЕЛГИЛЕРИ
Окумуштуулар шизофрениянын белгилерин позитивдүү жана негативдүү деп бөлүшөт.
Негативдүү белгилери
Максатка умтулуунун жоктугу
ПОЗИТИВДҮҮ БЕЛГИЛЕРИ
Галлюцинация
Чектен тыш идеялар
Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg