Мындан 1 жыл мурун Ош шаарынан жумуш издеп Бишкекке келген 24 жаштагы Элмира Гимазидинова быйылкы кыштын суугунда жатарга үйү жок, жер төлөдө жашап жүрүп эки бутун суукка алдырып алган. Анын 2 бутуна тең операция жасалып, тизеден ылдый кесилди.
«ТУУГАНДАРЫМ МЕНЕН УРУШУП БИШКЕККЕ КЕЛЕ БЕРГЕМ»
Алгач Бишкек шаарындагы Мамбет Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборуна барып ЭЛМИРА ГИМАЗИДИНОВАга жолуктук. Каарманыбыз оор тагдыры тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди:
– 24 жаштамын. Ош шаарынан болом. Атам кичинекей кезимде каза болуп калган. Апам болсо 2011-жылы бөйрөк оорусунан улам көз жумду. Үй-бүлөдө 4 бир тууганбыз. Мен үчүнчүсүмүн, эжем менен агам оорукчан. Алардан тышкары иним бар, ал Ошто базарда араба түртүп иштейт. 8-класска келгенде окууну таштап, Оштогу базарда жер-жемиш сатып жүрдүм. 1 жарым жыл мурун көкүрөк жагым катуу ооруп үйдө жатып калдым. Туугандарым акча таппай жатып калганымды жактырышкан жок. Ошонун айынан алар менен уруша кетип Бишкекке келе бергем. Бул жакка келгенде ар кайсы ашканаларда идиш-аяк жууп иштеп жүрдүм. Акыркы жолу Москва жана Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишиндеги ашканада иштедим. Жумуш оор болгондуктан, ал жактан чыгып кеткем. Андан кийин жумуш таба алган жокмун.
Бишкек шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн жер төлөлөрүндө жашап жүрдүм. Быйыл февраль айынын башындагы катуу суукта бутум ооруган, бирок ооруканага кайрылган эмесмин. Акыркы учурларда Чыгыш-5 кичи районунда баш калкалап жүргөнүмдү ошол жакта жашаган тургундар көрүп калышып, мени ооруканага жөнөтүшкөн. Бул жактан чыккан соң туугандарыма баргым келбейт.
«БУТТАРЫ ЧИРИП, КУРТТАП КЕТКЕН ЭКЕН»
Хирургдар кыздын үшүк алган буттарын кесүүдөн башка жол калбаганын айтышууда. Улуттук хирургия борборунун ириң хирургия бөлүмүнүн жетекчиси Бейшен Эралиев Элмира тууралуу буларга токтолду:– Элмира бизге 23-февраль күнү «Тез жардам» кызматы аркылуу келип түштү. Карасак эки бутун тең үшүк алып кетиптир. Буттары шишип кеткендигине байланыштуу бут кийимдерин чече албай койдук. Бут кийимдерин кесип карасак эки буту тең чирип, курттап кетиптир. Бери дегенде 1 ай, болбосо 3-4 ай бут кийимин чечкен эмес окшойт. Дарыгерлер чогулуп, дароо эле операция жасап буттарын кесип салалы дедик. Бирок кыздын абалы өтө начар, кан басымы төмөндүгүнө байланыштуу ал күнү жаткырып, операцияга даярдап дары-дармектерди бердик. Өз алдынча тамак иче албай койгонунан түтүк менен ичирдик. Эртеси эсине келди, бирок унчукпайт. Операцияга макулмун же макул эмесмин деп да айтпайт. Акыры биз чечим кабыл алып, тизеден ылдый эки бутун тең кестик.
Элмиранын туугандары жок, үй-жайсыз болгондуктан бардык дары-дармектерин оорукананын эсебинен берип жатабыз. Андан тышкары кайрымдуу адамдар, бейөкмөт уюмдар Элмирага майыптар отуруучу араба, уюлдук телефондон тарта кийим-кече, тамак-ашына чейин жардам берип жатышат. Азыр Элмиранын абалы жакшы, жакынкы күндөрү чыгарабыз. Кийин жасалма буттун жардамы менен басса болот. Бирок үй-жайы, туугандары жок болгондуктан кайда чыгарабыз деген суроо түйшөлтүп жатат. Чүй облусунда үй-жайы жок майыптар үчүн атайын баш калкалоочу жай бар, Элмираны да ошол жакка жиберебиз го.
«ЖЫЛЫНА 20-30 КИШИ БУТУ-КОЛУН ҮШҮККӨ АЛДЫРАТ»
Элмиранын бутуна операция жасаган хирург Манас Рысбеков болсо Элмирага окшоп бутун үшүккө алдырткандар көп экендигин айтат:– Элмирага окшогон үй-жайы жок, суукта буту-колун үшүтүп алып жылына 20-30 киши биздин ооруканага келип түшөт. Быйыл эле 20-25тей адам түшүп, алардын үчөөсү каза болуп калды. Негизи үшүк 4 даражага бөлүнөт. 1-2-даражасын операция жасабай эле дарылайбыз. Ал эми 3-4-даражада үшүккө кабылгандардын колу-буту чирип кеткендиктен кесүүгө туура келет.
«ЭЧ КИМГЕ ЖАРДАМ СУРАП КАЙРЫЛЧУ ЭМЕС ОКШОЙТ»
Элмираны убагында көрүп, ооруканага алып келишпегенде анын өмүрү сакталып калат беле, белгисиз. Чыгыш-5 кичи районунун жашоочусу Таттыгүл Жолборсбекова окуя тууралуу буларга токтолду:
– 23-февралда эртең менен чай койгону ашканага чыгып, терезеден сыртта отургучта бир бейтааныш кыз отурганын көргөм. Түштө карасам да отуруптур. Кийин кечки тамакты жасайын деп ашканага кирип, терезеден жанагы кыз дале отурганын көрдүм. Чыдабай сыртка чыгып жанына барсам, алгач менден коркту. Менимче, бул кызды мурда бирөөлөр таарынтып, адамдарга ишенбей калган. Ал кыз менен таанышып, үйдөн тамак алып чыгып бердим. Карасам буту канап, бут кийиминин сыртына чейин чыгып кетиптир. Анан кошуналарды, аймактык инспекторду чакырып кызга жардам берүүнү кеңештик да «Тез жардам» чакырып, ооруканага жибердик. Элмира аябай жоош кыз экен. Эч кимге кайрылып жардам сурабай, өз алдынча эле жүрө берчү окшойт.
«ЭЛМИРАНЫН ӨЗ ҮЙҮНДӨ ЖАШАШЫН КААЛАБАЙБЫЗ»
Биз каарманыбыздын Ош шаарындагы коңшусу КЫЯЛ ҮСӨНБАЕВА менен байланыштык:– Элмира эжеси экөө базарда баклажка чогултуп сатып күн көрүшчү. Экөө тил табыша албай, ошол себептен Бишкекке кетип калыптыр. Эжеси бир аз оорукчан. Дагы бир уурулук кылып түрмөдө отуруп чыккан агасы бар. Ал ичип келип буларга тынчтык бербей сабай берип тажаткан окшойт. Алардын үйүндө эң кичүү иниси эле тыңыраак. Кошуналар кеңешип, акча чогултуп ошол инисин борборго жиберип, Элмираны алдыралы деп жатабыз. Мечиттен да кайрымдуу адамдар акча чогултуп беришти. Кечээ үйүнө кирсек, эжеси таштандылардын бардыгын үйүнө чогултуп алыптыр. Урушуп, үйүн тазалаттырдык.
Биз Элмира келсе да туугандары менен үйүндө калышын каалабайбыз. Себеби эжеси менен агасы аны жакшылап караарына ишенбейбиз. Ооруканадан чыккандан кийин социалдык кызматкерлер менен кайда алып барууну бирге чечебиз.
Бейтап ооруканадан жакын арада чыгат. Бирок аны кайда алып барыш керек? Ушул суроого дарыгерлердин да, кошуналарынын да башы катып жаткан чак. Тиешелүү кызматкерлер бул окуяга кайдигер карабай, Элмирага ыңгайлуу шарт түзүп берет деген ишеничтебиз.
Асхат Субанбеков
koom@super.kg