ЖАШТЫК ЖАҢЫЛЫШТЫГЫ ЖЕ ТАЛАШКА ТҮШКӨН НАРИСТЕ

Бактысыз үйбүлө...

Темир менен Салкын ата-энесинин макулдугу менен үйлөнүп калышканы айылдагы­лар­дын жалпысына маалым эле. Ар дайым жети өлчөп бир кескен токтоо жигит менен аш­кере шайкелең, керек жерден карөзгөй­лөнө калп айтып жиберчү Салкындын бир үйбүлө болуп түтүн булатып калганына баары таң­калышчу.
– Темир, өз жашооңо эмнеге мынча кайдыгер карадың? Ушунун колуна түшчү жигит сен белең? Аның деген айылдын жарым эркеги ме­нен соо эмес...
Досторунун бул сөздөрүнө оор үшкүрүп тим болгон Темир. Кайдан айтат? Коюңуз деп моюн толгогон күнү апасы жүрөгүн мыжып жы­гылганы калппы? Салкындын чоң кызматта иштеген атасынын жардамы менен агасы карьерасын түзүү үчүн ушул ишке барганын кимге айтат?
Анын үстүнө Салкындын чырайы да бир топ эле. Эмнеси болсо да кол кармашкан экөө бактысын издеп калааны көздөй жөнөшкөн. Убакыт өтүп кыздуу болушту. Бирок, Салкындын шайкелең мүнөзүн бала да өзгөртө алган жок.
– Салкын, кызыңды колуңа алсаң боло... Ыйлап жатып боргулданып калды окшойт.
Эшиктен кирип келген кошунасы таңкала унчукту. Ыйлап жаткан наристени карабай өз алдынча бөлмөдө басып жүргөн келинди ээрчий караган кошунасы сөзүн бүтүрүп-бүтүр­бөй аяктады. «Ой-тобо, ушундай мерез жан болобу?» Салкын болсо ыйлап жаткан наристесин да, аста кобурап, өзүн таңкала тиктеген кошунасын да капарына албады. Өз ойло­ру менен алектене берди. Эркин өскөн куштай элирген өз көңүлүн тыя албай, каңырыгы түтөп турду. «Мен Темирдин кийимин жууп, ка­за­нын асыш үчүн жаралыпмынбы? Мага деген оюн керек, күлкү керек» деп жатты оюнда. Жаштыгы, кербездиги менен чыныгы бакыт ушул экенин сезбей турду.

Кырсык

Такси айдап, күнүмдүк тиричилигин кылып жүргөн Темир капилет кырсыкка учурады. Кечке маал машинасы менен үйүнө шашып келе жаткан эле. Беш айга толуп, торолуп калган кызын көргүсү келип дегдеп алган. Ошентип келе жатып каршысынан чыга калган машинаны кеч көрүп калды. Карс этип келип тийген машинанын үнүн укту да, эс-учун жоготуп баратып, тээ көңүлүнүн түпкүрүндө «өлдүм!» деген ойдун жылт эткенин туйду. Андан ары кандайдыр бир туңгуюкка кулап бараткандай. Ошол боюнча эс-акылын эки жумадан кийин жыйды. Көзүн ачып эле кайда экенин түшүндү. Жанында өзүнөн көзүн албай, жалдырап турган энесин, арыраакта атасын, агасын көрдү. Негедир Салкын жок. Бир нерсе айтайын десе тили күрмөөгө келбейт. Уулунун көз карашынан кимди издеп, кимди жоктоп жатканын эненин кыраакы туюму биле койду.
– Балам, капа болбо. Келинчегиң келет. Баласы менен кыйналып жатат жаш неме. Эртең келет,- деди.
Оозу бош айтып жатканын сезип, сөздү баш­­ка жакка бурайын деди окшойт эне кургур. Темир акырын көзүн жумду. Бирок, Салкын келген жок. Эртеси, анын эртеси да келбеди. Акыры Темир кызы, аялы тууралуу апасынан сурады.
– Өх, уулум, эмнесин айтайын. Боорубузга жылан басып жүргөн экенбиз. Өзүм билемдик кылып алып берип койдум эле.
– Айтчы, апа, эмне болду?- кыжырлана кыйкырып жиберди Темир.
– Аның кетип калды, балам. Сени реанимациядан чыгарбай, «аман калабы же жокпу, аман калса да майып болуп калат» деген догдурлардын кебине ишенип алган го. «Мен өмүр бою ошол майып менен жашайт бекенмин» деп түйүнчөктөрүн түйүп алып кетип калыптыр. Баланы да таштап кетти, шуркуя.
Темир терс бурулду. Көзүнөн аккан жашты энесине көрсөткүсү келген жок. Кайгы-ызасын көтөрө албай майышып турду. Көңүлү таптакыр ордуна келбестей сынып быркыранып жат­ты. Ооруканадан чыккандан кийин гана турмуштун кыйын бороону али алдыда экенин туйду. Кенедей наристесин бооруна кысып алып жүрө берүү адаты эле. Кээде кошуналарына таштап коюп, базарда иштеди, кароолчу болду. Түрдүү иште иштеди. Ата-энеси «сага кыйын болот, баланы биз алып кетели» десе өжөрлөнүп таптакыр болбой койгон. «Апасынын таштап кеткени эле жетишет, эми ата мээримин да көрбөй өтөбү кызым» деп так кесе жооп берген эле. Ошондон бери эле желкесинде, койнунда жүрүп чоңойду кызы.

Жолугуу

– Байке, келиңиз, мен кызыңызды ала турайын,- маршруткада алдыда отурган кичипейил кыз Темирдин колунан кичине кызды ала койду.
Ыңгайсыздана жылмайып, Темир «ыракмат» деди.
– Сиз дайым ушул маршруткага түшөсүз. Дайым кызыңыз менен. Бакчага алып барасызбы?- деди кыз күлүңдөй суроолуу тигилип.
– Ой, ооба... жок...- карбаластаган Темирдин абалы боор ооругандай эле.
Кыз аны ыңгайсыз абалдан чыгаргысы келгендей өз атын айта салды:
– Мен сиздин үйүңүзгө жакын жашайм. Атым Асылтай.
– Темир.
Ошентип, таанышып калышкан. Ошондон кийин Асылтайга кызын таштап, тиги жакка, бул жакка кетип, таза эле көнүп алды Темир. Кызы да мурункудай чыргоолонбой, момпоюп калып калчу болду.
Мына ошондогу табышмактуу сулуу кыз азыр жанында отурган келинчеги Асылтай эле.
Эми минтип...

Сот залы

– Мага кызымды алып бергиле. Мага мындан башка эч нерсенин кереги жок. Ооба, кичинесинен мен баккан эмесмин. Бирок, Кудай турат го, мен төрөгөм бул кызды. Мен энесимин!- көзүнөн жашы буурчактаган татына келинди чын эле сот залындагылар аяй карап жатышты.
Келиндин көз жашы бир гана Темирдин жана Асылтайдын жүрөгүн козгой алган жок. «Ай, Салкын, ай. Мен энемин дейсиң! Төрөп өмүр берген эне эмес, анын азабын тартып, көкүлүнөн сылап, көлөкөдө өс­түр­гөн эне. Кызымдын чыныгы энеси мына, менин жанымда отурат. А сен...» Темирдин көздөрү ушуларды айтып турду. Чын эле туубаса да тутунган Асылтайдын көз жашы көл болуп отурган.
Темир менен Салкын ошончо жылдан кийин мына бүгүн сот залында кезигип отурушат. Алты жылдан кийин келип, ээлик болуп турган Салкын эмес, кенедейинен асырап өстүр­гөн Асылтай энеси эле. Кызы айткандай «өзүнүн мамасы» болчу. Ошентип, сотто бир кезде энелик бакытты чанган Салкын да, кыздын чыныгы энеси Асылтай да, Темир да чыгып сүйлөштү. Бир топ калыстар өз оюн айтты. Ал эми кичинекей наристенин жаңырык авазы соттон да адилеттүү чечимди чыгарды. «Мен Салкындын кызы эмесмин. Мен өзүмдүн мамама барам!» деди кичине кыз.
Бирок, негедир Салкын бул чечимди, кызынын жүрөгүн уккусу келбеди. «Мен төрөгөм, бул менин кызым» деп көшөргөн оюнан кайт­пады.
– Темир, менин бул кыздан башка эч кимим жок. Жакындарым да калбады. Мен мындан ары төрөй албай да калдым. Бурганактуу өмүрүмдүн артына кылчайсам, сенин сүйүүң, анан мобу наристем гана калган экен. Сенин сүйүүңдү кайтарып ала албайм. Бирок, баламды ала алам,- деди Салкын.
Көпкө талашып-тартышып жатып сот кыздын али жашы жете электигине байланыштуу өз алдынча чечим кабыл ала албасын эске алып, Салкынга берилсин деген чечимин чыгарды.
– Атаке, ата, апа, мен силер менен кетем. Мен силер менен... Мен анын үйүндө жашабайм. Ал менин апам эмес...- чыңырган кыз эч нерсеге карабай, өзүнө сунулган колдордон буйтап отуруп атасына жетип, боюн таштады.
Мөгдүрөп ыйлаган Асылтай да кызын кучактап боздоду. Бирок, тизелеп отура калып бооруна кыскан атанын эркине болгон жок. Кызынын жылуу колдору өзүнүн колунан ажырап бара жатты.

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 218, 5-11-январь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан