Суроолорго «Арстанов и Ко» компаниясынын юристи АЙНУРА МАМАШОВА жооп берет.
«НАН ЧЫГАРУУЧУ ЖАБДУУЛАРЫМДЫ БЕРБЕЙ ЖАТАТ»
– Алайдын Гүлчө айылына нан чыгаруучу цех ачкам. Бул жайды ижарага алып жатып ээсине «ишим жүрүшүп кетсе ижара акысы катары 5000 сомдон төлөйм» деген элем. Эч кандай келишим түзүлгөн эмес, оозеки эле сүйлөшкөнбүз. Аталган жайды 17 миң сомго оңдоп-түзөттүм. Ишим жүрүшпөй, ижара акысын да төлөй албадым. Ошентип 3 ай өтүптүр. Цехти жаап, ичиндеги 120 миң сомдук жабдыктарымды алып чыгып кетейин десем «ижара акысын төлө» деп жердин ээси бербей жатат, менин оңдоп-түзөөгө кеткен акчамды эсепке албай.
Айнура, Гүлчө
– Жазуу жүзүндө келишим болбосо алып кете алат. Биринчи кезекте экөө өз ара келишимге келишсин. Бир чечимге келе алышпаса, анда "бирөөнүн мүлкүнө мыйзамга жат түрдө ээлик кылуу" беренеси боюнча ички иштер органдарына кайрылуусу керек.
«ПЕНСИЯМДЫ КӨБӨЙТҮҮ ҮЧҮН КАЯККА КАЙРЫЛАМ?»
– Азыр жолдошум экөөбүз тең пенсиядабыз. Ал 42 жыл Нарында курулуш компанияларында башчы болуп, мен 35 жыл башкы эсепчи болуп иштедик. Жолдошум ошончо жылдык эмгек стажы менен 4200 сом, мен 5000 сом пенсия алам. Туура эмес эсептелип калса керек деп ойлойм, кайсы жерге арыздансам болот?
Майрам, Нарын
– Пенсия Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду аркылуу чектелет. Кат ээлери союз маалында иштегендер болсо керек. Иштеген жылдарындагы эң көп алган айлыгынын 5 жылдыгы каралып, ошол айлыктын орточо суммасы пенсия катары чегерилет. Эгер пенсия туура эмес чектелген деген шектенүүсү болсо, өзү жашаган аймактагы Социалдык фондго арыз менен кайрылуу кажет. Ал жерден пенсиянын чегерилишин түшүндүрүп беришет. Туура эмес чегерилген болсо укугу бузулгандыгы туурасындагы арыз менен сот органдарына кайрылуу зарыл. Канча акчасы алынбай калса сот ошону аныктап, тактап, өндүрүп берет.
«ШАРТТУУ ТҮРДӨ КЕСИЛГЕН БАЛАМДЫ СИЗОДОН ЧЫГАРБАЙ ЖАТЫШАТ»
– Балам достору менен Бишкектен машина айдап качышыптыр, болгондо да эжесиникин. Эжеси тосмо арыз жазып берген. СИЗОдо отурганына 1 жыл 4 ай болду. Балыкчыдан келем, сотун улам бир датага жылдырышат. Баламдын анча катыштыгы жок экен деп шарттуу түрдө 2 жылга, ал эми кылмышты уюштуруучулардын бирөөсүн 17 жылга, дагы бирин 15, үчүнчүсүн 9 жылга кескен. Кесилген балдар «мынча көп жыл берүү туура эмес» деп арыз жазышкан экен, ошондон улам баламды да чыгарбай коюшту. Киши өлтүргөндөр да 17 жылга кесилбейт го. Бул боюнча каякка кайрылсам болот? Баламды кантип чыгарам?
Курманбүбү, Балыкчы
– Эгер берилген 17, 15, 9 жылды көп деп эсептешсе, райондук соттун өкүмүнө макул болушпаса жогорку инстанцияга арыз менен кайрылышсын. Негизи машина уурдоо боюнча 172-берененин негизинде 12 жылдан 20 жылга чейин жаза чектелген.
Ал эми шарттуу түрдө кесилген баланын СИЗОдо кармалып жаткандыгы боюнча айтсам, анын үстүнөн кармалган топтогулардын бирөө-жарымы, адвокат, прокурор «мунун жазасы жеңил болуп калды» деп арыз жазышы мүмкүн. Мындай маанидеги арыздар болсо өкүм күчүнө кирбейт.
«НЕБЕРЕМ ЧОҢ АТАСЫНЫН ҮЙҮНӨ ЭЭ БОЛО АЛАБЫ?»
– Кызымды ала качып кетишкенде "жашайм, жашабайм" деп жүрдү. Кудам менен кудагыйым жакшы кишилер эле. Кызым үйгө качып келсе «биз турганда ажырашышпайт» деп кайра өздөрү алып кетишчү. Канча аракет кылбайлы болгон жок, кызым уулдуу болгондон кийин келип алды. Ошол учурда ал «баары бир жашабайм, уулумду өзүм багам» деп кагаз жазып берип коюптур. Азыр неберем 21 жашта. Кудам менен кудагыйымдын көзү өтүп кетти, алар көзү тирүүсүндө Кеминдеги үйдү неберебизге, менин кызымдын уулуна каттатабыз дешчү. Ата-энесинин көзү өтүп кеткенден кийин күйөө баламдын агасы үйдү өз уулуна каттатып алыптыр. Күйөө балам 21 жыл алимент төлөбөсө же үйдү беришпесе, ошончо жылдык алиментти төлөтүп алсак болобу?
Аттокур, Кемин
– Алимент сотко арыз жазылган күндөн баштап гана бала 18 жашка чыкканча төлөнөт. Кыргыз республикасынын мыйзамына ылайык, арыз жазылганга чейинки алиментти өндүрүүгө жол жок. Эгер нике күбөлүгү жок, бирок күйөө баласы менен кызы бир нече жыл чогуу жашашса, чогуу жашаган мезгилде үйдү оңдоп-түзөшсө үй башка бирөөгө катталган күндө да балдардын үлүшүн эске алып, аял үйгө канча бир пайыз ээлик кыла алат.
«Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык кеңешке муктаж болсоңуз, бизге кайрылыңыз. Суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.
Сүйүн Кулматова
kenesh@super.kg