ЭСТЕН КЕТКИС БЕЛЕК ЖЕ ЭСТЕЛИК МОНЕТАЛАР

Коллекциялык монета – бул өтө көп эмес даанада чыгарылып, атайын коллекционерлер үчүн багытталат. Аны өндүрүүнү банк же мамлекет өзү колго алып, ар кандай иш-чараларга, белгилүү инсандарга, жер-шаарларга же сейрек жаныбарларга арнап чыгарат. Көбүнчө эстелик монеталар баалуу металлдардан (алтын, күмүш) же түстүү металлдардан (жез, никель, мельхиор) жасалат. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы дагы коллекциялык монеталарды 1995-жылдан бери чыгарып, нумизматтар гана эмес, эксклюзивдүү белектерди жактыргандардын суроо-талабын орундатып келет. Улуттук банктын Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгынын Эксперттик бөлүмүнүн башкы экономисти Эсенгелдиева Күмүшай Темировна менен жергиликтүү коллекциялык монеталардын өзгөчөлүктөрү, баалуулугу жана аны өндүрүү менен элге жайылтуунун жолдору тууралуу маектештик.

– Саламатсызбы? Алгач баалуу металлдардан жасалган коллекциялык монеталарды чыгаруу тарыхына токтоло кетсеңиз. Алар эмне максатта чыгарылат?
– Саламатчылык! Баалуу металлдардан жасалган монеталар эсептешүү системасында пайдаланылбай калган, бирок азыркы учурда дүйнөнүн 75тен ашык өлкөлөрүндө баалуу металлдардан жасалган 650 түрдөгү монеталар чыгарылат. Алардын негизги максаты – эркин акча каражаттарын чегерүү үчүн өзгөчө шайман катары кызмат кылуу.
Коллекциялык монеталарды чыгаруунун негизги максаты – бул руханий-агартуучулук болуп саналат. Мындай монеталар эмитент (акча бирдигин чыгаруучу) өлкөлөрдө расмий төлөө каражаты катары жарыялангандыгына карабастан, иш жүзүндө төлөө каражаты катары колдонулбайт. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 1995-жылы алгачкы коллекциялык монеталарын «Манас» эпосунун 1000 жылдыгына арнап чыгарган. Ал эми 2000-жылдан тартып жыл сайын коллекциялык монеталарды чыгарып келет.



– Коллекциялык монетаны жаратуу оңойго турбаса керек. Монетаны жаратуунун эрежеси жана тартиби тууралуу айта кетсеңиз. Аны кимдер жана кандайча жаратат?
– Бир коллекциялык монетаны даярдоого 7-8 айдан 1 жарым жылга чейинки убакыт талап кылынат. Алгач монеталарды чыгаруу боюнча иш планы түзүлөт. Чыгарыла турган ар бир монетанын тематикасына байланышкан материалдар иликтенип, кылдат иштелип чыгат. Улуттук банктын кызматкерлери Улуттук илимдер академиясы, кино жана фото документтердин борбордук архиви, жогорку окуу жайлар жана көптөгөн башка мекемелер менен жигердүү кызматташат. Бүт маалыматтар кылдат чогултулуп жана тандалып, иликтөөгө алынат. Андан кийин гана техникалык тапшырма даярдалып, сүрөтчү-дизайнерлер биринчи эскиздерди иштеп чыгышат. Эскиздердин варианттары Улуттук банктын атайын жумушчу тобу аркылуу кароого алынат. Коллекциялык монетанын акыркы вариантын Улуттук банктын башкармасы бекитет. Андан тышкары Улуттук банктын адистери тандалган, иликтелген материалдарга таянып, монетаны даярдоо технологиялары боюнча сунуштарын иштеп чыгышат. Аягында эл аралык тендер өткөрүлүп, тиешелүү зээркана тандалат. Кыргыз Республикасынын коллекциялык монеталары эл аралык тендердин жыйынтыгы боюнча Казакстан, Литва, Польша, Словакия жана Орусия өлкөлөрүнүн эл аралык статуска ээ болгон зээрканаларында жасалып келет.



– Улуттук банк тарабынан канча коллекциялык монеталар чыгарылган?
– Учурда Улуттук банк тарабынан чыгарылган коллекциялык монеталардын саны 57ге жетти, анын ичинде: алтын коллекциялык монетанын 4, күмүш монеталарынын 41, жез-никель монеталарынын 10 жана мельхиор монетасынын 2 түрү жасалган.



– Коллекциялык монеталардын тематикасынын кандай түрлөрү бар жана нумизматтардын арасында кайсы темалар популярдуу?
– Улуттук банк тарабынан ар түрдүү сериядагы коллекциялык монеталар менен бирге өлкөдөгү белгиленген ири тарыхый окуяларга байланыштуу эстелик монеталар да чыгарылат, мисалы:

  • «Манас» эпосунун 1000 жылдыгына арналып чыгарылган «Манас» алтын жана күмүш эстелик монеталары;
  • Ош шаарынын 3000 жылдыгына арналып чыгарылган «Ош» алтын монетасы;
  • Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 10 жылдыгына жана Эл аралык тоо жылына арналып чыгарылган «Хан-Теңири», «Аркар», «Акмаңдай гүл» күмүш монеталары;
  • Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына арналып чыгарылган «Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негизделиши» күмүш монетасы;
  • Кызматташуунун Шанхай уюмуна арналган «Кызматташуунун Шанхай уюму» күмүш монетасы;
  • Улуттук валютанын 10 жылдыгына арналып чыгарылган «Кыргыз Республикасынын улуттук валютасына 10 жыл» күмүш монетасы;
  • Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 60 жылдыгына арналып чыгарылган «Улуу Жеңишке 60 жыл» күмүш монетасы.

– Дүйнө жүзүндөгү нумизматтар жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсү, спорт жана архитектуралык курулуштардын өкүлдөрүнөн атактуу адамдарга чейин камтыган жана белгилүү тарыхый окуяларды чагылдырган монеталарды сатып алууга өтө кызыгышат. Акыркы кездерде көпчүлүк жарандар коллекциялык монеталарды баалуу белек катары тойлорго, туулган күндөргө жана башка мааракелерге оригиналдуу инвестициялык белек катары тартуулоону адатка айлантып жатышат.



– Монеталардын баасы кантип чечилет?
– Монеталардын сатыкка коюлган наркы анын өздүк наркына дээрлик туура келет, анткени Улуттук банк монетаны сатуудан пайда табуу максатын көздөбөйт. Коллекциялык монеталардын баасы ар кандай болот, мисалы:

  • жез-никель же мельхиор кошулмасынан жасалган монеталар – 110-180 сом;
  • күмүш монеталары – 1500-3400 сомдун тегерегинде;
  • алтын монеталары – 23 000 жана 64 950 сомдон.

Монеталар канчалык аз чыгарылса, наркы ошончолук жогору болот. Аларды Улуттук банктын кассасынан белгиленген баа менен сатып алууга болот. Улуттук банк коллекциялык монеталарды сатууну токтотору менен алардын наркы өсө баштайт. Нускасы түгөнгөн монеталарды Улуттук банк кайрадан жасап чыгарбайт жана жүгүртүүдөн сатып албайт. Монеталардын наркы кийинчерээк нумизматикалык рынокто аныкталат, көбүнчө бул нумизматтардын тандоосуна жараша болот.


– Коллекциялык монеталарды чыгарууда кандай ыкмалар колдонулат?
– Улуттук банктын монеталары дүйнөдөгү алдыңкы ар кандай басуу ыкмаларды колдонуу менен жүгүртүүгө чыгат. Мисалы, «Аруулук уялаган балдар дүйнөсү» күмүш монетасында биринчи жолу түстүү тампондук ыкмасы колдонулган. «Кыргызстан Улуу Жибек Жолунда» сериясындагы күмүш монеталарынын кээ бир бөлүктөрү алтын менен капталган, «Манастын күмбөзү» монетасында оксидирлөө ыкмасы, «Улуу Жеңишке 70 жыл» монетасында тампондук басылма менен голограмманы колдонуу ыкмасы аркылуу басылган. «Ак илбирс» жана «Курманжан датка» монеталары асыл таштарды чөгөрүү менен жасалган, «Түндүк көтөрүү», «ЕврАзЭСке 10 жыл», «Бугу эне» жана «Бүркүт» монеталары түстүү эмаль менен жасалгаланган.


– Коллекциялык монеталар эл аралык сынактарга катышып келеби?
– Биздин монеталар эл аралык деңгээлде татыктуу абройго ээ. Алсак, Чыңгыз Айтматовго арналган күмүш монеталардын сериясы Санкт-Петербург шаарында өткөн «Монеталар топтому-2010» төртүнчү эл аралык сынакта «БИБЛИО-ГЛОБУС» соода үйүнүн Ардак диплому менен сыйланган, ал эми «Улуу Жибек Жолу» сериясынын күмүш коллекциялык монетасы 2013-жылы Берлин шаарында «Krause Publications» басмаканасы тарабынан өткөрүлгөн «Жылдын мыкты монетасы» сынагында «Өзгөчө тарыхый мааниге ээ монета» номинациясынын жеңүүчүсү болду.

«Кыргызстандын тарыхый эстеликтери жана архитектурасы» сериясынан «Саймалуу-Таш» күмүш коллекциялык монетасы «Монеталар даражасы-2014» эл аралык сынагында үчүнчү орунга татыктуу болгон.



– Өткөн жылы өзгөчөлөнүп бриллиант чегерилген алтындан жасалган «Ак илбирс» монетасы жүгүртүүгө чыкты эле. Ушул монета тууралуу айта кетсеңиз. Аны сатып алууга көптөр кызыкса керек...
– 2015-жылдын 25-декабрынан тартып Кыргыз Республикасынын аймагында биринчи жолу асыл таш (бриллиант) кошулган алтындан жасалган «Ак илбирс» монетасы жүгүртүүгө чыкты. «Ак илбирс» алтын монетасынын алдыңкы бетинин негизги сюжетинин карегинде бриллиант чөгөрүлгөн ак илбирстин элеси түшүрүлгөн. Сюжеттин үстүнкү бөлүгүндө монетанын кыргызча «Ак илбирс» жана латынча «Uncia uncia» деген аталышы берилген. Төмөнкү жагында металлдын сапаты (Au 999°) жана монетанын номиналы (200 сом) чагылдырылган. Монетаны тегерете улуттук оюм-чийим түшүрүлгөн. Бул монетага ар дайым суроо-талап бар, активдүү сатылууда.



– Алдыда дагы кандай пландар бар, нумизматтарды быйыл кандай жаңылыктар менен кызыктыралы деп турасыздар
?
– 2016-жылы Улуттук банк «Кыргызстандын кызыл китеби» сериясынан «Айгүл гүлү», «Кыргыз каганатынын доору» сериясынан «Кыргыз каганатынын жеңил куралданган жоокери», «Тарыхый окуялар» сериясынан «1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүштүн 100 жылдыгы» жана «Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнө 25 жыл» аттуу жаңы күмүш коллекциялык монеталары, ошондой эле сериядан тышкары «Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгы» жана «Дүйнөлүк көчмөн оюндары» аттуу жаңы күмүш коллекциялык монеталарын жүгүртүүгө киргизүүнү пландаштырууда.

Коллекциялык монеталар тууралуу толук маалыматты же сизди кызыктырган кошумча суроолор боюнча Улуттук банктын кассасынын 66-91-41 жана 66-91-63 телефон номерлерине кайрылсаңыздар болот. Улуттук банктын музейине экскурсия кылуу тууралуу 66-91-34 телефонуна чалыңыз.


Улуттук банктын коллекциялык монеталары

Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
vangolu
2016-03-23 04:45:41
чооон рахмат коп маалымат алдым
0
Anara1515
2016-03-26 01:25:23
эң жакшы маалымат
0
№ 698, 18-март-24-март, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА