Гезитибизге оор тагдырга, чечүүнү талап кылган көйгөйлөргө туш болгон мекендештерибиз тууралуу макалалар дайыма жарыяланып келет. Биз бул ирет артка кылчайып, 7 жыл мурун болуп өткөн каргашалуу окуя эмне менен аяктаганын окурмандарга кабарлагыбыз келди. Ал окуя 2009-жылдын октябрь айында чыккан гезитибиздин 362-санына «50 миң сом менен кылмыш жабылабы?» деген аталышта жарыяланган эле.
7 ЖЫЛ МУРУН...
2009-жылдын 20-июль күнү Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Маданият айылында каргашалуу окуя катталган. Тагыраак айтканда, аталган айылдын 5 жаштагы тургуну Мадияр кызы Ширин ойноп жүрүп жолдон өтмөкчү болгондо жүк ташуучу
КамАЗ сүзүп, айдоочусу окуя болгон жерден качып кеткен. Жабырлануучу кыз аман калганы менен, дарыгерлерге анын эки колун чыканактан ылдый кесүүгө туура келген. Таенеси Роза Мукадилова Бакай-Ата райондук ооруканасынын дарыгерлери Шириндин туугандары менен акылдашпай, өзүм билемдик менен колун кесип салышкандарын айтып нааразы болгон эле. Мындан тышкары небересин дарылатууга каражат тартыш болуп жаткандыгын, күнөөлүү делген айдоочу Анаркул Керимкулов кийин кармалып, күнөөсү үчүн жооп бербей, милиция кызматкерлерине 50 миң сом берип боштондукка чыгып кеткендигин айтып, акыйкат издеп жүргөнүн билдирген. Ошондой эле Ширин «апа, мен эми кантип тамак жейм, балдар менен кантип ойнойм? Анан алар «колуң кана?» деп сурашса эмне дейм?» деп күн сайын жүрөк ооруткан суроолорду берерин айтып көзүнө жаш алган болчу.
Шириндин азыркы абалы кандай экенин жана жашоо шарты менен жакындан таанышуу максатында каарманыбыздын үйүнө бет алдык.
«НЕБЕРЕМДИ СҮЗҮП КЕТКЕН АЙДООЧУ МЕНЕН ӨЗ АРА ЧЕЧИШИП АЛГАНБЫЗ»
Шириндин таенеси Роза Мукадилова окуя тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди:– Ширин кырсык болгон учурда биздикинде жүргөн. Ойногону эшикке чыгып эле ушундай окуяга кабылып отурат. Неберем кырсыктаганда акыйкаттык издеп каккылабаган эшигибиз калган жок. Айдоочу качып кетип 3 айдан кийин Бишкектен кармалган. Кийин аны менен сотко жетпей өз ара чечишип алганбыз. Шириндин дары-дармегине деп башында 300 миң сом, кийинчерээк 150 миң сом берди. Ошол боюнча бир да жолу келип неберемдин абалын сураганга жараган жок. «Карга карганын көзүн чукубайт» болуп атайын түзүлгөн комиссия неберемдин колун кесип салган дарыгерге карата «колдорун убагында кесип, кыздын өмүрүн сактап калган» деп чечим чыгарышкан.
Ширин кырсыктан кийин 5 ай Бишкектеги №3-балдар ооруканасына жатып дарыланып чыкты. Элден айланса болот, кайрымдуу адамдар Ширинге жакшы жардам беришти. Чогулган каражатты операция жасоого жумшадык, 10 миң еврого Германиядан жасалма кол жасатып келгенбиз. Бирок ал чоңоюп, 6 айдан соң жасалма колу батпай калды. 1-классында мектепке кийип барып жүрдү. Сөөгү өскөнү токтосо, каражат болуп калса, кайрадан жасалма кол жасатып беребиз го.
Азыр Шириндин абалы жакшы. Бишкек шаарындагы мектептердин биринде окуп жатат. Жакшы окуйт. Бир гана жүрөктү өйүгөнү Шириндин ата-энесинин үйү жок болгондуктан көчүп-конуп батирлеп жүрүшөт. Ал эми Ширинге өкмөт айына 3 миң сом пенсия берет. Кызым болсо кичинекей балдарын карап иштебейт. Үйдөн жалгыз күйөө балам гана иштейт, тапканы батирден ашпайт. Өкмөттөн суранарым, үй жагынан жардам кылса жакшы болот эле.
«БАШЫНДА КЛАССТАШТАРЫ ШЫЛДЫҢДАП ЖҮРДҮ»
Ал эми Шириндин апасы Медина Үмөталиева кызы тууралуу буларга токтолду:– Ширин улуу кызым. Андан кичүү 2 уулум бар. Окуя болгондо биз Талас шаарында жашачубуз. Ширин болсо атамдардыкында эле. Кызымды сүзгөн айдоочуну ооруканадан эле бир жолу көргөм, ошондон кийин көргөн жокмун. Кызымды башында Бишкектеги №11-мектепке окууга бергенбиз. Ал жактан классташтары бир нерсе деп айтышчу окшойт, «мени шылдыңдап жатышат» деп ыйлактап келчү. Анда мен «керек болсо буту баспай, мектепке бара албагандар канча?! А сен мектепке барып жатасың, жаза аласың, чуркап ойноп жүрөсүң. Жашоодо ар кандай нерселер болот. Бул деген Кудайдын сыноосу» деп койгом. Ошондон кийин көп деле колу үчүн кейибей калды.
Азыр башка мектепке которулуп жакшы болду. Классташтары да, мугалимдери да жакшы. Мурунку мектебинде эл катары ата-энелер фондуна жана башка нерселерге чогулткан акчаны Ширинден да алышчу. Азыр бул мектебинде болсо жеңилдик берип, акча алышпайт. Мурда мектепке үйдөн сөзсүз бирөөбүз алып барып келчүбүз. Азыр үйдөн кийинтип мектепке жиберем. Классташ кыздары тосуп алып, кызымдын курткасын чечип, кайра кетерде кийгизишип жардам беришет. Өз алдынча жумуштарды жасаганга да көнүп калды. Мен кээ бирде жумуштарым менен бир жакка кетип калсам, кичүү балдарымды Ширинге таштап кетем. Аларга тамак жасап берет. Үйдү жыйнап, полду жууп коёт. Сабак окуганда калемди эки колунун ортосуна кыпчып алып жазат. Кол жазмасы сулуу.
«ЧОҢОЙГОНДО СТИЛИСТ БОЛГУМ КЕЛЕТ»
Жаныбызда уюлдук телефонун чукулап отурган Шириндин өзүн да кепке тарттык:
– №83-орто мектепте 3-класста окуйм. Окуум жакшы, өзгөчө математика сабагына кызыгам. Чоңойгондо стилист болгум келет. Кооз көйнөктөрдү, кийимдерди тигүүнү кыялданам. Классташтарым менен мамилем жакшы. Алар мени бөлүшпөйт, чогуу ойнойбуз. Окуудан келген соң бөбөктөрүмдү карап, апама жардамдашам. Колум оорубайт, жакшы болуп калды.
Кырсык дейбизби же айдоочунун шалаакылыгынын айынанбы, айтор, эң кейиштүүсү оюнга тойбогон курактагы көчөт кыз минтип жөн жерден майып болуп калды. Эми анын келечектеги жашоосуна жакшылыктарды тилейбиз.
Асхат Субанбеков
koom@super.kg