ӨКМӨТКӨ 45 КҮН МӨӨНӨТ БЕРИЛДИ

Электр энергиясынын баасы боюнча маселе Жогорку Кеңеште дагы көтөрүлдү. Талкууда депутаттар электр энергиясын сырттан сатып албаган учурда тариф 1 сом 38 тыйын болушу керектигин айтып, учурда жарандар эмне үчүн 2 сом 16 тыйындан төлөп жатканына кызыгышты. Депутат Экмат Байбакпаев: «Импорт жок болсо да 2,16 сомдон төлөп жатабыз, эмнеге?»- деген суроо берди. Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Таалайбек Нурбашев: «Импортту карызга алганбыз. Карызды төлөшүбүз керек. Төлөп жатабыз»,- деп билдирди. «Эгер импорт жок болсо, карыздардан кутулсак, анда бааны 1,38 сомго түшүрөбүз»,- деп кошумчалады. Депутаттар маселе боюнча канааттандырарлык жооп ала албаганын белгилешти. Ал эми жергиликтүү басылмалардын бирине Таалайбек Нурбашев «700 киловатт-сааттан ашык пайдаланганда 1 киловатт-саат 2,16 сомго бааланган тариф электр энергияны суук мезгилде жылытуу максатында колдонууну чектөө үчүн киргизилген» деп билдирген. Буга чейин өкмөт тарифтердин жогорулашын чет элден келген импортко байланыштырып келген. Кыскасы, аталган мамлекеттик агенттик депутаттарга тариф саясатын түшүндүрө алган жок. Жыйынтыгында тарифтерге тийиштүү токтомду кайра карап чыгуу жана импорттоло турган электр кубатын эсепке алуу менен тарифтерди тактоо үчүн өкмөткө 45 күн мөөнөт берилди. Ал эми электр энергиясы импорттолбогон шартта тариф эмне үчүн 2 сом 16 тыйын болуп жаткандыгы боюнча так маалыматты депутаттар кийинки жыйында уга турган болду.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
anyshka
2016-03-22 12:45:32
Элди кыйнап бутурушту мамлекет.
+1
gulsara2682
2016-03-22 14:32:35
Карапайым эл эле толойт,чиновниктер оздору олуп кетсе толобойт.Кафе-ресторандарды айтпай эле коеюн.
+1
marat009
2016-03-22 15:34:28
Сариев Атамбаевтер Бакиевке светтин акчасын которуп атат деп кууп салган элэ Эми очередь буларда
+2
nasik198
2016-03-23 01:22:36
Карыз толонуп жатабы же чонтокко кирип жатабы ким билет эмнеси болсо да карапайым эл кыйналды чондорго эмне акча проблема эмес да аларга.
+1
naki_83
2016-03-26 14:29:50
Чондорубуз кымбат машина алыш керек,чет жерлерде эс алыш керек,балдары Америка, европада окуш керек. Анын баарына каяктан акча табышат? карапайым элдин акыркы тонун сыйрып алыш керекта.Депутаттын бир эле баласынын кол сааты 50 мин евро турса.Берки деппутаттар менен болушпой коюшса керек.Ошого баягы эле акча болушмой. Элди ойлогон эч Ким жок.
0
№ 698, 18-март-24-март, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан