Тележурналист Эрнис Кыязовдун НТС телеканалынан жумуштан бошотулганы интернетте талкуу жаратты. Бир катар басылмалар «Кыязов президентке Фейсбук баракчасы аркылуу айткан кайрылуусу үчүн жумушунан айдалды» деп жазып чыгышты. Ал эми Кыязов жумуштан кетүү планы болбогонун, анын айдалышы саясатка байланыштуу экенин билдирди.