Акыркы күндөрү бала багуучуларга байланышкан чуулуу окуялар коомчулуктун үрөйүн учурууда. Бала багуучуну тандоодо эмнелерге көңүл буруу керектигин психология илимдеринин доценти Канышай Кожогелдиева айтып берет.
ИЗДӨӨ...
Декреттен жумушка чыга турган эне бала багуучуну алгач туугандарынан, тааныштарынан издейт. Сураштырып таппаганда жарнама агенттиктерине кайрылууга аргасыз болот. Бала багуучунун байланыштарын берген агенттик бала багуучунун мүнөзүн, тажрыйбасын, психикасын текшермек түгүл, өмүр баянын да карап койбосун эсиңизден чыгарбаңыз. Андыктан акчаңызды коротуп агенттик аркылуу издебей, сураштырганды эле улантыңыз.
ЖАШЫ
Эгер бала багуучу жаш кыз болсо, ал үчүн 1-орунда сиздин балаңыз турбайт. Анын максаты – материалдык абалын жакшыртуу, билим алуу, үй-бүлө күтүү, эне болуу. Анын үстүнө ал кыз баланын энеси үчүн кооптуу жагдайларды жаратышы мүмкүн. Үйдө өзүнө каранган жаш кыздын пайда болушу эркектин оюн бузушу ыктымал. Ошондуктан жашы 50нүн тегерегиндеги бала багуучу табуу туура. БИЛИМИ, ТАЖРЫЙБАСЫ
Бала багуучулардын педагогикалык, психологиялык, медициналык билими болгону жакшы. Буга чейинки жумуш орду туурасында аңгемелешип, мектепте, бала бакчада иштеген болсо, жумуштан эмнеге кеткенин сураңыз.ДЕН СООЛУГУ
Бала багуучу сөзсүз медициналык кароодон жакынкы аралыкта өткөн болушу керек. РВ (сифилис), ВИЧ, флюорография (кургак учук), сарык ооруларына анализ тапшырганбы, наркологиялык жана психоневрологиялык диспансерде каттоодо жокпу текшериңиз жана соттолбогондугу тууралуу маалымдама талап кылууну унутпаңыз. 1-ЖОЛУГУШУУ
Бала багуучу менен жолугушканда профессионалдуулугун гана эмес, адамдык сапаттарын да байкаганга аракет кылуу керек. Үй-бүлөлүк жашоо шартын, туугандары менен кандай мамиледе экенин билиңиз. "Эгер бала жыгылып кетсе, кийингенди, жуунганды жактырбаса, дене табы көтөрүлсө эмне кыласың? Баланы кандай кылыгы үчүн какыс-кукус кылыш керек? Камера орнотсо деле иштей бересиңби?" деген сыяктуу суроолорду жаадырыңыз.
Эстеп калыңыз...
КЕЛИШИМ
Көңүлүңүзгө жаккан бала багуучу тапсаңыз, кагаз жүзүндө келишим түзүңүз. Келишимде бала багуучунун милдеттери толук каралышы кажет жана паспортунун көчүрмөсүн, ата-энесинин, жакындарынын, өзүнүн жашаган жеринин дарегин, байланыш телефондорун алып калыңыз.
ЖУМУШКА АЛГАН СОҢ...
ЮРИСТТИН КЕҢЕШИ
«Арстанов жана Ко» юридикалык компаниясынын юристи АЙНУРА МАМАШОВА 2 тараптын ортосунда келишим түзүлүшү керек дейт:
– Эки тараптын ортосунда кагаз жүзүндө келишим түзүлүп, жумуш берүүчү менен жумушчунун укуктары, милдеттери пункт менен көрсөтүлүшү абзел. Бала багуучу тарабынан балага кол көтөрүү болсо, Кылмыш-жаза кодексинде көрсөткөн аракеттерине жараша оор, жеңил жазалар чектелет.
Келишимде аял-күйөө мамилелерине кийлигишпөө туурасында да пункт болууга тийиш. Эгер бала багуучу үйдүн эркеги менен көңүлдөш болсо же тартып кетсе, анда аял келишим бузулду деп сотко арыз менен кайрыла алат. Сот бала багуучудан моралдык зыяндын ордун толтуруу үчүн акчалай түрдө кандайдыр бир өлчөмдө компенсация өндүрүп бере алат.
Сүйүн Кулматова
kenesh@super.kg