Суроолорго Улуттук госпиталдын №3-неврология бөлүмүнүн башчысы ЖАМАЛБЕК ТУРГУНБАЕВ жооп берет
– Сол көзүм кээде токтобой тарта берет. Бул кайсы бир оорунун белгиси эмеспи?
Калиман, Жалал-Абад
– Көздүн тартышы сөзсүз нерв системине байланыштуу. Бул жерде баш сөөк жаракат алган болушу мүмкүн. Дагы бир себеби нерв системинин чарчашынан улам келип чыгат. Мындай учурда комплекстүү дарылануу кажет. Ийне менен дарылоо, нервди тынчтандыруучу дарыларды ичүү, талапка ылайык уктоо, тамак-ашты жакшыртуу менен бул оорудан арылса болот.
«Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык кеңешке муктаж болсоңуз, бизге кайрылыңыз.
Суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеңиздер болот
же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.
Сүйүн Кулматова
kenesh@super.kg