«ЭКИ ТАМАНЫМ ТАКЫР ЖЫЛЫБАЙТ»
Суроолорго Улуттук госпиталдын №3-неврология бөлүмүнүн башчысы ЖАМАЛБЕК ТУРГУНБАЕВ жооп берет
– Кышы-жайы дебей эле эки таманым сыздай берет. Жылытуучу атайын дары майларды (мазь) сүйкөп, жылуу байпак кийип алсам басылып калат. Доктурларга көрүнсөм дарыларды жазып берген, эч кандай жардам болгон жок. Бул оорудан кантип арылам?
Акбермет, Талас
– Тамандын муздашынын эки себеби бар. Кант диабетине анализ тапшыруу керек, эгер бул анализи таза чыкса, анда тизеден ылдый кан тамырларды УЗИден текшертүү кажет, суук тийиши мүмкүн. Ошонун жыйынтыгы менен дарылоо жүргүзүлөт.
«Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык кеңешке муктаж болсоңуз, бизге кайрылыңыз.
Суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.
Сүйүн Кулматова
kenesh@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
Экасистолия тууралуу маалымат бериниздерчи. 4айдан бери журогумдун ритм бузулуп кыйналам.
aijana-kojomberdi, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат. Тиешелүү бөлүмгө жеткирип койдук.
aijana-kojomberdi,экстрасистолия болуп айтылат
Сураныч!!!Менин таманып ысып, талып ооруйт.кээде тиземен ылдыйы таалыйт.эмне себептен билип бергилечи.туну уктай албай кыйналам.Массаж кылсам кичине женилдеп калат.
aikol87, саламатсызбы? Суроолоруңузду
kenesh@super.kg же Суперстандын "Медицина" бөлүмүнө калтырыңыз.
admin_superstan,ушул жерден эле билип бергилечи,аяка бул Жака дебей сураныч.медицина болумунун каягына жуктойм.
aikol87, дарыгерге кайрыл да.
Кант диабети менен ооруса таман муздак болобу??? ((((((
nur007mir009kg, сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер
info@super.kg же
admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.