Суроолорго Улуттук госпиталдын №3-неврология бөлүмүнүн башчысы ЖАМАЛБЕК ТУРГУНБАЕВ жооп берет
– Мындан 4-5 жыл мурун бир жолу кышында көчөгө топусу жок чыгып алдым эле, ошондо башым сыздап ооруган. Ошондон бери эле башым дайыма ооруп баштады. Мурун анда-санда ооруса, азыр тез-тезден кайталанчу болду. Реоэнцефалограмма, эхоэнцефалография дегендерге түшсөм таза чыкты. Дарыгер кагаздарымды карап остеохондроз деген жыйынтыкка келип, "көнүгүүлөрдү жаса" деген. Жарым жылдан бери көнүгүү жасап жүрөм, бирок башымдын ооруганы басылган жок.
Атыркүл, Бишкек
– Остеохондроз диагнозу туура эле болушу керек. Бул гимнастика менен эле айыга койбойт. Кошумча дары-дармек ичүү менен айыктырууга болот.
«Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык кеңешке муктаж болсоңуз, бизге кайрылыңыз.
Суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.
Сүйүн Кулматова
kenesh@super.kg