Сиздердин сурооңуздарга Бишкектеги «НАСА» юридикалык корпорациясынын башкы директору Нурбек Абдалиев жооп берет.
– Менин атам 2-топтогу майып, анын көп кабаттуу үйлөрдүн жанында гаражы бар. Бирок гаражынын оозуна коңшулары жана чоочундар машиналарын токтотуп коё беришет. Бул атама машинасын каалаган убагында пайдалануусуна жолтоо кылат. «Машинаны токтотууга болбойт» деген жазуусу бар тактайчага, оозеки айтканына да көңүл буруп коюшпайт. Бул маселени мыйзам боюнча кандайча чечүүгө болот?
Адилет Чалов, 29 жашта, Бишкек
– Атаңыз машинасын каалаган убагында пайдалана албай жатса, анда гараждын алды жагына жеке, чакан шлагбаум орното алат. Болгону ал ары-бери өткөн адамдарга тоскоол болбогудай, ден соолугуна залал келтирбегидей (чалынып жыгылбагыдай) болуусу зарыл.
Шлагбаум орноткуча гараждын алдына бирөөлөр машинасын токтотуп жана узакка машинасын албаса, анда Жол кайгуул кызматына (МАИ) чалса болот. Алар атайын жобонун негизинде тигил машинаны эвакуаторго жүктөтүп алып кетишет. Машина ээси маселени мыйзам түрүндө чечишип алат.
Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык кеңешке муктаж болсоңуз, бизге кайрылыңыз.
Суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.