Сиздердин сурооңуздарга Бишкектеги «НАСА» юридикалык корпорациясынын башкы директору Нурбек Абдалиев жооп берет.
– Жолдошумдун каза болгонуна 8 ай болду. Балдарыма жөлөк пул алайын дегем, ал үчүн күйөөмдүн каза болгондугу тууралуу маалымдама керек экен. Мен аны убагында алганым менен жоготуп жибергем. Аны кайра ала аламбы?
Жыпара Султанова, 49 жашта, Токтогул
– Жолдошуңуздун каза болгондугу тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсүн райондук Жарандык абалы боюнча актыларды каттоо бөлүмүнөн (ЖААК же ЗАГС) ала аласыз.
Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык кеңешке муктаж болсоңуз, бизге кайрылыңыз.
Суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.