22-мартта Алматы шаарынын 1000 жылдыгына карата өткөн эл аралык төкмө айтышка акын Азамат Болгонбаев катышып кайтты. Ал казак акыны Шугайып Сезимхан менен айтышып, аны сөзгө жыгып 3-орунду эңип келди. «Утуштан да айтышка катышканым чоң олжо»,- деген Азамат мырза 3-орун үчүн 300 миң теңге (60 миң сом) сыйлык алган.