Кыргызстанда жылына өндүрүштө 200дөй кырсык катталат. Албетте, бул расмий бөлүгү гана жана чынында канча адам иш убагында кырсыктаганы жаап-жашырылып келет. Борбор калаадагы курулушта каза болгондор жөнүндө жаңылыктар бүгүнкү күндө көндүмгө айланып бараткандай. Курулушка тиешеси жок адистер да эң жөнөкөй коопсуздук техникасы сакталбаганын түшүнө алат. Февраль айынын соңунда Бишкек шаарынын Жаш гвардия бульвары менен Сыдыков көчөлөрүнүн кесилишиндеги курулуштун 8-кабатынан 32 жашар киши кулап каза тапкан. Ал эми 2014-жылы Москва көчөсүндөгү курулуштан жашы жете элек өспүрүм кырсыктан каза тапканда компания жашы жете элек курулушчу иштеткенин танып, «өспүрүм жөн эле агасына учурашканы келген» деп актанганда эл катуу дуу деген. Өндүрүштөгү коопсуздук жаатындагы абал тууралуу маалымат алуу үчүн Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын эмгекти коргоо бөлүмүнүн жетекчиси БАКТЫБЕК ЖОЛЧИЕВДИ кепке тарттык.
– Саламатсызбы, Бактыбек Казакович? Өндүрүштөгү коопсуздук боюнча өлкөбүздөгү жалпы абал кандай?
– Саламатчылык! 2012-жылга чейин биздин башкармалыкта 62 кызматкер иштесе, реформалоодон кийин 62 пайызга кыскарып, учурда 23 кызматкер эмгектенүүдөбүз. Бизге жарандардан жылына миңден бир жарым миңге чейин арыз түшөт. Негизги бөлүгү төлөнбөй жаткан эмгек акы, иштен жабыр тартканы үчүн компенсация жана жөлөк пул төлөмдөрүн ала албай жүргөндөр жана негизсиз иштен бошотуулар боюнча даттануулар. Өткөн жылы миңдей арызды карап чыктык. Иштин көлөмүн элестетип көрүңүз, ар бир арыздын артынан изилдеп, алыс болсо да барып, документтерин териштирип, жетекчилиги менен жолугуп жана башка иштерди аткарабыз. Өткөн жылы төлөнбөгөн эмгек акынын эсебинен
4 миллион сом, жумуштан алган жабыркоолор үчүн 62 миллион сом доо акы төлөтүлдү. Өндүрүш үстүндө болгон 200 кырсык иликтенип, биз чыгарган тыянактардын негизинде адамдар жөлөк пул ала алышты. 159 адам кырсыктан жабыр тартып катталган, арасынан 101 киши оор жаракат алса, 43 киши каза тапкан.
Иш учурунда кырсыктардын алдын алуу үчүн профилактика жүргүзүү шарт. Бирок ага убакыт жетишпейт. Андыктан биз мамлекеттик стандарт боюнча Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги менен биргеликте өлкөдөгү ишканалардын жетекчилерин жана инженердик-техникалык кызматкерлерин эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасынын негиздерине окутууну чечтик. Өткөн жылы 500 жетекчи окуудан өттү.
– Кайсы тармакта кырсыктар көп катталат?
– Бизде биринчи орунда өндүрүш, экинчиде курулуш, үчүнчү орунда энергетика, андан кийин транспорт тармагы турат. Курулуш жаатында Бишкектеги абалды өзүңүз деле баамдап турсаңыз керек, абал абдан начар, бардык курулуштар эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасын сактабай келишет. Курчоолор жок, тротуарлардын үстүндө калканчтар орнотулган эмес, адамдар коргоочу каражаттарсыз иштешет. Биз болсо аларды текшере да албайбыз. «Ишкердүүлүк субъектилерин текшерүү боюнча» мыйзамынын негизинде биз арыз түшкөндө гана текшере алабыз. Арыз түшкөндө Экономика министрлигине кайрылып, алар уруксат берсе гана текшеребиз. Мындай жагдай менен күрөшүү үчүн Архитектура-курулуш көзөмөл инспекциясы менен кызматташа баштадык, себеби, аларда курулуштарды текшерүү укугу бар. Бир ай мурда биргелешкен семинар өткөрүп, Чүй облусундагы бардык курулуштарды кыдырып, бузууларды каттадык. Азыр шаарда баратып болгон өзгөрүүлөрдү байкай аламын, жүрүп жаткан курулуштардын айланасы тиешелүү түрдө курчалып, жылыш бар. Жакында Ошко сапар алабыз. Ошентип жалпы тартипке келтире алабыз деп ойлойм.
Бизде кайра иштетүүчү чакан ишканалар абдан көп. Көпчүлүгүндө иштеген адамдар коопсуздук техникасына окутулуп, коргоочу каражаттар берилсе да, коопсуздук техникасын бузганы үчүн жаракат алышат. Тоо-кен ишканаларында да кырсыктар көп катталат. Өзгөчө «Макмал» алтын кен комбинаты, ал жакка ай сайын барып текшерип турууга мажбурбуз. «Кумтөрдө» жакында болгон окуяны да уксаңыздар керек. Анализдесек кырсыктагандардын көбү көптөн бери же жаңы иштеп баштаган адамдар экен. Биринчилери өзүн тажрыйбалуу санап, эң жөнөкөй коопсуздук эрежелерин сактабай коюшат. Жаңы иштеп баштагандар болсо начар окутулат же эрежелерге текебер мамиле кылышат. Ошон үчүн Эмгек кодексинде биргелешкен жоопкерчилик тууралуу берене жазылган. Комиссия кырсыкты иликтеп, кызматкердин да, ишке жалдаган тараптын да күнөө деңгээлин аныктайт. Кээде күнөө жабыркаган адамда болсо, кээ биринде жумушка алган тарапта болуп чыгат.
– Тоо кен тармагын сөз кылдыңыз, «Кумтөрдөгү» эмгек коопсуздугуна кандай баа бересиз?
– Чындыгында, Кыргызстандын башка ишканаларына салыштырганда «Кумтөрдө» эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасы кыйла жогорку деңгээлге коюлган. Ал жакта да кырсыктар болот, өндүрүш деген өндүрүш да, 100 пайызга коопсуз шарт түзө албайсың. Адамдык фактор да бар.
– Профсоюздардын өкүлдөрү көмүскөдөгү экономика жөнүндө көп сөз кылышат. Көптөгөн адамдар эмгек келишимин түзбөй иштеп жүрүшөт жана алар боюнча эч ким кабардар эмес...
– Ооба, көмүскөдө калган учурлар өтө көп. Биз эмгек учурунда болгон жаракаттарды кабарлап туруу өтүнүчү менен ооруканалардын травматология бөлүмдөрүнө каттарды калтырабыз. Бирок көбүнесе ишке алган тарап кызматкери менен жең ичинен сүйлөшүп, эч кайда каттаттырбайт. Эгерде иштен улам майыптыкка алып келген илдет өөрчүп кетсе, ал кызматкер эч кандай жардамсыз калат – иш катталган да, иликтенген да эмес, андай адам мыйыптарга берилчү жөлөк пул да ала албайт. Көпчүлүк аны түшүнбөй, бир берген суммадагы акчаны алып унчукпай кала берет, жашырат. Анан бир-эки жылдан кийин майып болгондо келип бизге кайрылат. Дагы жакшы, андай иштерди мөөнөтү жок иликтөөгө ала беребиз. Адамдардын көбү өз укуктарын биле беришпейт.
– Аны менен кантип күрөшүүгө болот?
– Эл өз укуктарын аңдап билүүсү абзел. Эгерде жумуш учурунда жаракат алган адам кайрылса, биз ишке алган тарапты издеп таап, мыйзам боюнча тиешелүү бардык жөлөк пулдарды өндүрүп бергенге жардам кылабыз. Албетте, ишке алган тарап жоопкерчиликтен кутулгусу келет. Эгерде ишке алган тараптын кырсыкка күнөөлүү экендиги аныкталса мыйзамда айып пул төлөөдөн тартып, кылмыш жазасын тартууга чейин каралган. Андыктан көпчүлүгү кырсыкты жашырып, кызматкерине кандайдыр бир сумманы берип кутулууга качырышат.
– Ишканалар компенсация төлөп берүүдөн баш тарткан учурлар боюнча арыздангандар көппү?
– Андай учурлар бар. Өзгөчө курулуштарда көбү кош бухгалтерия жүргүзүп, кызматкерлер документте көрсөтүлгөн суммадан башкача айлык алат. Ошондо документтерде расмий көрсөтүлгөн кичинекей суммадан улам, төлөнүүчү жөлөк пул да аз чыгат. Бул да кырсык учурларын жаап-жашырууга дагы бир себеп. Ишке алган тарап жашырылган салыктары ачыкка чыгып калышынан коркушат.
Ибрагим Жусуев