24-мартта ички иштер министри Мелис Турганбаев 2015-жылдын ноябрь айында кол салууга дуушар болгон теолог Кадыр Маликов менен жолугушту. Анда министр Маликовго газ травматикалык тапанчасын белекке берди. Министрдин мындай белеги коомчулукта сын-пикирлерди жаратты. Социалдык тармактардын колдонуучуларынан «Баарына бирден тапанча берип чыксын анда. Бул министрдин өзүңөрдү өзүңөр коргоп алгыла дегениби?» деген маанидеги сындар жаады. Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg