Жазында козголуучу оорулардын бири – артрит. Андыктан бул убакта «колу-бутум түнү менен какшап чыкты», «буттарым бүгүлбөй калыптыр» дегендер көп болот. Минтип адамдарды бушайманга салып, кыймылын чектеген оорулар өз ичине кандай сырларды камтырын Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун директору, ортопед, академик Сабырбек Жумабековдон сурап билдик.
МУУН КАНДАЙ УЧУРДА СЕЗГЕНЕТ?
Адамда бир канча муун болот. Мисалы, тизе, чыканак, ийин, жамбаш, кол-буттун манжа муундары. Муундардын ичинде чел кабык жайгашкан. Ал суюктук бөлүп чыгарып, аны менен муундарды, кемирчектерди нымдап турат. Ошол чел кабыктар сууктан, инфекциядан жана башкадан улам сезгенет да, суюктукту мурункудан көп бөлүп чыгара баштайт. Муундардын шишиши, оорушу, кыймылын жогото башташы ошондон.
АРТРИТ МОНОАРТРИТ ЖАНА ПОЛИАРТРИТ БОЛУП ЭКИГЕ БӨЛҮНӨТ
Моноартрит – бул бир муундун сезгениши. Полиартрит – көп муундун сезгениши. Эки түрүндө тең оорунун жаралуу себептери окшошуп кетет:
Инфекциялык
Вирустук, бактериялык инфекциялык оорулардан кийин жаралат. Мисалы, кургак учук, жыныстык жактан жугуучу оорулар, бруцеллёз жана башка. Жыныстык жактан жугуучу ооруларга токтолсок, уреаплазмоз, микоплазмоз, хламидиоз, гарднереллёз деген ооруларды убагында дарылабаса, анда аталган оорулардын оору козгогучтары канга өтөт. Анан кол манжалардын муундарындагы кемирчектерди жабыркатат. Акырындап кол манжалары кыйшая баштайт.
Мындан тышкары көздүн көрүүсү начарлап, бөйрөк оорулары жаралат. Аялдарда бойдон түшүп калуу, баланын өлүк төрөлүшү, ара төрөө, ал эми эркектерде жыныстык жактан алсыздык, тукумсуздук, заара чыгуучу каналдын ичкериши күтүлөт. Андыктан жогоруда аталган ооруларды тоготпой жүрө бербөө керек. Жубайлардын экөө тең текшерилип, бир убакта дарылануулары зарыл. Болбосо дарыланбаганынан улам оору кайра жуга берет.
Ревматоиддүү
Кызыл жүгүрүк (ревматизм) көбүнчө тукум куучулуктан, ангинадан жана стрептококк бактериясы козгоочу оорулардан (мисалы, тонзиллит) жана сепсистен жаралат. Оору козгогучтар адам дарыланбаса организмге тарап, жүрөк-кан тамырларды жабыркатат.
Кристаллдашкан
Организмде зат алмашуунун бузулушунан, туура эмес тамактануудан улам муундарга туздун топтолуп калышынан жаралат.
Рейтер синдрому
Вирустук жана бактериялык инфекциядан бир эле мезгилде табарсык, тизе мууну, көз (коньюктивит) ооруйт.
Аталгандардан тышкары псориаз менен коштолгон түрү, жаракаттан кийин пайда болгон түрү, остеоартриттүү деген түрлөрү да бар.
ООРУНУН БЕЛГИЛЕРИ
Оорунун бардык түрүндө оору белгилери окшош:
ДИАГНОЗ ЖАНА ДАРЫЛОО
Диагноз үчүн анализдер алынат (тамактан да мазок алынат). Муун рентгенге тартылат. Оору эмнеден келип чыкканына жараша дары-дармектер сунушталат. Эгер оору тереңдей элек болсо дарылап, ооруну өнүктүрбөй коюуга болот. Бир эле курс менен дарылап айыктыруу кыйын, андыктан 1 жылда 2-3 ирет дарылануу зарыл.
Дарылардан башка да укалоо, дарылык (лечебная) физкультура колдонулат. Булардан муундардын оорусу аздан жоголуп баштайт. Артрит менен полиартритти дарылоо максатында атайын көнүгүүлөрдүн комплекси иштелип чыккан. Көнүгүүлөр врачтын көзөмөлү менен жасалып турат. Дарылоонун кийинки этабында санаторий-курорттук дарылоо жакшы натыйжасын берет. Курортко барууда сөзсүз врачтын көрсөтмөсү зарыл.
Муундар абдан кыйшайып, кыймылы чектелип калган учурда сезгенген муундар алынып, ордуна протез муундар салынат. Биздин борбордо 1 жылда миңдей адамдын мууну, көбүнчө ийин, чыканак, тизе, жамбаш мууну алмаштырылат.
Эгер операция жасалбаса сезгенген муундардагы сөөктөр өсүп, биригип, муун таптакыр кыймылдабай калат.
АЛДЫН АЛУУ
Артритке кабылбоо үчүн муздак сууга кир чайкабоо, сыртта суукта жана нымдуу жерде узакка иштебөө, кечке колду сууга салып идиш же пол жуубоо, кышында жука кийинбөө кажет. Табарсыкка суук тийгенде, ангина, кызыл жүгүрүк же жыныстык оору менен ооруганда инфекция муундарга, жүрөктүн клапандарына өтүп кеткиче жүрө бербей дароо дарылануу зарыл. Ангинасы барлар жаш балдарга эч качан тамакты чайнап бербеши керек. Оорунун козгогучтары баланын организмине кирип, балаңызда да ангина жаралат. Бактерия, вирустар өбүшүүдөн да жуккандыктан өбүшүп учурашууну токтотуңуз!
Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg