
27-мартта 6 шаарда, анын катарында элдин саны жана мааниси жактан баш калаадан кийинки эле орунда турган Ош шаардык кеңешине депутаттык шайлоолор болуп өттү. Алардын жыйынтыктары
Өмүрбек Бабановдун мыкты менеджер экендигин кайрадан далилдеди.
Алсак, бул адам 2010-жылы июнда «Республика» партиясын түзүп, октябрдагы парламенттик шайлоодо бир нече жылдык тарыхы бар партияларды артта калтырып Жогорку Кеңешке келди. Өкмөт башчылык кызматтан катуу сындардын негизинде кеткенден кийин Жогорку Кеңештеги «Республика» фракциясына таасири азайып, өзү борттун сыртында кала жаздаган эле.
«Бабановду сүрүп таштадык» деп оппоненттери кубанып бүтүшө электе Ташиев менен биригип «Республика-Ата Журтту» жаратып, позициясын бекемдеп алды. 2015-жылдагы шайлоодо парламентке мурдагыдай 4-эмес, жеңиштүү 2-орунда келди. Чындыгында Бабановдун командасы утту деген туура болот. Анткени 6-чакырылышта парламентке өткөн 4 партия Бабановдун командасынан өсүп чыккандар. Өзү башында турган «Республика-Ата Журт»,
Канатбек Исаев башында турган «Кыргызстан»,
Алтынбек Сулайманов башында турган «Бир бол»,
Бакыт Төрөбаев башында турган «Өнүгүү». Мына ушул эле партиялар 27-мартта 6 шаарда өткөн шайлоолордо алдыңкы орундарды багынтышты.
Бизнес жүргүзүү жагынан алдына киши салдырбаган бул адам ошентип саясатта да мыкты менеджер экенин далилдөөдө. Башкача айтканда, ал мыкты, амбициялуу кадрларды көрө билет, таптай да алат. Болгон кемчилиги – ошондой кадрларды бириктирип, кармап тура албаганында окшойт.