Куудул, тамада Эрнест Бөрүбаев 31-март күнү балканактай уулдуу болду. Толкунданып, сүйүнүчүн биз менен бөлүшкөн куудул: «Мен миллионер болдум, анткени бала – байлык. Сезимдеримди сөз менен жеткире албайм, уулумду көрүп ыйладым, жубайыма ыраазы болуп кечке өпкүлөдүм. Чынында, өзүм төрөгөндөй эле болдум, себеби эч жакка жылбай, жубайымдын көз жарышын күтүп калган болчумун. Баламдын ысымын Нурислам деп койдук»,- дейт.