«АПАМ КАЗА БОЛУП КАЛДЫ, ЭМИ КРЕДИТИН КИМ ТӨЛӨЙТ?»

Суроолорго «Арстанов и Ко» компаниясынын юристи Айнура Мамашова жооп берет.

– Апам 2015-жылы банктан 150 миң сом кредит алган эле. Ал быйыл 16-февралда каза болуп калды. Эми алган кредити эмне болот, ким төлөйт же жаап салышабы?

Анарбек, Тогуз-Торо району

– Мындай учурда келишимди караш керек. Кредит алган адамдын жанында кепилдик берген адамдар болот, ошолор төлөөгө милдеттүү. Эгер алардын да төлөөгө шарты жок болсо банктар каза болгон адамдын мүлкүнө соттошпой эле ээ боло алышат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (30)
Nazikbaigazy
2016-04-05 01:45:15
Апаныз алып чачып ойноду беле, кайра эле сиздерге жумшаса керек.
+3
behappy74
2016-04-05 05:22:02
Кызык суроо бересин да. Мусулманчылыкта олгон адамды жайына койоордо да эн жакынынан бироо чыгып,каза болгон адамдан аласанар болсо менден алгыла, бересенер болсо мага бергиле деп мойнуна алып анан жайына жонотот. Ал аласа,бересеси жок таза тынч жатсын деген кеп.Сен оз апандын карызын ким толойт дейсин го. Апанан мурун силер эле жесенер керек ошол акчаны.
+8
Usow
2016-04-05 08:56:58
Башында договор кандай тузулгон болсо так ошондой бойдон кете берет жогорудагы адамдар айтмакчы поручатель (кепил) болгон адам толойт. Апаныз кайсы кампаниядан алган эле кредитти ?
-2
Anara8668
2016-04-05 09:01:09
Моонотун узартып беришсе болмок балдары аста секинден толойберишмек
+2
karen2014
2016-04-05 16:21:31
Апандын карызын эч кимден сурабай эле озун толошун керек...ушул суроону бербей деле койсон болмок...апан ошол кредитти озу учун албаса керек...озу учун алса да толоп кой...банкка барсан женилдик беришет..
+3
nurchik05
2016-04-06 13:49:04
биздин бир тааныш компаньон дон кредит алып 80мин калганда кайтыш болгон компаньон кечип койдуго олгон адамдыкын албайбыз деп
-3
aydana93
2016-04-06 14:30:26
Бардык эле компания кече бербесе керек. Суроо берген адам дагы балким кутулуп калармын деген ойдо сураса керек да. Бирок озун эле толоп кой досум,апан да горундо тынч жатсын.
+2
Mercedes.Benz7777
2016-04-07 23:19:54
Уялбай ким толойт дегенин адамдар кызык э тологшун керек себеби ошо акчаны сени кемчилдигине иштеген ХХХ
-1
shankol88
2016-04-08 01:43:57
Жазат деселе жаза бересинерби.Алда билип алайын деди билсе озуно жакшы жакшына жооппю жазгылада.капаланба дос аапанын жайы жаннатан болсун куран окуп тур.
+3
pochta
2016-04-08 17:04:17
өтүп кеткен адам эч качан толобойт кепил болгон клиент да толобойт банкта андай долу бар озулору жабат
+3
nur007mir009kg
2016-04-08 23:42:38
Эээ ушу кредит канчалаган адамдарды куруттуго чиркин. Канчалаган адамдар паручител болуп алышып жебеген самсага акча токкондору канча.
0
zoichka
2016-04-10 11:20:19
Динде кредит алган да берген да куноо болот экен.кудайым озу кечирсин
0
Sagidko88
2016-04-10 11:31:40
Тим эле ит капты болуптур го. Апасы олуп озу азаа тартып журсо. Шарты болсо сурабай эле толомок да. Билип алайын деп, кагуу угуптур. Апандын бейиши болсун.
+1
FIFA-UEFA
2016-04-10 15:52:09
Мнассага, олгон адамдын мулкуно соттошпой эле ээ болушат экен. Тукурдум ушул кредитинерге!!!!!!!!
0
tophik86
2016-11-24 20:45:12
негизи бизде кредиттин пайызы ото коп жакын еле кошуна мамлекетерге салыштырсак алардын мамлекетик банктарыбы же жеке банктарыбы 10пайыздан ашык элге кредит бергенге акысы жок екен а бизде болсо чакан еле финканы еле алсак америка элчигинин негизинде 5 еле пайыз берет екен биздин финкаларга а бизге болсо айланайын арты 25-30 пайызга чейин берет эмеспи мамлекетибиз аман еле болушсун наглый еле кормоксон болуп окмотубуз каш президентибиз баш болуп коз жумуп жургонуно тан калыштын кереги деле жок
0
№ 700, 01-апрель-07-апрель, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан