ЭЛНУРА ОСМОНАЛИЕВА БИШКЕКТЕ МЕКТЕП АЧТЫ

Элнура Осмоналиева элге «Боз салкын» тасмасындагы Бурманын ролу аркылуу таанылган. Андан кийин режиссёрлукка өтүп, бир нече ийгиликтерди жаратып келет. Элнуранын «Сейде» аттуу кыска метраждуу тасмасы буга чейин чет өлкөлүк кинофестивалдарга катышып келгенин кабарлаганбыз. Эми бул тасма Францияда өтчү Канн кинофестивалында көрсөтүлгөнү турат. Ийгиликтин артынан ийгилик жаратып келе жаткан Элнура айым чыгармачылыктан тышкары өлкөнүн ар кайсы аймактарына "Билимкана" деген аталышта жаңы мектеп ачкан эле. Аймак менен гана токтоп калбастан ал жакында Бишкекте мектеп ачканы белгилүү болду. Аталган мектеп сапаттуу орто билим берүүгө багытталып, кыргыз, орус, англис тилдерин тереңдетип окутат. Ошондой эле балдардын ар тармактуу өнүгүшүн  шарттайт. Бир нече тармакта өзүн сынап, жаш жеткинчектердин билимин өркүндөтүүгө салым кошуп келе жаткан мекендешибиз сыймык жаратат.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
formula12
2016-04-11 10:54:35
Эмне болгон мектептер
0
beben
2016-04-11 12:30:24
Кадимки эле мектеппи же кандай....
+1
Aisalkun
2016-04-11 13:03:07
Ийгилик сырлары деген беруудо коргозу мага аябай жакты. Мектепке жетекчи, Америкада окуусу, уй було туйшугу баарына жетишет экен. Молодец ишине ийгилик уй булолук бакыт каалайм. Балдарынын сый урматын корсун. Амиин.
0
Yahoo
2016-04-11 13:50:15
Мектептерди ачканы кубандырат бирок эмне максатта? Супер Инфо учурда баары бир аз эмгек жаратса мектеп ача калып, ырчылар тамада боло калып, дегиле дизайнер, режиссер актер дегендер кобойуп бара жатат.Мунун баары Кыргызстандын келечегине керектуу профессиябы? Ушундай темага кеп салбайсыздарбы?) рахмат
+1
admin_superstan
2016-04-11 14:06:04
Yahoo, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
orozova
2016-04-11 14:08:47
Кызык кандай мектеп ачыптыр толугураак малмат бербептирсиздер.
0
padysha
2016-04-11 21:21:49
Bilimkana degen mektep a4yptyr.
0
Nazikbaigazy
2016-04-12 01:28:03
Окуучу бара туран мектепби, же ыр дуйносундогу мектепби, сурап берсениздер суперлер,
0
Dashi
2016-04-12 17:06:42
1-класстан баштап англис тилин терендетип окуткан мектеп.аябай сапаттуу билим беришет экен.комуз,сурот дагы ар кайсы ийримдери менен кошо.
0
№ 701, 08-апрель-14-апрель, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан