«ТИТИРЕЙ БЕРЕТ»

Машина айдоо жагынан тажрыйбасы мол адамдардын айрымдары оңдоо жагынан да уста болуп калышы мүмкүн. Ал эми үйрөнчүктөргө, анчалык тажрыйба топтой электер үчүн унаа оңдоочу уста Азамат Керимбаев кеңеш берет.
–– Унаамды токтобой айдап бара жатканда жакшы эле, бирок, мисалы, жол чыракка токтогондо машинам титиреп жатат.
Темир, Бишкек
– Мотордун титиреши үч маселеден улам жаралат. Биринчиден, мындай маселе мотордун жаздыкчасы иштен чыкканда жаралат, ал 1000 сомдун айланасында турат, кызмат акысы 300 сом. Экинчиден, инжекторду тазалоо керек болгондо пайда болот, тазалоо акысы 2500 сомдун тегереги. Үчүнчүдөн, ички гранаттар жарактан чыга баштаганда титирейт. Бир гранаттын баасы 800 сом, алмаштыруу 500 сом.
«Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык кеңешке муктаж болсоңуз, бизге кайрылыңыз.
Суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.
Сүйүн Кулматова
kenesh@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (34)
Врач-кардиологго коргозгуло...
Аяш Ава айдада адамдар жашайбы?Ука жок! Бул фантастика айда да адамдар жашачу беле!!Байке жерде адамдар жашайбы?Ука жок!Бул фантастика жердеда адамдар жашачу беле!жашабайт!!! Бул темага ушундай комментарии жаза турган экен жазып койдум.
Svoboda83,созундун мааниси жок. тантырапсын
Свечага суу кирип кеткенден болот
kama_future_millioner, Суу кайдан кирет айтчы?
azamat_star74798, сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер
info@super.kg же
admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек. Эскертүү!
Ал андайда мындайда эмес ал титрегенден болот:)
Машиненин фарасын суртпогондон да болот.
Донголоктору жерге тийип калса титирейт.
Корксо да титиреши мумкун
Машинасы талма оорусу мн ооруйт ко дейм
жер титирей берет деп тушунуп ачып окусам башка. темасын толук жазыш кк да.
датчиктерден да болушу мумкун.
Комментарийлерди окуп эле кулуп отуруп калдым))) бар болгула, тамашакойлор!
Комментарий эле эмес темасы да кулкулуу экен.
Ооба аябай кулдум мен да.