Кичинесинен сахнада чоңойгон Айгерим Расул кызы бойдок кезде ушак-айың көп ээрчиген ырчы кыздардын катарында эле. Турмушка чыгып, кыздуу болуп, чыгармачылыктан оолактап өзүн үй-бүлөгө арнаганына карабай Айгерим тууралуу айтылган кептердин аягы суюлбай келет. Ырчы өзү мындай көрүнүштү кадимки шоу-бизнестин мыйзамы катары кабыл аларын айтат.
– Салам, Айгерим, бизге берген маектериңде «чыгармачылык менен үй-бүлөнү чогуу алып кетем» деген элең, бирок турмушка чыкканыңдан бери сенден жаңы чыгармаларды уга элекпиз?
-Саламатсыздарбы, ооба, ошентип айткам, бирок бардык нерсенин өз сааты чыкпаса болбойт экен. Анда кызым Ханбийке кичине болчу, азыр кыйла чоңоюп, торолуп, бош убактым кенен болуп калды. «Иштесең тиштейсиң» демекчи, чынын айтсам, үй-бүлөм жана тойлор менен болуп чыгармачылыгым бир аз солгундап кетти. Чыгармачылык деп жүрүп кызымдын кантип тили чыкканын байкабай калбайын деп убактымды энелик милдетке бөлүүнү чечкем. Эми тыныгуу бүттү. 5 ай мурун Ошто «Ханбийке-Ханым» бий тобун ачкам, азыр ошол бийчи кыздарым менен клипке тартылууга даярданып жатам.
– Ош шаарында кайын журтуңдан бөлүнгөн экенсиңер...
-Ооба, үлпөт тоюбузда кайын журтум жаңы курулган көп кабаттуу үйлөрдүн биринен 4 бөлмөлүү батир белек кылышкан. Менин себим ошол үйгө барган. Бирок бир жылдай кайната-кайненемдин колунда жашадык. Кызыбыз төрөлгөндөн кийин «өзүңөрдүн тиричилигиңерди кылып үйрөнгүлө» деп бизди бөлүштү. Кайын журт менен турганда Азамат экөөбүз эч нерсени ойлонбой жыргап жашачубуз, үйгө азык-түлүк ташымай деген жок, баары даяр болчу. Бөлүнгөндөн кийин баарын өзүң кылганга туура келет экен. Кайын журтума тез-тезден барып турабыз. «Азык-түлүгүңөр барбы?» десе, «жок» деп туруп беребиз. «Атаң акча бердиби?» десе, «жок» деп туруп апамдан да акча алмай, иши кылып тиричилик кылып жатабыз (күлүп).
– Кызыңдын кылык-жоругу чыгып, жолдошуң экөөңөр элжиреп жаткан убак болуш керек...
-Ооба, кызыбыздын ар бир кылыгына суктанып бүтпөйбүз. Атасы жумуштан келери менен чечинбей туруп кызын өөп-жыттап калат. Ханбийке атасын үнүнөн тааныйт, түн жарымда келсе да сөзсүз ойгонот. Кызыгы, атасы менен кызынын күлгөнү окшош, кээде өзүм да ким күлүп жатканын айырмалай албай калам. Кызым жоош болгонго түн уйкумдан калып кыйналган деле жокмун. Курсагын тойгузуп, астын алмаштырып койсоң чоң адамдай эле жүрө берет. Жолдошум кызына аябай камкор, анын бүт кийимдерин атасы алып берет.
– Бир жолу чалганда «бала багуучум жок кыйналып жатам» дедиң эле?
-Үй кызматчыбыз бар, ал үй жыйнагандан сырткары бала да карашат. Бирок мен бала багуучуларга толугу менен ишенип кызымды калтыра албайм, ал дайыма кызымды көтөрүп жанымда жүрөт. Өзүмдүн апам менен кайненеме гана ишенем.
– Жолдошуң милиция кызматкери экенин билебиз, алар түнү-күнү иштеп калат эмеспи. Сени көпкө күттүрүп калганда кечке чала бермей адатың барбы?
-Негизи, милиция кызматкерлери менен ырчылар эс алуусу жок иштешет. Экөөбүз тең өзгөчө кесиптин ээси болгондуктан, бири-бирибизге түшүнүү менен мамиле кылабыз. Кеч калса обу жок эле чалып тажата бербейм. Жолдошум «эрте келем» же «кеч келем» деп чалып айтып турат.
– Сен тууралуу ушактар көп чыгат, акыркы учурда «Айгерим ажырашыптыр» деген да кептер болду. Шамал кайсы тараптан согуп жатканын, балким, өзүң билерсиң?
-Бойдок кезимде мени кимдерге гана турмушка чыгарып жабыштырышкан жок. Күйөөгө чыгып ушундай ушактардан кутулам го десем, жок, эми ажырашты деп чыгышыптыр. Таң калычтуу, айрымдарга бойдок болсоң да, бойдок эмес болсоң да жакпайсың. Интернетте менин тагдырымды ошондой болуп калса экен деп талкуулагандар көп экен. Бирок мен жолдошум менен ынтымакта, бактылуу эле жашап жатам.
– Жолдошуң сен тууралуу айтылган жагымсыз кептерди кандай кабыл алат?
-Мен жөнүндө ушактарга жолдошум көнүп бүттү, азыр андайларга такыр көңүл бурбайт. Азамат экөөбүз үйлөнө электе эле мен тууралуу айтылган ушак-кептерди изилдеп чыккан экен. Баары куру сөз, жалган жалаа экенин ошондо эле билген. Ал өзү да орган кызматкери болгондуктан психолог болуп калган. Үйлөнгөнгө чейин экөөбүз 2 жылдай кыз-жигит болуп жүргөнбүз, ошол убакта сынап, байкаштырып, мени 5 колундай билип, анан үйлөнгөн да.
– Чыгармачылык тыныгуудан кийин сахнага өзгөчө болуп кайтуу пландарың бар экен?..
-Стилим сөзсүз өзгөрөт, сахнага жаңы имидж менен чыгып, өзүмдү түрдүү образда сынап көрөм. Сахна адамы болгондон кийин элди дайыма таң калтырып туруш керек эмеспи. Өзүм шоу кылганды жакшы көрөм. Жөн эле бир орунда туруп алып ырдаган мен үчүн эмес. Буюрса, бий менен ырды чогуу алып кетем. Күйөрмандарым алдыда менден көп кызыктарды күтсө болот.
Лунара Бекиева
star@super.kg