Окурмандардан келген суроолорго врач дерматолог, косметолог МЭЭРИМ ДАВЛЕТОВА жооп берет.
– Көзүм алыс аралыктан жакшы көрбөйт. Мурун кандай көз боёк болбосун колдоно берчүмүн, эч кандай көйгөй жаралчу эмес. Азыр боёнсом эле көзүм ооручу болду, бул эмнеден болушу мүмкүн?
Акбермет, Аксы
– Эгерде көзүңүз кызарып ооруса, демек, аллергияңыз бар. Эгер кечкисин ооруса көз айнек тагынбагандын кесепети. Ошондуктан гипоаллергендүү көз боёочу каражаттарды колдонгонуңуз оң. Эң жакшысы боёбой эле коюу туура.
Дерматолог, косметолог эскертет! Үй шартында кандайдыр бир ыкма колдоноордон, дары ичерден мурун адис менен кеңешиңиз!
Сүйүн Кулматова
kenesh@super.kg