БЕЙОНС

Кичинекей ырчы
Бейонстун толук аты Бейонс Жизель, фамилиясы Ноулз. Бейонс 1981-жылы 4-сентябрда АКШнын Хьюстон шаарында төрөлүп-өскөн. Бейонстун ата-энеси анын таланты менен артисттик жөндөмдүүлүгүн кичине кезинен эле байкашкан. Алты жашында болочок ырчы өзү окуган мектепте өткөн вокал боюнча конкурстан жеңип алат. Ошондон кийин ата-энеси келечекте кызынын популярдуу ырчы болооруна көздөрү жетип, колдоо көрсөтүүгө болгон аракеттерин жумшай башташат. Жети жашында Бейонс «Жаш таланттар» конкурсунун жеңүүчүсү болуп табылат. Ошентип, музыканы жандүйнөсү менен жакшы көргөн секелек кыз бир жылдын ичинде 30га жакын конкурстун жеңүүчүсү болгонго жетишет.

Бейонстун кыздардан түзгөн тобу
Кызынын мындай ийгилигинен улам атасы топ менен тезирээк популярдуулукка жетишет деп, ал үчүн кыздардан топ курап берүүгө киришет. Ал үчүн 8 жаштан 11 жашка чейинки музыкага шыктуу делген кыздарга кастинг уюштурат. Конкурска катышканы туугандарынын ичинен Келли Роуланд аттуу таланттуу кыз келет. Анын Уитни Хьюстондун «I m your baby tonight» аттуу ырын жогорку деңгээлде аткарганы Бейонс менен атасына жагат да аны топко кабыл алууну чечишет. Чогуу иштеше баштаганда эле Бейонс менен Келли тил табышып, эже-сиңдидей мамиледе боло башташат. Келлиден тышкары топко дагы төрт кыз кабыл алынып, топтун атын «Girls Tyme» деп аташат. Топтун иштөөсүн Бейонстун атасы Мэтью Ноулз өзү көзөмөлгө алат. Жаш кыздардан түзүлгөн жаңы топ бир күн калтырбай Ноулздардын үйүндө даярданууну адатка айлантышат. Алар ырдаганды гана эмес, бийлегенди да өздөштүрүүгө киришет. Ошентип, жаңы энергия менен кыздар жакшы ырларды жаздырышат. Жаш таланттар арасындагы көп деген конкурстарга катышышып, ийгиликтерге жетише башташат. Үзүрлүү эмгегинин аркасында «Girls Tyme» тобу Техас штатына бир топ таанымал болуп чыга келет. Көп өтпөй топ «Star Search» аттуу телешоуга катышат. Алар шоуга хип-хоп жанрындагы ыр менен чыгышат. Хип-хоп жанрында кыздардын курагындагы топ жок болгондуктан, 30 жаштагылардан турган хип-хоп тобу менен таймашууга чыгышат. Ошентип, өздөрүнөн бир топ улуулар менен таймашып, жыйынтыгында жеңилип калышат. Бул жеңилүү кыздарга абдан катуу тиет. Кыздардын көңүлүн көтө­рүү максатында Мэтью солисттердин санын азайтуу керек деген сунуш киргизет. Ошентип, топто Бейонстон башка үч кыз, Келли, Ла Тойя Лакет жана Ла Тавия Роберсондор калышат. Жаңы сапаттуу ырларды жаздырууга топтун кыздары иштешүүгө үн жаздыруу үчүн компания издей башташат. 1995-жылы ийгилик жылоолоп, «Electro records» компаниясынын өкүлдөрү «Girls Tyme» тобунун ырларын угуп көрүп, иштешүү келишимине кол коюшат. Бирок, келишим түзгөн компанияга топтун аты жакпай калгандыктан, атын өзгөртүү талабын коюшат. Топко жаңы «Destiny’s Child» деген атты ыйгарууну Бейонстун апасы Тина сунуштайт. Бул ат квартеттин солисткаларына да абдан жагат. Топтун жаңы ысымы аларга ийгиликтин жолун ачып бергендей болот. Топтогу кыздардын музыкага болгон кызыгуусу күндөн-күнгө күч ала баштайт. Таланттуу, аракетчил кыздардын тобуна «Columbia records» аттуу үн жаздыруучу компаниясынын продюсери Дуэйн Виггинстин көзү түшөт. Дуэйн менен топ алгачкы жеке альбомун чыгарууга киришет. 1996-жылы Дуэйн «Columbia recordsдун» жетекчилерине топту тааныштыруу үчүн концерт уюштурат. Таланттуу, келбеттүү, бойго жетип келаткан кыздардын концертинен кийин компания кыздар үчүн кирешелүү жаңы келишимге кол коёт.

Музыка дүйнөсүн багындыруу
1998-жылы 17-февралда топтун көптөн күткөн «Destiny’s Child» деген ат менен биринчи альбому жарыкка чыгат. Альбомдогу «No No No» деген ыры көпчүлүк музыка сүйүүчүлөрүүнүн кызыгуусун арттырат. Көп узабай ошол эле ырдын ремикс түрү жарыкка чыгат. Ошентип, топтун популярдуу болуусуна кез келет. Топтун ырларын, концерттерин чыдамсыздык менен күткөн күйөрмандарынын саны көбөйөт. 1999-жылы топ экинчи альбому менен жаңы угармандарын чогултат. Өзгөчө альбомдогу “Bils Bils Bils” аттуу ыры хит параддардан бир нече апта бою биринчиликти багындырууга жетишет. Мыкты ырлары үчүн топ эки жолу “Грэмми” сыйлыгы менен сыйланат. Жаңы гана музыка дүйнөсүндөгү бийиктиктерди багындыра баштаган кезде топтун эки солисткасы Лакет менен Роберсон жеке ырдап чыгууну чечишип, топтон бөлүнүп кетишет. Андан көп узабай ал экөөнүн ордуна 18 жаштагы Фарой Франклин менен 19 жаштагы Мишель Уильямс аттуу кыздар келет. Топтогу өзгөрүү көпчүлүк үчүн күтүлбөгөн нерсе болот. Андан көп узабай топтон Фарой Франклин кетет. Ошентип, квартет триого айланат.
2000-жылы топ популярдуулугун бир топ тепкичке көтөрүп “Say my name” аттуу ыр жаздырышат. Ушул эле жылы топтун жарк эткен дагы бир “Independent Women” деген ыры чыгат. Биринин артынан бири хитке айланган ырлары менен «Destiny’s Child» тобу АКШда таанымал болууга үлгүрөт.

Топтун бөлүнүшү же Бейонстун ийгилиги
Топ акыркы эки хит ырынын клиби үчүн “Мыкты аренби видео” деген номинацияны жеңип алат. Ушундан кийин топтогу кыздар жеке карьера жасоону көздөшүп топтон кетүүнү чечишет. Топтон биринчи Мишель Уильямс, андан кийин Келли Роуланд кетет. Келли болсо ырчы Нелли менен чогуу “Dillemma” аттуу дуэт жаздырып, популярдуулукка гана эмес, акча табууга да жетишет. Ал эми Бейонс топ ажырап кеткенден кийин киного тартылууну чечет. Биринчи жолу ал “Фредди Жейсонго каршы” аттуу ужас фильмге тартылат. 2002-жылы “Auston Powers 3 The Goldmember” аттуу кинодо башкы ролду аткарат. Бул кинодо жараткан ролу сынчылар тарабынан жогору бааланат. Киного тартылуу менен бирге Бейонс эки ыр жаздырууга жетишет. Анын “Work It “аттуу ыры АКШда гана эмес, Европа өлкөлөрүндө да хитке айланат. Ушундан улам ырчыны жаңы ийгиликтер коштой баштайт. Бай компаниялардан рекламалык роликке тартылуу сунуштары түшөт. Жыйынтыгында Бейонс “Pepsi, Loreal” компанияларынын роликтеринде чыга келет. 2002-жылы Жей Зи деген рэппер менен жаздырган “Bonnie Clyde” дуэти Бейонсту жеке ырчы катары таанытат. Жей Зи менен Бейонс өздөрүнүн “Crazy In Love” деген жагымдуу ырын сүйүп уккан миңдеген угармандарды чогултат. Бейонстун биринчи альбому жарыкка чыгаары менен ырчыга киреше алып келет. Альбомунан түшкөн акчанын жарымын ырчы кичинесинен чыгармачылыгына колдоо көрсөтүп келаткан атасына бөлүп берет. Ал менен кошо ата-энесине арнап “Daddy” аттуу ыр жаздырат. Ошол жылы хит чыгармалары үчүн бир топ наамдардын ээси болот. Бейонс келечекте ырчылык менен кошо актрисалыкты да аркалоо менен бирге кайсы бир убакта «Destiny’s Child» тобун жандандырууну көздөп келет.

Миллионер жигиттен баш тартуу
Бейонс менен реппер Жей Зи экөөнүн көңүлдөш болуп келгендери белгилүү. Ырчы айым 24 жашка толгондо миллионер реппер анын колун сурап 2 миллион долларлык бриллианттан жана рубинден жасалган шакек белек кылат. Бул көпчүлүктүн назарын бурдурат. Кымбат баалуу белектен кийин эки жаш баш кошууну чечишет. Бирок, экөөнүн ою ишке ашкан эмес. Төрт жыл мамиле куруп жүрүшсө да Бейонс болочок миллионер жигиттин сунушун четке кагынуу ойлойт. Анткени, ырчынын ою боюнча Жей Зи үйбүлө курууга даяр эмес. Ал үчүн азырынча көңүл ачуу жана баскетбол ойноо биринчи орунда. Мындан тышкары Нью-Йоркто өткөн бир кечеге Жей Зи Бейонсту ээрчитип барат. Бирок, кече бүткөнчө реппер Бейонско көңүл бурбастан Алисия Киз деген ырчы менен көңүл ачат. Ырчынын репперге болгон сезиминин муздай түшкөнүнүн себебинин бири да ушул болсо керек деп божомолдошот.

Даярдаган Жаркынай Нусубалиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 219, 12-18-январь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан