СУКТАНДЫРГАН БОЙДОКТОР

Жүрөгүңүздүн жарымын издеп жүргөн жигит болсоңуз, бул макала сиз үчүн. Келбети келишимдүү, кымча бел, супсулуу жана жапжаш болгон шоу чөйрөдөгү көз күйдүргөн бойдок кыздар менен таанышып алыңыз. Селкилердин талаптарына жооп берген, өзүнө ишенген мырзалар эми жөн эле отурбай «движение» кылыңыз.

Айпери Адамкулова, телеалпаруучу: «ОҢОЙ МЕНЕН ЖИГИТ ЖАКТЫРБАЙМ»

Туулган жылы, күнү – 1992-жыл, 28-февраль
Бою – 165 сантиметр
Салмагы – 49 килограмм
Параметри – Арык эле
Өзгөчөлүгү – Эч кимге окшош эмес
Фишкасы – Жигиттерди сүрдөтө алат
Билими – КУУнун журналистика факультетин бүтүргөн

Айдай сулуу Айпери көздөп жүргөн болсоңуз, анда дүйнө таанымыңыз кенен, акылдуу, боюңуз узун, кыздарды баалай билген мырза болушуңуз шарт. Анан да чылым чегип, анда-санда болсо да ичимдик ууртап койгондордон болсоңуз, бул селкиге жолобой эле коюңуз. Болор-болбос сөздөрдү айтып мактанып, бой көтөргөн жигиттер да бул перини айланып өтө бергиле. «Оңой менен жигит жактырбайм, бирок жогоруда айтылган талаптарга жооп берсеңиз «шансы» бар»,- дейт. Айпери маданий иш-чараларды көп алып баргандыктан тыкан, таза кийинип алып ошол жерлерден издеп көрсөңүз болот. Себеби ал «жигиттин ички дүйнөсү маанилүү дегенибиз менен, баары бир келбетине баа берип, анан сүйлөшүүгө өтөбүз да»,- дейт. Эгер бул сулууну жубайлыкка алсаңыз, жумушуна тоскоол болбоңуз. «Мен үчүн үй-бүлө менен карьера бир арабанын эки дөңгөлөгүндөй. Эгер арабанын бир дөңгөлөгү жок болсо ордунан жылбай калат. Ошол сыяктуу эле мен да аксап калышым мүмкүн»,- деп баса белгилеп өттү.
Тамак тууралуу да кам санабай эле коюңуз, тамактардын түрүн жасап курсагыңызды капа кылбайт. Тыпылдап сүйлөгөн алпаруучу кызды эфирден көрүп «жомокторду айтып берип деги эле зериктирбейт болуш керек» деп ойлоп жүрсөңүз жаңыласыз. Жашоодо көп сүйлөбөгөн, мүнөзү оор кыздын жүрөгүн сөздөрдүн гүлүн терип, жакшы комплименттерди айтып жибите алат экенсиз.



Айдана Дека, ырчы: «ЖИГИТИМ МЕНИ КОРГОП ТУРУШУ КЕРЕК»

Туулган жылы, күнү – 1996-жыл, 5-октябрь
Бою – 165 сантиметр
Салмагы – 45 килограмм
Параметри – Билбейт
Өзгөчөлүгү – «Миниатюрная»
Фишкасы – Чачынын узундугу
Билими – Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын эстрада-вокал бөлүмүнүн 4-курсунун студенти

Ырчы Айдананын жүрөгүн багынтууну самап жүрсөңүз кулак төшөңүз. Үйдүн эркеси болгон кызга биринчи кезекте калканч болушуңуз керек. Туура эмес кылса да баарын кечирип, карындашыңыздай көрүп турсаңыз эле Айдана сиздики болот. «Мен арыкмын, көп нерсеге алым келбейт. Ошондуктан жигитим мени коргоп турушу керек. Анан бардык көйгөйлөрүмдү чечип берүүгө даяр болушу зарыл»,- дейт. Кыздардай көп сүйлөп, ушакчы, майдачыл болсоңуз, сизде такыр «шанс» жок. Ошондой эле ата-энесине, бир туугандарына орой мамиле кылып алсаңыз такыр кечирбейт. «Кыздарды ушактап отурган эркекти көрсөм кыжырым кайнайт. Эркек деген эркектей болушу керек»,- дейт ырчы. Айдана менен таанышып кала турган болсоңуз биринчи көргөндө эле «жигитиң барбы, номериңди берчи?» десеңиз, экинчи аны көрбөйсүз. Себеби жакшы тааный элек адамга жеке жашоосу тууралуу айтканды жактыра бербейт. «Балдар саркечпи, саркеч эмеспи айырмасы жок. Иши кылып таза, жарашыктуу кийинип жүрсө болду»,- дейт.
Ырчы кыз үй жумуштарына эбак бышкан. Ичеги-карын артканды, күлчөтай жасаганды, картошканы кызарта кууруганды катырат. «Мен жасаган камыр тамактарды таенем мактап жейт. Ал таластык болгондуктан мындай тамактарды оңой менен мактай бербейт»,-дейт. «Мырзалардын жүрөгүнө жол ашказаны аркылуу барат» демекчи, мырзалар, ачка калгыңар келбесе, Айдананы колдон чыгарбагыла.



Кызсайкал Бөрүбаева, ырчы: «МАГА «НАКАЧАННЫЙ» БАЛДАР ЖАКПАЙТ»

Туулган жылы, күнү – 1999-жыл, 31-октябрь
Бою – 170 сантиметр
Салмагы – 52 килограмм
Параметри – 89-60-90
Өзгөчөлүгү – Эркелиги
Фишкасы – Оң жак бетиндеги калы, оозунун чоңдугу
Билими – №82-мектепте 10-класста окуйт

Кичинекей Кызсайкал Бөрүбаева да бой жетип, жигиттердин көзүнө түшүп калган маалы. Турмуш куруу, албетте, бул селкиге эрте деңизчи, бирок жигит жандап жетелешип басканга эмнеге болбосун? Кызсайкалга ашык болгон мырзалар эми угуп туруңуз. Эгер сиз тизелеп отура калып гүл сунган, ойго келбеген жагымдуу сюрприздерди тартуулаган романтик жана жашоого туруктуу боз улан болсоңуз, «смело» эле Кызсайкалга жагынууга кадам таштай бериңиз. Аны алдап, башка кыздар менен сүйлөшүп жүргөн жигитти кечире албайт. Бул кылыгыңызды билип калса сизге болгон сезими жалп өчөт. «Спорт залдан чыкпаган «накачанный» балдарды көрсөм жүрөгүм айланат. Кыздарга жагам деп жагалданып, жалжаңдаган, жасалма балдар жакпайт»,- дейт. «Таанышып албайлыбы?» деп алдына чыга көрбөңүз, кагуу угуп сынып калышыңыз ыктымал.
Сайкалдын кулагын жеңелери азыртадан эле бышырып, «турмушка эрте чыгуу керек» деп жатыптыр. Ошондуктан ал 18-19 жашында турмушка чыгууну каалайт экен. Ырчы кызды жубайлыкка алам деген мырза карьерасына тоскоол болбошу керек. Анткени ал «ар бир адам өзү иштеп акча табыш керек» деген ойдо. «Үйдө, албетте, эркек киши кожоюн болот, бирок ошол эле учурда баарын жайгарып акырын башкарган аялзатынын милдети»,- дейт.

Динара Абдыкадырова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Көз күйдүргөн бийкечтер
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (28)
biikech0
2016-04-18 15:21:59
мен сыяктуу карт бойдоктор го деп кирсе, 1999-жылкылар журот го. Ушулар суктандырган бойдокпу? Булар жаш го?
+7
eldos_kg
2016-04-18 15:58:10
Билишимче Кызсайкал турк лицейинде окуучу эле, ал жактан чыгып кеткенби?!
0
sema.kgz
2016-04-18 17:13:28
Эч кимиси жакпады..)
+7
begai93
2016-04-18 18:04:37
Кызсайкал чын эле аябай жаш анан да жонокой кыз экен. Айдана дегени аябайле аптыгып ашыкча суйлоп салгандай корунду. Айпери кантсе да улуурак анан журналистка болгондуктанбы суйлогон создору ордунда уккулуктуу экен! Баарына ийгилик!
+2
Deniza88
2016-04-19 14:23:18
Накачанный де )))))
0
bek007
2016-04-19 22:18:32
Кыялдын зыяны жок. Баары эле булар айткандай боло берсе жашоонун кызыгы жок калат го
0
toni_1984
2016-04-20 09:51:13
ой бай 1- кызыбыз аябайле жасалмаго бироо учун суйлоп аткандай 2-кызыбыз тузук турмушка даяр жашы да дал келет 3- кызыбызга не бар бул жерде мектепти жакшы аяктап уй тиричиликтерине тыкан болуп анан жигит издеш керек сен учун уят бул маегин....
+1
syimykkk
2016-04-20 10:13:25
oxooo
0
alik00
2016-04-20 10:36:27
Кызсайкал жакшы жонокой кыз екен
0
nurzhaz
2016-04-20 12:34:06
Баары жакты ыймандуу, сулуу татынакай кыздар экен бактылуу болушсундар сындарга мышык майга жетпей сасык дептир...
+1
Kuba-savai87
2016-04-20 12:47:33
Айпери болбойт озу кааласа да суйлошууго мумкун эмес
0
sanjar-11
2016-04-20 13:42:38
Аябай реклама кылыптыр озулорун
0
chalmagrad
2016-04-20 22:06:15
кыздарики кучтуу кеткен го хе хе ,булар м,н таанышпай эле койгон жакшы .
0
Ruslan4458
2016-04-21 13:35:58
Кызсайкалды оозу чоон дейбы
0
dervisha
2016-07-09 18:27:14
Фигурасы 89 60 90 экенине эч ишенбейм. 9-10-класстын окуучу кызы эч убакта андай болбойт.Атактуу модель Ирина Шейктин параметри дал ушундай.Ирина Шейкти карагыла,Эми бул кызды карагыла. Тооба,озунорду реклама кылсанар дагы жалган айтпай реклама кылгыла да.Коро албастыкка жойбогула.Бул кыздан кем эмесмин.Болгону ыйман тилейм.18 жашымда турмушка чыксам дейм,ошого эр табыш керек болуп жатат деп койбоптур да
0
№ 702, 15-апрель-21-апрель, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан