Жакында эле кан анализин бир нече лабораторияда текшерткен саламаттыкты сактоо министри колуна түрдүү жыйынтыктарды алды. Бул кадамга министр лабораториялардын тейлөөсүн жакшыртуу, жоопкерчилигин билүү максатында барганын билдирди. Ал эми карапайым калк болсо мурдатан бери эле медицина жаатындагы бул көйгөйлөргө кабылып келет. Эл кимге ишенет? Бул көйгөйдү министрлик жөнгө сала албайбы? Алдыда ушул жана башка суроолорго жооп издейбиз.
«ЖЕКЕ ЛАБОРАТОРИЯЛАРДЫ ТЕКШЕРҮҮГӨ УКУГУБУЗ ЖОК»
Биз алгач саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевге жолугуп, окуяны өз оозунан уктук:
– Өткөн жылы биздин министрлик 100 оорулууну Түркияга квота боюнча жөнөтүп жатканда 2 маселеге туш болдук. Биринчиси – көп тестирлөө ыкмалары Кыргызстанда жок экен. Биздин жарандардын көпчүлүгү, айрыкча бөйрөгү ооругандар кошуна Казакстанга барып тестирлөөдөн өтүп, көп каражат коротушат. Экинчиси – айрым жыйынтыктар туура эмес чыгат. Мисалы, өзүмдүн эле таанышым бул жактан тестирлөөдөн өтүп, чет мамлекеттен дарыланууга көп каражат коротуп барып текшерилсе, оорулуу эмес болуп чыгат.
Мыйзам боюнча биздеги жеке менчик лабораториялар, клиникалар атайын ишкер деген категорияга кирип калып, Саламаттыкты сактоо министрлигинен лицензия алышат, бирок биздин аларды текшерүүгө укугубуз жок. Эгер бирөөлөр даттанып келишсе, биз менчик клиникаларга 10 күн мурун алдын ала «даярданып тургула, биз силерди 10 күндөн кийин текшеребиз» дегендей кат жөнөтүшүбүз керек. Бул мыйзам туура эле, ишкерлерди кайра-кайра текшерүүгө ала берген болбойт, бирок бир чети жеке лабораториялар же клиникалар каалагандай иш алып барып жаткандары тууралуу жарандарыбыз доомат менен кайрылышат. Ошол себептен мен өзүм текшерип көрөйүн деп канымды тапшырып, 5 мамлекеттик жана 5 менчик лабораторияга аты-жөнүмдү жазбай жөнөттүк. Жалпылап айтканда, алардын жыйынтыктары окшош эле болду, бирок үчөөсүнүн жыйынтыгында карама-каршы айырмачылыктар чыкты. Мисалы, алардын бири «каныңда кант көп», экинчиси «богок менен ооруйсуң», үчүнчүсү «бооруң ооруйт» деген жыйынтык чыгарышты. Мындай жыйынтыктан кийин аркасынан көп анализден өтүш керек болот. Негизинен ар бир лабораториянын көрсөткүчтөрү 100 пайыз бирдей болбойт. Бирок дүйнөлүк стандартта ар бир лабораториянын жыйынтыгындагы айырмачылыктар 10-15 пайыздан ашпаш керек.
Ар ким эле акчасы болсо лицензия алып лаборатория ачып өзү билгендей иштебеши керек. Анткени бул ашкана, фабрика же айыл чарба тармагы эмес, бул элибиздин ден соолугу.
«КИМГЕ ИШЕНЕРИМДИ БИЛБЕЙ КАЛДЫМ»
Анализи ар түрдүү чыгып жаткандардын бири Нурбек Каналбек уулу өз башынан өткөн окуяны төмөндөгүдөй баяндап берди:– Былтыр күздө бөйрөгүм ооруганынан Таластагы жеке менчик дартты аныктоо борборуна барып урологго текшерилдим. Кан тапшырып, тестирлөөдөн өткөргөн соң «оң бөйрөктө шишик бар экен» деди. Бир сыйра дарылансам басылып калган. 1-2 ай өтпөй кайра ооруп баштады. Анан Бишкекке келип Мамбет Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборуна текшерилсем «сол бөйрөгүңдө шишик бар» дешти. «Таластан оң бөйрөктө дешти го» десем, «анда бул жакка барсаң так аныктап беришет» деп бир жеке менчик клиникага жиберишти. Ал жакка барсам канды текшерүү эле 3 миң сом экен. Алар «оң бөйрөгүңдө» дешти. Андан соң Республикалык дартты аныктоо борборуна келип текшерүүдөн өтсөм «шишик сол бөйрөгүңдө» дешти. Эми булардын кимисине ишенеримди билбей башым каткан учурум. Ары-бери чуркап убактым дагы, акчам дагы короп жатат.
«10 МИҢ СОМГО АЛДАП КЕТИШТИ»
Биз Республикалык дартты аныктоо борборуна барып, ал жерден Юлия Сайлоубаева аттуу Казакстандын жаранына жолугуп калдык. Ал билбестиктин айынан жеке менчик дарт аныктоо борборлорунун бирине барып текшерилип, алданып калгандыгын айтып өттү:– Былтыр август айында Бишкекке келип, Жал кичи районундагы балдар ооруканасына кызымды дарылатып кеткен элем. Дарыгерлердин мамилеси, кыргыз элинин меймандостугу жаккан. Менин бетимдин териси да бузулуп кеткен. Казакстандагы дарыгерлерге кайрылсам аллергия дешип, 3 жыл дарылансам да айыкпай койгон. Бишкекке келип текшертип кетүүнү туура көрүп, быйыл дагы келгенбиз. Республикалык дартты аныктоо борборунун жанынан аялдар жолугуп, колубузга 1 баракча карматышып, анан бизди «бул жакта жаман дарылашат, башка жакта жакшы жеке клиника бар» деп бир көп кабаттуу үйдүн алдына жайгашкан кеңсеге ээрчитип барышты. Ал жактан текшерүүдөн өтсөм жыйынтыгында «грыжаң бар экен, бетиңдин терисинин оорусу күчөп кетиши мүмкүн» деп толтура дарыларды жазып беришкенинен 10 миң сомго дары сатып алдык. Кайра Республикалык дартты аныктоо борборуна келсем жакшы кабыл алышып, дартымды туура аныктап беришти. Көрсө, менин бетим бет кенеси деген оору менен жабыркайт экен.
«ШЫЛУУНДАРДЫ ТЫЯ АЛБАЙ ЖАТАБЫЗ»
Республикалык дартты аныктоо борборунун бөлүм башчысы Өмүрбек Дүйшөмбиев жогорудагы каарманыбызга окшоп шылуундардын кылтагына илингендер көп экенин айтат:– Биздин борбордон текшерүүдөн өтүш үчүн республиканын булуң-бурчунан, коңшу өлкөдөн жарандар келишет. Эшиктин алдында колуна баракчаларды кармап жүргөн кишилер дартын аныктоого келе жаткандарды кирери менен эле колунан кармап, «бул жактын аппараттары эскирген» деп өздөрүнүн кеңсесине жетелеп кетет экен. Өздөрүнүн компьютерине жөн эле 2 зымды туташтырып кардарларынын колуна байлап, «сен грыжа экенсиң, бөйрөгүң ооруйт экен» деген сыяктуу толтура ооруларды жазып берип, кайра аларга өздөрүнүн дарыларын кымбат сатышат.
Былтыр мындай бир окуя болгон. Таластан бир кишини кызы бул жакка алып келе жатса, эшиктин алдынан тигилер тосуп алып кетишет да, текшерип бүтүшкөн соң «сенин ичеги-карыныңда курт бар экен» деп 8 миң сомго дары сатышыптыр. «Ушул дарыны ичип үйдө жата бергиле, анан 10 күндөн кийин кайра бул жакка келгиле» деп коюшуптур. Ал киши ишенип дарыны ичип жата берет. Көп узабай боору чоңоюп, көздөрү саргарып кеткенинен ооруканага барышса сарык болуп чыгат. Анан жандандыруу бөлүмүнө жатып калыптыр. Кызы келип тигилерди издеп жүргөн. Ал эми атасы эмне болгонун билбейм.
Ал кишилер, мындайча айтканда, элдин ден соолугу менен ойногон шылуундар да. Дипломдору да жок. Бул көрүнүштү кантип токтотуп, кандай чара көрөрүбүздү да билбей калдык. Атайын эшиктин алдына «шылуундарга ишенбегиле» деп да эскертүү жазып койдук. Эшиктин алдына видео көзөмөл да койдук. Ал жактан баары көрүнөт да, кишилер алыстан келатканда эле сүйрөп кетип жатышат. Биздин жетекчилик деле бул боюнча көп жерлерге кайрылды. Милиция кызматкерлери келип кубалашса да кетишпейт.
«АК ХАЛАТЧАНДАРГА» АЛДАНГАНДАР КӨП
Биз андан соң Республикалык дартты аныктоо борборунун алдында турушкан жеке менчик лабораториялардын «жарнама бөлүмүнүн кызматкерлерине» жолуктук. Биздин журналист экенибизди билбеген алардын бири ымандай сырын ачты. "Текшерүүдөн өтүү акысы 1000-1200 сом. Кардар ээрчитип барган киши ошол акчанын 30 пайызын, андан тышкары эгер кардар дары-дармек сатып алса анын 20 пайызын алабыз" дешти. Андан соң калп эле кардар болуп койсок, бир аял бизди Киев жана Совет көчөлөрүнүн кесилишиндеги көп кабаттуу үйлөрдүн бирине кычык-пычык аркылуу ээрчитип барды. Тилекке каршы, ал жакта иштеп жатышкан «ак халатчандар» биздин фотоаппарат менен камерабызды көргөндө эшигин бекитип, ачпай коюшту.
Мына, окурман, учурдагы медицина жаатынын абалы ушундай баш аламан. Дартын аныктоодо кимисине ишенерин карапайым калк эмес, министр өзү да билбей, аң-таң. Ал эми өзүм билемдик менен иш алып барып жаткан жеке менчик медициналык борборлорду көзөмөлгө ала албаган өкмөттө күнөөбү же шылуундарга алданып жаткан өзүбүздө күнөөбү? Жеке менчик медициналык клиникалардын көпчүлүгү бийликте отургандардын бизнеси экени жашыруун эмес. Андыктан министрдин изги тилеги ишке ашар бекен?..
МААЛЫМАТ ҮЧҮН
Асхат Субанбеков
koom@super.kg