ДЖИ (сериал)

(Башталышы өткөн сандарда)

Джи болсо эч нерседен кем болгон жок. Эрке-талтаң болуп чоңойду. Бой көтөрүп, анча-мынчаны теңине алчу эмес. Эмнени жашырайын, мен деле ошондой чоңойдум. Мектепте жалаң ушундай бардар үй-бүлөнүн балдары чогуу жүрчүбүз.
Антон, Лера жана мен мектепти эрте бүттүк. Түнкү жашоо башталды. Окуу жайга тапшырып койгонубуз менен, барчу деле эмеспиз. Джи мектептен чыкканда аны ээрчитип алып клубдарда эле жүрчүбүз. Өпкөбүз көөп, кутурдук. Джи мектепти бүтүргөн жылы Таиландга эс алууга жолдомо алдык да, кетип калдык. 15 күн эс алмакпыз. Балээнин баары ошол жактан башталды,- Сергей Жанарды карап оор үшкүрүнүп алды.
Бангкокто түнкү клубда эс алып жүрсөк, Антон «отелге кеттик» деп калды. Өзүнчө эле сырдуу. Мас элек. Отелге жөнөдүк. Барарыбыз менен эле Антон «мен силерге чыныгы жашоону көрсөтөм» деп кандайдыр бир таблеткаларды алып чыкты. «Экстази» экен. Анда эмне, бизде акча толтура болчу. Ар түрдүүчө эс алар элек. Бул кичинекей дарылар ошондой эс алуулардын катарында эле көрүнчү. Ага чейин деле татып көргөнбүз, бирок Таиланддагы таблеткалар төртөөбүздү жинди кылып салды. Эмне кылып жатканыбызды билбептирбиз. Эртеси кадимки суусаган кишилердей ошол таблеткаларга зар болуп турдук. Антон таап алып келди. Мен ал эмнеден жасалганын азыркыга чейин билбейм. Бирок биздин баңги болуп кетишибизге ошол таблеткалар таасир эткенин даана билем. Москвага келген соң төртөөбүз тең сайына баштадык. Башка «экстазилерди» тоготпой калдык. Таиланддагы таблеткалар берген таасирди бир гана героин бере алат экен. Адегенде ата-энелерибиз билген жок. Биз деле каалаган күнү баңгиликти токтотуп коёбуз деп ойлодук. Бирок биз байланып калганбыз.
Адегенде эле Леранын ата-энеси билип калды. Ал акчасы калбай калганда атасынын акчасын уурдаган экен. Үйүнөн качып, Антондукунда жашап калды. Кийин Джинин ата-энеси билди. Колдогу көк тактарды жашыра алмак эмеспиз. Кызын зордоп эле наркологиялык ооруканага алып барышты. 1 жумадан кийин Джи ал жактан качып чыкты да, баарыбызды өзүнүн атасы белек кылган батирине чакырды. Калтырап-титиреп болбой калыптыр. Келип сайындык. Төртөөбүз ошол батирде жашап калдык. Кулпуларды алмаштырып алганбыз. Джи ата-энеси келгенде аларды оозго алгыс сөздөр менен каргап жолго салды.
10 күн өтпөй акчабыз түгөндү. Бизге героин саткан грузин Ашотко Джи менен Лера денесин бир доза үчүн саткан күндөр келди.
Бир ирет Джинин атасы эңгезердей эки балага эшикти талкалатып туруп кирип келди да, кызын алып кетти. Дарылатмакчы болгон экен. Бирок Джи үйүнөн качып чыгып, милицияга «атам мени зордуктады» деп арыз жазып салыптыр. Ошондон кийин Мурат байке кызынан көңүлү калды окшойт, Джиге кол шилтеп койду.
Бирок апа деген түтпөйт экен. Джинин апасы Маржан эже кызына акча ташыганын токтоткон жок. Жалдырап ыйлап-ыйлап кетет. Сен ойлоп калба, ата-энебиз бизди токтотууга аракет кылган эмеспи деп, Антон да, мен да, Лера да наркологиялык ооруканага жатып чыктык. Ата-апаларыбыз бизди ур-токмокко да алышты. Бирок төртөөбүздө тең героинди таштай турган ниет жок болчу. Төртөөбүз өз дүйнөбүздө бактылуу элек. Ата-энебиздин күйүп-бышканына түшүнө алчу эмеспиз. Жинди экенбиз. Ата-апаларыбыздын үмүтү үзүлгөн жок дечи. Ойлоруна койсоң, бизди дүйнөнү түрө кыдыртып дарылатчудай, бирок биз өзүбүз баңги болгубуз келип туруп алды. Биз ушул жашоону тандадык.
Ошентип жүрө берип баягы 4 жиндиден акыры баарынын көңүлү калды. Джи менен Лера көчөгө сойку болуп иштегени кетишет. Антон экөөбүз аларды күтүп, калтырап-титиреп эшиктен көз албай отурчу элек. Алардын тапкан акчасы бүт героинге кетет. «Кой, мындайды токтотолу» деп бирөөбүз да үн чыгарбаптырбыз. Токтото да алмак эмеспиз.
Бир күнү көчөдөн түн ортосунда Лера жалгыз келди. «Джи кайда?» десек, бирөөлөр бир түнгө алып кеткенин айтты. Үчөөбүз сайындык да, бурч-бурчка бүрүшүп жатып калдык. Бирок Джи эртеси келген жок. Анын эртеси да сураштырып таба албай койдук. Арадан 1 жума өткөндө гана Антон «Джинин ата-апасына айтышыбыз керек. Ал өлүп калган болсо, бизден көрүшөт» деп чыкты. Барып болгонун болгондой айтсак, атасы үчөөбүздү тең милициянын колуна салып, каматып койду. Ал жактан көргөн азабыбызды айтпа. Денең героин талап кылганда сөөктөрүң бырчаланып сынып жаткандай эле болот. Тилиң сыртка чыгып, тамагың өрттөнөт. Тирүүлөй күйүп жаткандай эле болосуң. Менттер деле коркушту окшойт, аз-аздап ташып берип турушту. Аларга Джинин атасы катуу табыштаган экен.
10 күндөй милицияда жаткан соң бизди коё беришти. Аз эле жерден киши өлтүрдү деген күнөө менен кетип кала жаздадык. Кудай жалгап Джи тирүү калыптыр.
Аны таанылгыс кылып бирөөлөр сабап, шаар четиндеги таштанды челекке таштап кетишиптир деп уктук. Милициядан чыксак, Джинин атасы Мурат байке күтүп жатыптыр. «Эми менин кызыма жолобогула. Болбосо кайра каматам» деди да, колубузга 1-2 дозага жеткидей акча карматты. Джинин батирин болсо бекитип коюптур. Барарга жер жок калдык. Джинин кайсы ооруканага жатканын билбейбиз. Ошону менен 2 айдай өтүп кетти. Айла кеткенде мен өз үйүмө келдим. Аз өтпөй апам жүрөк оорудан каза болуп калды. Атам үйдү мага таштады да, «мени издебе, ушул жагына ыраазы бол» деп башка жакка көчүп кетти. Антон досум болсо бир үйгө уурулукка кирип соттолуп кетти. Лера дагы деле сойку болуп жүрөт.
Бирок мен Джи менен көп кабаттуу үйдө кошуна туруп, аны 1 жылдан ашыгыраак көргөн жокмун. Кабарын да биле албадым. Бир күнү таң атпай лифтке түшсөм, спорттук кийим кийип алып Джи турат. «Ээ, кандай?» деп эски тааныштардай учурашып, кучактап жибердим. Анын жүрөгү түшүп калды. Көздөрү алайып, «мага жакын жолобо!» деп бакырды.
– Эй, сага эмне болгон? Бул мен, Серж,- десем.
– Тааныбайм,- дейт.
– Кандай тааныбайсың? Мен сенин досуңмун,- десем да болбоду. Чын эле тааныбай калыптыр. Таң калдым. Ишене албай турдум. Мурунку жашоосун унутайын деген го деп ойлодум. «Жакын жолосоң, милицияга салып берем» дейт. Корктум. Оозумду ачып сүйлөй албай эле туруп бердим...

(Уландысы кийинки санда)

Марат Жанбараков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (28)
Koenek93
2016-04-25 12:16:15
Арууке олбой калыптыр да, Джи олуп. Экоо алмшып калыптыр да. Эми Арууке озуно келсе экен.
+2
admin_superstan
2016-04-25 12:39:35
12katya21, cайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
Gulu96
2016-04-25 13:03:40
Мен акыркыы
+1
aqua.94mema
2016-04-25 14:29:53
Ошондо бул экоо окшош кыздар болобу ? Тан калуудан тажабай турам .
0
tursunai98
2016-04-25 14:56:15
акмак экен джи аруукесин тапканына кубантам ЖАНАРДЫ
+1
altyn2015
2016-04-25 16:38:12
Кызык болуп баратат ко.
0
adi.sumi
2016-04-25 21:09:25
ой бой мен эртеден бери сусап окуялбай атып эми окусам,... Азкен тойбой калдым,.
+1
tina-janka
2016-04-25 21:32:59
фантастика кобуроок болуп кетиптир го
+1
bayaman9719
2016-04-27 01:32:10
tina-janka,фантастика жок бул жерде
0
Zarger59
2016-04-25 22:15:34
Аябай кызык болуп кеттиго бул жагы.
0
Zarger59
2016-04-25 22:18:30
Жанар ох максатына жетет окшойт эми.
0
Арык киши
2016-04-25 23:22:05
Экинчи сериал окубайм деп сөз бердим өзүмө. Анткени ушундай кызыкканымдан күн санай баштадым.
0
Joke_95.kg
2016-04-26 00:09:04
Жанар эми эмне кылат бул жагы Кызык болото
0
Barchynka2016
2016-04-28 15:21:56
Абдан жакшы чыгарма экен китеби бар болду бекен
0
Aisuluu160790
2016-04-30 13:31:37
ДЖИ деген кино тартса сонун болмок. Менимче ДЖИ бул Арууке болсо керек. Эн кызыгы ата энеси тааныган жокпу дейм да?
0
Aisuluu160790
2016-04-30 13:32:14
Эми дагы бир жума кутуу
0
№ 703, 22-апрель-28-апрель, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан