Нияз – Ильяз Абдыразаковдун бир тууган иниси. Ал дагы агасынын жолун жолдоп ырчы, обончу, аранжировкачы болуп эмгектенип келет. Ильяздын концерттерин уюштурууга жардам берип жүрүп шоу чөйрөгө аралашкан Нияз «Казакстанда иштеп жүрүп «All Давай», «Меломен» топторуна, Гадилбек Жанай жана башка ырчыларга обон жазып бергем»,- дейт.
Туулган жылы, күнү – 1990-жыл, 1-ноябрь
Туулган жери – Баткен облусу, Кызыл-Кыя шаары
Бою – 178 сантиметр
Салмагы – 60 килограмм
Репертуарындагы ырлары – «Кайрылбаймын», «Сагынганда», «Тун сүйүүм», «Аячы мени» жана башкалар
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок
– Нияз, казак ырчылары менен кандайча иштеше баштадың эле?
– Алматыда продюсерлик борборлор менен иштешип, жаңы чыгып келе жаткан ырчыларга обон чыгарып берип жүргөм. «All Давай», «Меломен» топтору, Гадилбек Жанай деген ырчылар менен Ильяз аркылуу таанышкам. Обондорумду казактарга 300-1500 долларга сатчумун. Кудайга шүгүр, казактардын көбү менен достоштум, азыр барсам мени сый менен тосуп узатышат.
– Казакстандын шоу-бизнесинен кабардар ырчы катары бизге кандай жаңычылдык киргизгени жатасың?
– Казакстандык ырчылар кесибине жоопкерчиликтүү мамиле кылышат. Биздикилер болсо сахнасын жасабай эле концерт берип, музыканын сапатына көңүл бурушпайт. Буюрса, ырларымды сапаттуу кылып жаздырып, жандуу үн менен концерт берсем дейм. Эң башкы максатым – калың элге таанылып алган соң сүйүү, махабат тууралуу ырларды жыйыштырам да, бизди жараткан Кудай, ата-эне тууралуу ырларды аткарам.
– Бизде сүйүү тууралуу ырдасаң эле элге алынат деген нерсе жок да?
– Менин күйөрмандарым жаштар болгондуктан махабат темасындагы ырларды жакшы кабыл алышат деп ойлойм. Орто муунду эске алып, Бек Борбиевдин «Эркинай» деген ырын жаңылап жаздырып жатам.
– Сени Ильяздын иниси катары тааныйбыз. Экөөңөрдүн мүнөзүңөрдө кандай окшоштуктар бар?
– Экөөбүз таптакыр эки башкабыз. Ильяздын мүнөзү оор, чечим кабыл алуу үчүн көпкө ойлонуп жүрө берет. Мен болсо шайырмын, көп сүйлөйм, эл менен бат тил табышам, бардык нерсени тезирээк жасап салгым келет, чечимди бат чыгарам. Сахнада өзүбүздү алып жүргөнүбүз да башкача. Бирок үнүбүз аябай окшош, кээде мен аткарган ырларды «Ильяз ырдап берген окшойт» дешет (күлүп). Ошондуктан өзүм ырдаганымды далилдөө үчүн Баткенде гастролдоп жүргөндө жандуу үн менен концерт койдук.
– Сени «Ильяздын артынан чыкты» деген сөздөр капа кылбайбы?
– Жок, негизи ошондой эле болду да. Ильяздын окуучусу болдум, аны көрүп өстүм. Анын убагындагы Мирбек Иманбеков, Султан Садыралиев, Акбар Сүйүнбаевди көрүп ырчылыкка кызыктым. Ал кезде алардан башка эч ким жок болчу. «Мен да силерге окшоп ырчы болом» десем, Мирбек Атабеков «сенден келечектеги жылдызды көрөм» дечү.
– Артка кылчайып, балалык күндөрдү эстеп өтсөң...
– Ильяз экөөбүз азыркыга караганда кичинекей кезибизде ынтымактуу, ынак болчубуз. Азыр чоңоюп, бири-бирибизге сырларыбызды айтып ачыла албайбыз. Бала кезди эстегенде айыл, экөөбүз ойноп жүргөн кездер көз алдыма тартылат. 5 жашта болсом керек, ал убакта биздин айылда волейбол ойногон мода болчу. Бир күнү Ильяз эшикке таштарды тизип, аларды сырдап волейбол аянтчасын жасап коюптур. Экөөбүз жакшы эле ал жакта ойноп жатканбыз. Бир маалда алыста той болуп жаткан жерден музыка угулганда Ильяз топту кармаган бойдон катып туруп калды. Бир аздан кийин эсине келип топту ыргытып, чуркаган бойдон тойго кетти. Кечинде апам экөөбүз ошол жакка барсак, Ильяз столго чыгып алып Ямаханы берилип ойноп жатыптыр. Карасак акчалар кийимдерине кыстарылган, музыканттар болсо аны угуп карап отурушат (күлүп).
– Бойдокторго көп берилген суроолорду бергим келип турат. Табитиңдеги кызды сүрөттөп кетпейсиңби? Сени жактырып жүргөн бийкечтер билип алышсын.
– Баарыбыз эле жакшы кыз жагат дейбиз. Бирок ким кандай жүрсө, маңдайына ошондой адам туш болот экен. Ыймандуу, жакшы кызга үйлөнгүм келет. Ошондуктан түз жолдо жүргөнгө аракет кылам. Менин оюмча, эрте эле үйлөнүш керек, антпесе эркектин кыздарга болгон ою бузулуп кетет.
– Минтип айтып жатканыңа караганда бул нерсе башыңдан өткөн го?
– Азыр кайсы эркек түз жүрөт? Баары эле өлүп бараткансып «тээтиги кыздын номерин албайсыңбы, чакырбайсыңбы?» деп калышат го (күлүп). Менде деле мындай учурлар болгон.
– Ошондо чыныгы ашыктык сезимдерине курчала элексиңби?
– Сүйүү 1 эле жолу келет деп ойлоп калдым. 2-3 жыл мурун бир кызды катуу сүйгөм. Ал үчүн колумдан келген да, келбеген нерсени да кылам дечүмүн. Бир сөз менен айтканда, башым айланып, акылымдан адашып калгам. Бирок ал кыз экөөбүз азыр бирге эмеспиз. Андан бери бир топ убакыт өттү, андай таттуу сезимдер жүрөктө жашай элек. Балким, сүйүп калчу адамга жолуга электирмин.
– Сезимдерин арнаган күйөрман кыздар болуп жатабы?
– Студияга чейин издеп келип сүрөтүм түшүрүлгөн идиш-аяктарды белек кылган кыздар да бар. Жолугушууга чакыргандары, жагымдуу сүйлөп арбап алгандары да болот. «Ырдаган күнөө, намаз оку, үйлөнбөйсүзбү» деп жазышат. Менин да ушундай адептүү күйөрмандарым бар экен деп сүйүнүп калам.
– 25 жашка чыгыптырсың. Үйлөнбөсөң деле өзүнчө бөлүнүп жашайын деген ой барбы?
– Жок, Алматыда жалгыз жашагандан тажап бул жакка келбедимби. Бөлүнгөндө эмне, 2 эле бир тууганбыз. Азыр мага жыргал, жеңеме эркелеп даамдуу тамак жасатып жейм. Ильяздын балдарын карап эзилип, мен дагы ушундай уулдуу болсом деп кыялданып калам.
– Биздин ырчылардан кимиси менен дос мамиледесиң?
– Ырчылардын баары менен жакшы мамиледемин. Нурлан Насип, Дайыр Исмадияров, Данияр Эрматов, Нурмат Садыров, Аваз Акимов жакын достордон эмеспи, аларды ырчы боло электен бери тааныйм. Бирок эмнегедир тыгыз мамиледе эмесмин. Бул деле жакшы болсо керек, себеби алардан өзгөчөлөнүп башка багытта чыккым келет. Мен деле эч нерсени кыйрата элекмин деңизчи. Бирок кылайын деп аракет кылып жатам. Ырчылардан Алихан эң жакын досум. Экөөбүз кышында тоого чыгып сноуборд, лыжа тебебиз.
Динара Абдыкадырова
star@super.kg