СПАГЕТТИГЕ ДААМДУУ СОУСТАР

Спагеттинин мекени Италия. Анын узундугу 15 сантиметрден ашык болсо, жоондугу ар түрдүү. Ичкелери «спагеттини» деп аталса, жоонураактары «спагеттони» деп аталат. Бул азыкты сууга бышырып, үстүнө ар кандай соустарды кошуп дасторконго койсок болот.

БОЛОНЬЕЗЕ СОУСУ

Фарш – 400 грамм
Кызыл шарап – 2 аш кашык
Кетчуп – 3 аш кашык
Помидор – 800 грамм
Райкан – 1 аш кашык
Орегано – 1 аш кашык
Лавр жалбырагы – 1 даана
Сыр – 100 грамм
Зайтун майы – 4 аш кашык
Пияз – 1 баш
Сабиз – 1 даана
Сарымсак – 2-3 тишче
Спагетти – 400 грамм

Татымына жараша туз

ДАЯРДОО ЫКМАСЫ:

  1. Көмөч казандагы май ысыганда фаршты салып, эт күрөң түскө келгиче кууруп алабыз.
  2. Андан кийин төрт чарчы тууралган пиязды, узун-узун тууралган сабизди салып аралаштырабыз. Бир аз куурулган соң шарап куюп, төрт чарчы тууралган помидорду, лавр жалбырагын, кургатылган райкан жана ореганону салып демдеп коёбуз.
  3. Соңунда кетчуп, майда тууралган сарымсакты кошуп, лавр жалбырагын алып салабыз.
  4. Соус бышкыча спагеттини кайнап жаткан сууга салып бышырып алабыз. Бышырып жатканда мискейдин капкагын бир аз ачып коюңуз. Тарелкага спагеттини салып соус куюп, үстүнө сүргүчтөн өткөрүлгөн сырдан себелеп, көк чөптөр менен кооздоп коёбуз. Тамак даяр, конокко узатсаңыз болот.

ТОМАТ СОУСУ

Помидор – 8 даана
Өсүмдүк майы – 30 грамм
Пияз – 1 баш
Сарымсак – 3 тишче
Кумшекер – 30 грамм
Томат пастасы – 100 грамм
Орегано (кургатылган) – 1 аш кашык
Спагетти – 400 грамм
Татымына жараша туз

ДАЯРДОО ЫКМАСЫ:

  1. Пиязды, сарымсакты майда тиштүү сүргүчтөн өткөрүп, көмөч казанга кууруп алабыз.
  2. Анан сырты аарчылып, төрт чарчы тууралган помидорду салабыз да, отту азайтабыз.
  3. Көмөч казандагы азыктар коюуланып пюре болуп калганда кумшекер, орегано, томат пастасын, туз кошобуз да, бир аз демдеп коёбуз.
  4. Спагеттини сууга бышырып алып тарелкаларга салып үстүнө соустан куюп, көк чөптөр менен кооздойбуз.

ЫШТАЛГАН КОЛБАСА МЕНЕН

Ышталган колбаса – 300 грамм
Жумуртка – 3 даана
Пармезан сыры – 50 грамм
Сарымсак – 2 тишче
Зайтун майы – 100 грамм
Спагетти – 400 грамм
Татымына жараша туз, кара мурч

ДАЯРДОО ЫКМАСЫ:
Көмөч казандагы май ысыганда узун, ичке тууралган колбаса менен сарымсакты 5 мүнөттөй кууруп алабыз. Андан кийин жумуртканы, сүргүчтөн өткөрүлгөн сырды салып аралаштырабыз. Соңунда туз, мурч салып, сууга бышырылган спагетти менен аралаштырып, тарелкага салып көк чөптөр менен кооздойбуз.

СПАГЕТТИНИ КАНТИП БЫШЫРУУ КЕРЕК?

  • 100 грамм спагеттини 1 чай кашык туз кошулган 1 литр сууда бышыруу туура.
  • Спагеттини бөлбөстөн узун-узун боюнча бышыруу керек. Кайнак сууга бир аз өсүмдүк майын куюп, спагеттини салып жай отто 8-10 мүнөт бышыруу туура.
  • Бышканда сүзгүч менен сүзүп алып 3 мүнөттөй кармап суусун сарыктырып, бир аз өсүмдүк майы менен майлап коюңуз.

Сүйүн Кулматова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
Pantherka
2016-04-25 10:45:40
Вааай рахмат ото издеп журждум эле!
+4
Jaigz
2016-04-25 11:10:01
орегано бизде сатылабы?
0
Magi9
2016-04-25 15:17:46
Jaigz,оа
+1
vangolu
2016-04-28 11:12:09
Jaigz,толтура специи саткан жерден табасыз 10 сом
+1
nari94germanya
2016-04-25 13:36:03
Menin syiyktyy tamagym.germanyada baary yshyny jeshet! En bat daiardalat chyn ele.
-1
altyn2015
2016-04-25 16:30:14
Соонун тамактар. Жасаш керек. Рахмат!
+2
SALIA
2016-04-25 17:52:53
сонун экен
+2
muha.kg.kg
2016-04-25 19:51:33
Рахмат жакшы эке
+4
Nazik0116
2016-04-26 00:40:48
Мен жакшы көргөн тамак :)
+1
Jamaksana8988
2016-04-26 06:34:42
Менда жакшы коргон тамак, бат даяр болот лимон мн жесен ммммм
+4
kaidiger
2016-04-26 21:33:22
спагеттини кетчуп менен эмес томатный соус менен жасаса соонун болот (долмио барилла хайнз мамма миа)
0
№ 703, 22-апрель-28-апрель, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан