Жакында Москва шаарында өткөн «Жаңы толкун-2016» сынагынын жарым финалына Курмангазы Азыкбаевдин уулу Нурсултан Азыкбаев катышып, финалга жолдомо алды. Аны коштоп ырчы Айбек Замиров жана музыкант Азамат Такырбашев барышкан. 6 жашынан бери ырдап, 12 музыкалык аспапта ойной алган Нурсултан 3-9-сентябрда Сочиде өтө турган сынактын финалында Кыргызстандын атынан чыкмакчы.
Ошондой эле Гүлнара Тойгонбаеванын студиясында окуган Вероника Инкико да «Балдар жаңы толкуну-2016» сынагынын финалына жолдомо алды.